Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин күтүлбөгөн жерден Руфь али мунун баарын түшүнгөн деңгээлге жете электигин ойлоп, чочуп кетип токтоп калды.

— Вейнингер ким экенин билбейм, — каршы чыкты Руфь, — сиз дайыма баарын абдан начар жыйынтыктайсыз, ошондуктан мен көп учурда сиздин оюңузду түшүнө да албай кетем. Менимче эгерде редакторлор...

— Мен болсо сизге айтып жатам, — деди ал Руфтун сөзүн бөлүп, — бардык редакторлор, жогеле дегенде алардын токсон тогуз пайызы — жөн эле жолу болбой, ооматтан тайгандар. Булар жазуучу боло албай калгандар. Буларга чыгармачылыктын кубанычына берилгенден көрө, редакциянын арабасын кылдыратып, журналдын ийгилигине, басмакерлердин айланган акчасына кулдай күнкөр экенин моюнга алуу жагымдуураак деп ойлобоңуз. Алар деле жазганга аракеттенишкен, бирок ийгилиги болгон эмес. Акыл жеткис карама-каршылык ушул жерде жатат. Адабий ийгиликтин бардык эшиктери эми мына ушул кароолчу иттер — адабияттан жолу болбогондор тарабынан кайтарылып турат. Редакторлор, алардын жардамчылары, рецензенттер — койчу, кол жазманы кимдер окуса, ошолордун баары бир кезде жазуучу болгусу келгендер, бирок буга алардын дүрмөтү жеткен эмес. Ошентип талант дегенден таптакыр айтпаган булар эми адабияттын тагдырын калчап, эмнени басып, эмнени баспаш керек экенин чечип отурушат. Генийге сын таккандар мына ушул жарыбаган байкуштар болуп атпайбы. Алардын артынан келаткан сынчылар деле тигилердей эле иши оңунан чыкпагандар. Сиз мага алар эч качан ыр же проза жазууга аракеттенишкен эмес, бул туурасында  кыялданышкан да эмес деп айтпай эле коюңуз, — алар өзүн сынап көрүшкөн, бирок мындан таш балекет да чыккан эмес. Жанагы журналдардагы сын макалалардан кишинин жүрөгү балыктын майына кускуң келгендей айланат. Сиз менин сынга карата болгон көз карашымды жакшы билсеңиз керек. Нукура улуу сынчылар бар, бирок алар бир жанып өчкөн куйруктуу жылдыздай өтө сейрек кездешет. Эгерде мен жазуучу болбой калсам, сөзсүз редакторлукка барам. Бул болбоду дегенде бир сындырым нан тапканга жарайт, жараганда да майы менен.

Бирок Руфтун зирек акылы сүйгөнүнүн пикириндеги карама-каршы айтылган ойлорду ошол замат сезе койду.

— Болуптур, сиз айткандай, редакциялардын эшиги таланттуу адамдарга жабык болсо анда улуу жазуучулар кантип чыккан?

— Алар колдон келбегенди жасашкан, — деди ал, — алар жалыны алоолонгон, мыкты чыгармаларды жазышкандыктан, душмандары алардын өртүнө күйүп, күлгө айланышкан. Алар миңден бирөөнүн бактысына жаралчу кереметтин аркасы менен ийгиликке жетишкен. Алар жеңүүгө мүмкүн болбогон Карлейдин алптарына окшош, буюрса, мен да ошолордой болом. Мен да колдон келбегенди жасайм.

— Бирок мунуңуз ишке ашпай калса эмне болот? Сиз мени да ойлошуңуз керек, Мартин!

— Эгерде ийгиликке жетпей калсамбы? — Ал кыз ойго келбес бирдемени айткандай, таң кала карап калды да анан көздөрү жана түштү. — Анда мен редактор болом, сиз болсо редактордун аялы болосуз!

Руфь кабагын бүркөмүш болду эле Мартин ошол замат анын бетинен аймалап, жазып жиберди.

— Коюңузчу, жетишет эми, — каршылык көрсөтүп калды Руфь, анын  азгырма таасиринен бошонууга аракет кылып, — мен ата-энем менен сүйлөштүм. Алар менен эч качан минтип кармашкан эмесмин. Урмат-сыйды жыйыштырып коюп эле болгонун айттым. Алар экөө тең сизге каршы чыгышты, бирок мен сизди сүйө турганымды ушунчалык катуу айткандыктан, акыры атам сизди кеңсесине алууга макул болду. Алтургай, атам сизге экөөбүздүн жашообузга жетишерликтей дурустап маяна да төлөп бермей болду, экөөбүз баш кошуп, чакан бир үйдө өзүбүзчө жашай беребиз.  Бул анын бизге кылган чоң жакшылыгы, туурабы Мартин?

Мартин тула боюн каптап келген аргасыздыктан жүрөгү кысыла түшкөнүн сезди. Ал көнүмүш адаты менен тамеки, кагаз издеп, чөнтөгүнө колун салды, (ал эчактан бери жанына тамеки албай калган) да бирдемелерди күңкүлдөп койду.

Кыз сөзүн улантты:

— Ачык айтканда, бирок сиз таарынбаңыз, сиздин кескин көз карашыңыз атама таптакыр жакпайт, андан тышкары, ал сизди жалкоо деп эсептейт. Бирок сиздин жалкоо эмес экениңизди мен билем да. Тынымсыз көп иштегениңизди да билем. «Жок муну, жадагалса бу да билбейт турбайбы» деп ойлоду Мартин, бирок минтип гана сурап койду:

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.