Жек Лондон
Мартин Иден
— И, жана дагы бир нерсе, — деди Мартин сөзүн улай, — сиз мени сүйөсүз. Бирок эмне үчүн сүйөсүз? Мени жазганга шыктандырып, сизди мени сүйдүрүүгө мажбурлаган күч ушул эмеспи? Мени сиз айланаңыздагы адамдарга түк окшош болбогонум үчүн сүйөсүз. Мен мекеме, бухгалтердик китептер, майда-барат иштер үчүн жаралган адам эмесмин. Мени бул адамдар жасаган ишти кылганга мажбурлап көрүңүзчү, алар менен бир абадан дем алдырып, алар менен пикир алыштырып көрүңүзчү, — ошол замат алар менен менин ортомдогу айырмачылыкты жок кыласыз, мени, өзүңүз сүйгөн адамды жок кыласыз. Мендеги эң жандуу нерсе — бул менин чыгармачылыкка болгон ышкым. Эгерде мен адабият жөнүндө кыялданбаган, жүргөн бир катардагы кеңкелес болгонумда сиз мени карап да коймок эмессиз.
— Бирок сиз бир нерсени унутуп жатасыз — деди чөп башылаган акылы бирдемелерди салыштыра бергенге маш Руфь анын созүн бөлө. — Мурда деле бүткүл өмүрүн кандайдыр бир түбөлүк кыймылдаткычты ойлоп табууга арнаган апенди чалыш ойлоп тапкычтар болгон. Алардын аялдары кыязы, сүйүп, алардын ошол апендилигинин азабын чогуу тартышса керек.
— Туура, — деди Мартин, — бирок апенди эмес, өмүр бою кандайдыр бир чыныгы нерсени жаратуу үчүн жан үрөп, анан акыры максатына жеткен башка ойлоп тапкычтар деле болгон эмеспи? Мен деле ишке ашпай турган нерсеге асылып атканым жок го...
— «Мүмкүн болбогон нерсеге» жеткенди каалайм деп өзүңүз айтып жатасыз го?
— Мен муну элестүү түрдө айтканмын. Мен маңызында мага чейин өтө көптөр жеткен нерсеге: жазуучулукка, адабият эмгеги менен жашаганга умтулам.
Руфтун унчукпаганы Мартиндин итирейин келтирип турду.
— Демек, менин максатымды сиз түбөлүк кыймылдаткычты издегендей эле куру кыял деп эсептейт экенсиз да? — сурады ал.
Энеси тултуйган таарынчаак баласын соороткондой Мартиндин колун назик кысканы Руфтун анын суроосуна берген жообу эле. Руфка Мартин чынында эле кежир бала, куру кыялга азгырылган апенди сыяктуу болчу.
Руфь дагы бир жолу ата-энесинин Мартинге абдан эле кас мамиледе экенин эсине салды.
— Бирок сиз мени сүйөсүз да? — сурады ал.
— Сүйөм, сүйөм! — деп жиберди Руфь.
̶ Мен да сизди сүйөм, алар мага эч нерсе кыла албайт, — үнү шаңдуу эле... — Сиздин сүйөрүңүзгө ишенемби, алардын жек көргөнү мага тыйынчалык да арзыбайт. Дүйнөдө махабаттан башка туруктуу, бекем эмне бар? Улам чалынып, баскан сайын жыгыла берген алсыз бирдеме эмес, чыныгы махабат болсо, анда ал эч качан чалынбайт да, мүдүрүлбөйт.
XXXI ГЛАВА
Бир жолу Бродвейден Мартин кокусунан эжеси Гертруданы жолуктуруп калды; бир туугандардын жолугушуусу сүйүнүчтүү да, кейиштүу да болду. Көчөнүн бурчунда трамвайды күтүп турган Гертруда Мартинди биринчи көрдү, анын шапая түшкөн азгын өңүн, жүдөңкү кебетесин көрүп чочуп кетти. Мартиндин сабыры суз эле. Азыр эле велесепетин таштап насыя алайын деп сүткор менен бир сыйра майнапсыз кажылдашып чыккан. Күздүн бүркөн күнү болгондуктан, Мартин велесепетин эчак күрөөгө коюп койгон эле, бирок кара кастүм азыр ага абдан керек болгондуктан, аны өткөрбөгөнгө жанталашты.
— Сиздин кара кастүмүңүз бар эмеспи, — деди Мартиндин оокатын беш колдой жатка билген сүткор, — же аныңызды тиги еврей Люпкага тапшырып койдуңузбу? Эгерде сиз чынында эле...
Сүткордун үнү айбаттуу чыккандыктан Мартин:
— Жок, жок! Мен кастүмүмдү күрөгө койгон эмесмин, өзүмө керек, — деп чебелектеп жиберди.
— Эң сонун экен! — деди сүткор саал жумшара түшүп. — Бирок кастүм мага да керек. Ансыз мен сизге акча бере албайм. Мен бул иш менен көңүл ачайын деп алектенип аткан жерим жок да.
Мартин дароо каршы чыкты:
— Бирок велесепет бери эле дегенде кырк доллардай турат, анүстүнө кадимкидей жүрүп турат, сиз болсоңуз, мага жети эле доллар берип атасыз! Жети долларга да жетпейт! Алты доллар, жыйырма цент! Үстөк пайызын да алдын ала алып атпайсыңбы?
— Эгерде дагы акча алгыңыз келсе, анда кастүмдү апкелиңиз, — деди тиги камырабастан. Муну уккандан кийин Мартин ыза болуп кетип калган. Гертруданы кейишке салып, капаланткан Мартиндин маанайынын пастыгынын себеби ушунда болчу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.