Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Анан сыйпалабатып, эшиктин туткасын араң таап ачты да эжеси менен Хиггинботам олтурган жарык бөлмөгө кирип барды. Эжеси күйөөсүнүн дамбалын жамап олтурган экен, тигиниси болсо апкыты мыйрык эски килем тапичкесин илип алып, сөөгү оркойгон буттарын бири бирине учкаштыра гезит тиктеп отуруптур. Мартин бөлмөгө кирип келери менен окубаткан гезитинин төбөсүнөн капкара, жылтыр митаам көздөрү менен карап койду. Мартин Бернардды башынан эле өлөөрчө жек көрө турган. Эжеси мындай неменин эмнесин жактырды экен? Ал Мартинге ыпылас курттай сезилип, көргөндө эле таманы менен эзгилеп жанчып салгысы келип турчу. «Акыры бир күнү мунун тумшугун талкалабасамбы», — деп өзүн сооротуп койчу, мына ушул ой гана ага бул адамга чыдаганга жардам берчү. Көрбөйсүңбү, жездеси азыр да жырткычтыкындай заар көз карашы менен Мартинди жактырбай карап турганын.

Ии, эмне болуп кетти? — сурады Мартин жипкире түшүп.

— Каалганы өткөн жумада эле сырдатканбыз, — деди мистер Хиггинботам не капаланганы, не ачууланганы билинбей, — азыр турак-жай оңдогон союздар кандай акы сыйрып алыбатышканын сен кайдан билмек элең. Этияттасаң болбойбу!

Мартин буга жакшылап туруп жооп кайтармак эле, бирок, баары бир анысынан эч натыйжа чыкпасын түшүнүп, ал оюнан кайтты. Көңүлүн алагды кылыш үчүн дубалдагы илинип турган хромолитографияга көз чаптырды. Таң кала түштү. Бул сүрөт ага жакчу, бирок бүгүн аны биринчи жолу көргөнсүдү. Сүрөт ушул кепедеги башка буюмдардай эле үчүнчү сорттогу арзыбаган бир буюм болчу. Анын көз алдына өзү азыр эле көрүп келген үй тартыла түшүп, адегенде дубалда кыдыракей илинип турган сүрөттөрдү, анан коштошоордо мээримдүү жылмая колун кыскан Руфту көрдү. Ал өзүнүн кайда турганын, Бернард Хиггинботамдын бар жогун да унутту, качан гана ал сураганда эсине келди:

— Эмне, көзүңө арбак көрүндүбү?

Мартин анын заары учкундаган митаам көздөрүнө тигиле карап туруп, бир оокумда Хиггинботам дүкөндөгү товарын сатып жатканда бул көздөрдүн майланышып, жагынган, кудум эле кулдукундай бөйпөңчүл ыраң болорун эстеп кетти.    

Ооба, — деди Мартин, — арбак көрүнүп атат. Түнүңөр бейпил болсун! Жакшы жатып жай тур, Гертруда!

Ал эшикти көздөй баратып килемге дагы чалынып кетип, аз жерден дагы кулап түшө жаздады.

— Эшикти катуу жаппа, — деп корс этти артынан заар эскерте мистер Хиггинботам.

Шарт кайрылып, ага бурула калган Мартиндин каны башына тээп чыкты, бирок өзүн кармап сабыр кылды да эшикти акырын жаап чыгып кетти.

Мистер Хиггинботам болсо аялына табасы кана карады да:

— Мас, — деди кирикиреген үнү менен, — мунуң тоюп келет деп айтпадым беле!

Аялы жасакерлене баш ийкеди:

— Чын эле, көздөрү коюуланып тургансыйт. Мойнундагы жакасы да жок, үйдөн чыкканда тагынып кеткен эле. Мүмкүн, анча деле көп ичкен эместир.

Эй, бутунда араң турбайбы, — зиркилдеди күйөөсү, — мен киргенде эле байкагам. Чалынып кетпейин деп бир кадам да жасай алган жок го? Кире беришке  кулап түшкөнүн сен уккан жоксуңбу, ия?!

— Алисанын арабасына чалынып кетти окшойт, — деди аялы, — аны караңгыда байкабай калды да.

Мистер Хиггинботамдын сиркеси суу көтөрбөй, ого бетер итиреңдеп кирди. Күн бою кардарлардын көзүн карап тикесинен тик турса, анан жок дегенде үйүнө келип биртике адамча бели-бутун жазып эс алайын деген ою бар эле, эми көрбөйсүңбү.

А мен болсо сенин иничегиң мас дебатам!

Ал бул сөздү кесе, болгон заары менен, тимеле ар бир тамгасын станокто басып аткандай айтты. Аялы болсо шаабайы сууп, унчукпай отуруп калды. Бул эткээл борпоң, өмүрү тыкан кийинүү дегенди билбеген, дайыма өз салмагынан өзү жүдөп, оор түйшүк менен күйөөсүнүн такай көрсөткөн запкысынан чүнчүп бүткөн аял эле.

— Мунуңдун араккечтиги атаңардан калган, — деди тиги прокурордон бетер такыктап, — атасы түшкөн жолго бул да түшөт. Ушуну бир билип кой!

Гертруда туура дегендей дагы башын ийкеп, үшкүрүнүп алды да, колундагысына үңүлө кайра тигип кирди. Экөө тең Мартин үйгө өлө мас болуп келди дегенге токтошту. Булар жан дүйнөсү сокур, жашоодогу жаркын нерселерге эчак дүлөй болуп калган адамдар эле, болбосо анын от чачкан көздөрү, жаркылдаган жүзү алгачкы өспүрүмдүк махабатты чагылдырып турганын түшүнүшмөк эле го?

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.