Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Сен да мени эч нерсеге жетише албайт деп ойлойсуңбу? — сурады Мартин.

Гертруда башын чайкап койду.

Мага өзүмдөн башка эч ким ишенбейт, Гертруда, ал муну ысык ызасына муунгандай айтты. — Бирок мен бир топ сонун нерселерди жазып салдым, эртедир кечтир аларга акча алам.

— Алардын жакшы экенин сен кайдан билесиң?

Анткени...— Ушул замат анын мээсиндеги адабият, анын тарыхы боюнча бардык билгендери кайрадан ойгонуп кетти, бирок эжесине өз ишеними эмнеге негизделгенин түшүндүрө албасын түшүндү. — Анткени менин аңгемелерим журналдарга басылып жаткандардын токсон тогуз пайызынан мыкты жазылган.

— Ошондой болсо да акылдуу кеңешти угуш керек, — деди Гертруда Мартиндин кесели эмнеде экенин туура түшүнгөндөй ишенимдүү. — Ошент Март, акылдуу кеңешти ук, — кайталады ал, — эртең болсо келип үйдөн тамак ичип кет.

Мартин эжесин трамвайга салып жиберди да почтого чуркап барып, үч доллардын көзүн карабай толтура марка сатып алды. Түштөн кийин Морздордун үйүнө бара жатып, жолдон почтого кирди да, эки пенсилик үч маркасын катып коюп, калганын бүт коротту, кол жазмаларын бир нече калың пакет кылып чаптап туруп, редакцияларга жөнөтүп жиберди.

Бул кеч Мартиндин эсинде кала турган болду, анткени ушул кечте ал Ресс Бриссенден менен таанышты. Бирок Бриссенден кайдан жүрүп, ким менен Морздордукуна келип калганын ошол бойдон билген жок. Ал буга кызыгып, Руфтан сурагысы деле келген жок, анткени өңү купкуу Бриссенден ага кызыксыз да болуп көрүндү. Бир саат өткөндөн кийин Мартин аны жүргөн бир дөөпай окшойт деп калды, анткени тиги улам бир бөлмөгө тартынбай этпей эле кире калып, сүрөттөрдү үңүлө тиктеп, столдо жаткан, текчеде тизилип турган китеп журналдарды улам шалдырата аңтарыштырып жүрдү. Анан тажаган окшоду, жанындагы адамдарды көзүнө илип койбой, кудум өз үйүндө жүргөнсүп, отургучка лык эте члакалап отуруп алды да, чөнтөгүнөн кандайдыр бир китепчени сууруп чыгып окуп кирди. Улум — улам суйдаң чачын сылап коёт. Мартин аны унутуп деле койду эле, бирок үлпөт аяктап калганда аны тегеректеп алган жаш айымдардын ортосунда отурганын көрдүп эстеди, кыязы, айымдар аны менен аңгемелешүүдөн абдан ырахат алып атышкандай.

Анан үйүнө кетип баратканда Мартин кокусунан Бриссенденге жете келди.

Салам! Бул сиз белеңиз? — деди.  

Тиги тоготпогонсуп бирдемелерди күбүрөгөн болду, бирок чогуу баса берди. Мартин аны кепке тартууга аракет кылган жок, ошентип экөө бир нече квартал өткөнчө унчукпастан жүрүп олтурушту.

— Көпкөн картаң эшек!

Күтүлбөгөн жерден кимдир бирөөнү минтип кескин сөгүп калганы Мартинди таң калтырып жиберди. Күлкүсү келе түштү, ошол эле маалда мына бул Бриссенден деген немени андан бетер жактырбай баратты.

— Сиз кайсы шайтан сайып ал жакка темселеп барып жүрөсүз? — деген сөздү укту Мартин экөө дагы бир көчө унчукпай баскандан соң.

— А, өзүңүзчү? — деди Мартин.

— Билсем өлүп кетейин, — Бриссенден жооп берди. — Менин ал жакка биринчи жолу барышым. Бир суткада жыйырма төрт саат бар болсо, аны эптеп өткөрүш керек да. Жүрүңүз, бирдеме сеп этели.

— Ичсе ичели, — макул болду Мартин.  

Айтаарын айтты да, ичинен дароо көнө калган тил алчаактыгын ашата сөгүп алды. Үйүндө күтүп турган толгон-токой жаза турган иши бар эле, андан тышкары түнү менен Вайсмандын томун окуп чыкмак, анан да ар кандай романдан артык көргөн Герберт Спенсердин өмүр баянын да дагы бир окумак.

«Эмне эле убакыт коротуп, кыртышым сүйбөгөн бул неме менен ээрчишип келатам?»— ойлоду Мартин. Бирок аны кызыктырганы бул жолоочу менен анын шарабы эмес, — жаркыраган күзгүлөр, төгүлгөн жарык, шаңгырап кагылган жылтыр бокалдардын чагылышканы, адамдардын тамылжыган жүздөрү менен бакылдаган үндөрү эле. Ооба, жашоодо ийгиликке жетишкен адамдар эми көңүлү куунак, тапкандарын минтип эч нерседен бейкапар ичип, жыргап отурушпайбы. Мартин кайгысы анын жалгыздыгында эле. Азга болсо да алаксыйын деп Бриссендендин чакырганына ошол замат макул боло койгону ошондон. Мартин «Кайнар Булакты» таштап, Джо менен коштошкондон кийин, алигиде бир жолу португал дүкөнчү аны сыйлаганын эсептебегенде, ошол бойдон бир да жолу шарапканага баш баккан эмес. Мээнин чарчаганы кара жумуштан чарчагандай ичкиликти анчалык деле талап кылбайт.  Андыктан Мартиндин көңүлү виного анчалык деле чапкан жок. Бирок азыр ичкиси келип кетти, башкача айтканда, каткырык менен кыйкырган үндөрдөн кулак тунган кичинекей шарапканын бака-шака түшкөн атмосферасына аралашкысы келип кетти. Алар кирип келген «Гротто» мына ушундай шарапкана эле.  Бриссенден менен Мартин кайыш менен капталган жумшак орундуктарга чалкалай, сода менен аралыштырылган  шотланд вискисин ууртап коюп отурушту.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.