Жек Лондон
Мартин Иден
Кубалашкан окшош, тажатма күндөр биринин артынан бири агылып өтүп жатты, эми Мартин түн сайын сегиз сааттан уктачу болду. Жаңы чектердин келишин күтүп, бир тамагы он центтен турган япондук чакан ресторандардан тамактанып жүрсө да алтургай, толуп да алды. Жүзү толмоч тартып, кенен уктап, кадимкидей өңүнө кире баштады, анткени өзүн баягыдай оор жумуш менен эзип, уйкудан өксүтпөй калды. Кийинки күндөрү эч нерсе жазган жок, окуй турган китептер да тынч гана текчеде эс алып жатышты. Бат-баттан ээндеп шаар четиндеги дөңсөлөргө жалгыз кетип калат, ал жактан бир нече саат бою бак аралап сейилдеп кайта турган.
Анын досу да, таанышы да жок эле, аларды тапканга да каалоосу жок эле. Эмне кереги бар? Мартин өзүнүн токтоп калгандай өмүрүн кайрадан жандандырууга түрткү берчү кандайдыр бир жаңы шыктын пайда болушун күттү, бирок анын качан, кайдан келерин билген жок. Азыр болсо жашоосу ой максаттан куржалак, тажатма, эптеп күн өткөрмөйгө калгандай, болгон маани –маңызын жоготуп турду.
Бир күнү ал чыгынып, «чыныгы адамдар» менен жолугушуу үчүн Сан-Франциского барды. Бирок аяктын босогосуна жетпей эле артына шарт бурулуп, келгиндер башбаанек кылып жашап турган кунарсыз кепелерди аралап, артына кайтты. Азыр философиялык талаш-тартыштарды угам деген оюнан ушунчалык катуу коркуп кетти, алтургай, непадам алдынан «чыныгы адамдардын» бирөө жарымы чыга калып таанып калбаса экен деп чочулаганынан буту бутуна тийбей, зыпылдаган бойдон алды артын карбай качты.
Кээде журнал –гезиттерди барактап, «Эфемерида» жөнүндө эмне деп жазып атышкандарын карап коет. Чын эле поэма болуп көрбөгөндөй чоң ызы-чуу жараткан экен! Жаратканда да кандай дейсиң! Баары эле окуптур, баары эле бул поэзиябы же поэзия эмеспи деген собол беришиптир. Жергиликтүү гезиттер болсо поэма боюнча сандаган илимий макалалар менен мыскылдаган кытмыр эскертмелерге, окурмандардын каттарына толуп кетиптир. Элен Делла Дельмар (сурнай үнү менен барабандардын дүңкүлдөгүнүн астында Кошмо Штаттардын эң улуу акын-айымы деп жарыяланган) өзүнүн Пегастагы (поэзиянын учкул канаттуу ат символу) жанынан Бриссенденге орун бошоткусу келбей, окурман калкка арнап арбын сөздүү узун каттардан улам жазып, Бриссенден деген таптакыр акын эмес деп далилдегенге абдан жан үрөп аткан экен.
«Парфеон» кийинки эле санында өзү көтөргөн ызы-чуунун ийгилигин корстон болуу менен көрүп, сэр Вэльди маскаралап жатты жана ага кошо Бриссендендин өлүмүн да реклама үчүн бетпактык менен ойда пайдаланып аттты. Бир жарым миллион жазылган адамы бар имиш деген бир гезит болсо Элен Делла Дельмардын Бриссенденди келекелеген поэмасын басып чыкты. Аны менен тынчып калбаган акын айым «Эфемеридага» пародия да жазып жиберди.
Мартин досунун ушул күнгө жетпей өтүп кеткенине кайра-кайра кубанып жатты. Ал топураган караламан топту өлөөрчө жек көрчү эле, мына эми ага ыйык болгон асыл нерсе ошол топтун тепсендисинде калып атпайбы. Ал жаратып кеткен сулуулук күн сайын аёосуз сынга алына баштады. Жарыбаган журналист сөрөйлөр Бриссендин улуулугунун жарыгында элдин алдына чыгып дагы бир жолу өзүлөрүн көрсөтүп калганга умтулуп атышты. Бир гезит: “Баланча мырзанын айтымында ал мындан бир нече жыл мурда эле өзү так ушундай поэманы жазып салган экен, жазганда да андан алда канча ашыра жазган экен”, — деп жазып чыкты. Олуттуусунган дагы бир гезит болсо Элен Делла Дельмардын пародиясын сындап чыкты. “Бул пародияны жазган мисс Делла Дельмар кыязы бир улуу акын башка, балким, андан да улуу акынды урматтоого тийиш экенин унутуп койгон окшойт. Мүмкүн, Дельмар айым “Эфемериданын” авторуна жөн эле ичи күйүп суктанып аткандыр, бирок ал бул чыгарманын кооздугун толугу менен түшүнө турган күн келет, ошондо балким ушундай бир чыгарма жаратып калгысы бардыр” деп жазды.
Динаятчылар болсо «Эфемериданы» өзүлөрүнүн үгүт темасы кылып алышты, аларынан чыккан бирөө аны коргомок болгондо бечараны сен динбезерлик кылдың дешип айыптап да жиберишти. Айтор кылымда бир жаралган улуу поэма ошентип мартабалуу жакшылардын жарпын жазганга кызмат өтөп калды. Тамаша ырларды термелеп таап келип тургандар менен карикатуристтер биринен бири озо окурмандарды күлдүргөнгө далбас уруп атышты, алардан кем калышчу фелетонисттер бекен, булар болсо Чарли Френшэм деген неме Арчи Дженнингс деген бирөөгө «Эфемериданын» беш эле сабын окуган адамдын кара жаалы козголуп, майыпты да төпөштөп жиберерин, ал эми он сабын окуган неме боюн дайрага уруп жиберерин шыбыраганын айтышып, булар да тапандыгын сынап атышты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.