Жек Лондон
Мартин Иден
Бир нече журналдар катары менен «Күндүн осолдугун» четке каккандан соң Мартин Бриссенден досунун айткан кеңешин эске алын, муну китеп басып чыгарган басмаканалардын бирине сунуш кылып көрүүнү чечти. Бир топ ийгиликсиз аракеттерден кийин акыры анын кол жазмасы ири фирмалардын бири — Синглтри, Дарнлей жана КО фирмасы кабыл алып, басып чыгармай болду. Мартиндин аванс акча бересиңерби деген өтүнүчүнө басмакана мындай китептер демейде өзүн актабаарын, басылып чыккан күндө деле миң даанадан ашык сатылар сатылбасы да белгисиз экенин айтып, жооп кат жазып жибериптир. Мартин эсептеп көрсө, китеби бир доллардан сатылган учурда да он беш пайыздан эсептегенде, жүз элүү доллар алат экен. Кандай болгондо да акыбети кайтарын билген соң мындан ары жалаң гана беллетристика жазууну чечти. «Укмуштуу окуя» деген аңгемеси «Күндүн осолдугуна» караганда төрт эсе кыска болсо да, түшкөн кирешеси эки эсе көп болду. Айтор, бир кезде гезиттен окуган жазуучулук калем акы жөнүндөгү маалыматтар анык болуп чыкты. Биринчи даражадагы журналдар чынында эле кол жазма кабыл алынары менен төлөйт тура, төлөгөндө да абдан жакшы төлөшөт экен. «Миллениум» журналы аңгемесинин ар бир сөзүнө эки эмес, төрт центтен төлөп берди. Мындан тышкары журнал эң мыкты деген материалды да сатып алышат экен да, анын чыгармасын деле сатып алды го. Бул ойдон Мартин кейиштүү жылмайып койду.
Ал Синглтри, Дарнлей жана КО го эгерде жүз доллар төлөсө, анда «Күндүн осолдугун» басмакана менчигине сатууга даяр экенин билдирип жазып жиберди. Бирок басмакана мындай тобокелге барганды каалаган жок. Бирок Мартин бул учурда акча жагынан анчалык кысталыш эмес эле, анткени анын акыркы жазган аңгемелеринин баары бир аз саякаттаган соң кабыл алынып, акчалары төлөнүп берилген эле. Мартин алтургай, эсеп да ачып ага бир нече жүз долларын банкка салып да койгон. «Кечиккен» болсо редакцияларды бир аз кыдырып келип, акыры Мередит-Лоуэл басмаканасынан орун тапты. Мартин эжеси Гертрудадан карыз алган беш долларын кайра жүз эсе кылып кайтарам деген убадасын эстеп, басмаканага беш жүз доллар аванс акча салып жиберишин өтүнүп жазып жиберди. Таң калганы, басмакана беш жүз долларлык чекти ошол замат эле жөнөткөнү болду. Мартин чекти беш долларлык алтын тыйындарга алмаштырды да тез арада жолугушат элем деп Гертрудага коңгуроо какты.
Эмне болуп кетти де эси чыкса керек, байкуш эжеси калдаландап күйүгө чуркап жетип келиптир. Оюнун баары эле инисинин башына кандайдыр бир мүшкүл иш түшкөн окшойт дегенде болду, шаша-буша болгон тыйын-тыпырын чогултту да тампалаңдап Мартинге ашыкты. Сөзсүз бир балекет болгон экен деп ойлоп алгандыктан, жетип келери менен Мартиндин мойнунан кучактап ыйлап жиберди да апкелген акчасын төгүп чачып колуна карматып кирди.
— Сага өзүм эле бармакмын, — деди Мартин, — бирок мистер Хиггинботам менен чатакташкым келбеди! Барсам сөзсүз чыр чыкмак!
— Эч нерсе эмес, ал эми чатагын коёт, — деди эжеси эмне балекет болуп кеткенин тезирек билгенге ашыгып, — бирок сен бир жерге тезирээк кызматка орношкун. Бернард адамдардын адал эмгек кылганын жакшы көрөт. Гезиттен жанагы макаланы окуп алып тимеле кутуруп кеткендей болду. Мен анын мынчалык жинденгенин эч качан көргөн эмесмин.
— Менин кызматка киргим келбейт, — деди жылмайган Мартин эжесине, — муну Бернардга да айта бар. Мага эч кандай казматтын кереги жок. Мына сага далил.
Ал Гертруданын этегине ар бири беш долларлык жүз даана алтын тыйындарды шыңгыратып төгүп жиберди.
— Эсиңдеби, баягыда сен мага трамвайга акчам жокто беш доллар бербедиң беле? Мына ошол беш долларың жана ага кошуп анын токсон тогуз бир тууганы.
Ансыз да жүрөгү түшө шашып келген Гертруда эми эмне деерин билбей шашып калды, ичиндеги түпөйүл коркунуч ого бетер күчөдү. Эми анда эч бир шек калган жок. Курган бала анык кырсыкка кабылган экен деди. Тула бою калтырап корккондон алайган көздөрү менен Мартинди карап турат, тызылдатып куйкалап бараткан алтын тыйындарга кол тийгизүүдөн да чочулады.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.