Жек Лондон
Мартин Иден
— Лиззи, мен күйөө болгонго жарабайм, — деди ал жылмайып.
Лиззинин сылап аткан колдору бир саамга токтой калды да, анан кайрадан Мартиндин чачтарын сылай берди. Мартин кыздын өңү сурданып, чечкиндүү боло түшкөнүн, бирок бети бат эле кайра албырып, көздөрү мээрим чача караганын байкады.
— Мен башканы айтайын дегем, — деди Лиззи уялыңкы, — бул мени, чынын айтканда, анчалык деле кабатырга салбайт. Ооба, — деди ойлуу кайталап, — бул мени көп деле тынчсыздандырбайт. Мен сиз менен достошконума сыймыктанам. Сиз үчүн баарына даярмын. Мүмкүн, мен өзүм ушундай киши окшойм!
Мартин жаткан жеринен туруп отурду. Лиззини колдон алып, бекем сыга кысып койду, бирок кол кысканында эч кандай ышкынын оту жок эле, мындан Лиззиге муздак шамалдын илеби жаба бергендей сезилди.
— Муну кеп кылбай эле коёлучу, — деди ал.
— Сиз жароокер, кең пейил кызсыз, — деди Мартин, — сиз менен достошконума мен сыймыктанышым керек. Чынында эле мен буга сыймыктанам! Сиз мен үчүн көрдөй караңгы дүйнөдөн тийген жарыктын шооласындайсыз, ошондуктан сиз мени менен кандай ачык болсоңуз, мен да сиз менен ошончолук ачык болгум келет.
— Мага сиз ачык болосузбу, жокпу, баары бир. Сиз мени эмне кылсаңыз, өзүңүз билесиз. Балчыкка ыргытып салып, тепсесеңиз да мейли. Бирок муну сиз гана кыла аласыз, — деген кыз башын сыймыктуу көтөрдү, — мен бекеринен кенедей кезимдин өзүмдү өзүм билген эмесмин!
— Дал ошондуктан мен сиз менен досторчо ачык мамиле кылышым керек, — деди Мартин мээримдүү. — Сиз абдан адамкерчиликтүү, асыл жансыз, мен да ошого жараша мамиле кылууга тийишмин. Мен үйлөнө албайм... ооба, мен үйлөнбөй туруп сүйө да албайм. Мен сизди бүгүн жолуктурганыма абдан өкүнүп турам. Бирок эч нерсе кыла албайсың, Лиззи! Ишенсеңиз, мага канчалык жагып турганыңызды түшүндүрүүгө сөз да таба албайм. Сизге суктанам жана башымды ийем. Сиз чынында эле абдан мыкты кызсыз! Бирок сиз муну айткандын пайдасы канчалык дээрсиз, туурабы? Мен сизге бир гана жакшы иш жасагым келип турат. Сиздин жашооңуз абдан оор болгон. Мен аны жеңилдеткенге уруксат этиңиз! — Лиззинин көздөрүнөн сүйүнүч жылт эте түшүп, кайра ошол замат өчтү. — Жакында мен өтө көп акча аламын! Өтө көп акча!
Ушул замат ал өрөөн, булуң жана камыш алачык менен ак яхта жөнүндө унутуп салды. Чынында, анын баарынын ага эмне кереги бар? Каалаган кемесине түшүп алып, каалаган жагына сүзүп кете берет эмеспи.
— Мен ал акчаларды сизге бергим келип турат. Сиз бир курска кирип, кандайдыр бир кесипке ээ болуп алсаңыз да болот. Кааласаңыз, стенографистка болуп алыңыз. Мен сизге өзүм жардам берем. Мүмкүн сиздин ата-энеңиз али тирүүдүр? Эгер бар болсо, мен аларга маселен, чакан азык-түлүк дүкөнүн да сатып бермекмин. Эмне каалай турганыңыздын четин эле чыгарып коюңузчу, мен баарын жасап берем.
Лиззи унчукпай, алдын карай мелтиреп тиктеген бойдон отурду, Мартинге эч нерсе деп жооп да бербеди. Мартин ушул мүнөттөрдө кыздын эмнени сезип атканын ачык түшүнө коюп, жүрөгү аянычтан мыкчылып кетти. Айтпай эле койсо болмок экен мунун баарын. Анын сунуш кылып аткандары Лиззинин ага берерине салыштырганда болбогон эле бир нерсе болуп көрүндү. Сүйүүнүн ордуна — акча берип атпайбы! Ал Лиззиге өзүнөн арткан нерсени сунуш кылып отурат, ал эми кыз болсо, уят-сыйыттан да, шылдыңдан да, түбөлүк азаптан да коркпостон, ага өзүн бүт бойдон арнап жатпайбы.
— Ал жөнүндө сүйлөшпөй эле коёлучу, — деди кыз, тамагына бирдеме тыгыла калгандай, жөтөлүп. — Кетеличи! Абдан чарчадым!
Оюн-тамаша эчак аяктап, бир да жан калбай, баары тарап кетишиптир. Бирок Мартин менен Лиззи бактан чыгып келе жатып өздөрүн күтүп турган топ караанды көрүштү. Мартин иштин жайын дароо түшүндү. Согушканы турушса керек. Булар Мартин менен Лиззини коргогон жолдоштору эле. Алар Мартин менен кызды тосмого дейре узатып коюшту. Аңгыча башка жактан дагы бир топ чыга келди. Булар баягы Мартин кызын «тартып» алган жигиттин достору эле. Азыр бирдеме болуп кетерин сезген бир нече полицейлер буга жол бербес үчүн жакындап келип, эки топту тең Сан-Фраңциского кетип бараткан поюзга чейин узата басышты. Мартин Жимге Он алтынчы көчөдөн түшүп, оклендке кетчү трамвайга түшүп кетерин эскертип койду. Лиззи болсо мунун баарына көңүлкош кайдыгер эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.