Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин бул сегиз айды жакшы өткөрдү. Ал туура сүйлөгөндү жана ойлогонду үйрөнүп, өзүн да жакшылап билди. Бир жагынан, өзүнүн дагы эле караңгылыгын салкын кандуулук менен түшүнсө, экинчи жагынан, өзүндө алп күч бар экенин сезип турду. Ал өзү менен жолдошторунун ортосунда зор айырмачылык бар экенин көрдү, бирок мындай айырма азыркы жетишкендигиндеби же келечекте көбүрөөк болушу мүмкүнбү дегенге башы толук жетпей турду. Ал кылыбатканды башкалар деле кыла алмак, бирок өзү алда канча көп нерселерге жөндөмдүү экенин айтып турган бир ой бар эле. Ал ааламдын сулуулугуна суктанып, оюнда Руфь да анын менен чогуу суктанса жакшы болмок эле деп каалачу. Барганда ага Тынч океандын улуулугун сүрөттөп бергиси келди. Бул ай ага чыгармачылык дем берип, аааламдын сулуугун Руфка гана эмес, башкаларга да айтып берсем кандай болоор эле деген каалоону ойготту. Дилинде дүрт эткен бул ой көздү уялткан улуу идеяны жаратты: ал жаза баштайт. Ал дүйнө анын көзү менен караган, анын кулагы менен уккан, анын жүрөгү менен сезген адамдардын бири болот. Ал бүт баарын — поэзияны, прозаны жана романдарды, очерктерди жана Шекспирдей пьесаларды жазат. Чыныгы карьера деп мына ушуну айт, аны Руфтун жүрөгүнө жеткире турган жол да мына ушул. Жазуучулар аалам алптары эмеспи, жылына отуз миң алып, кааласа жогорку соттун мүчөсү болмок деген кайсы бир мистер Бэтлердин аларга жетмеги кайда.
Чагылгандай чарт этип келген бул ой анын эси-дартын толугу менен чырмап алды да, Сан-Франциского кайткан жолу тим эле түштөгүдөй болуп көрүндү. Өз күчүнө, баары колуман келет деген сезимине мас болуп турду. Улуу океандын тынч, кыйырсыз ээн мейкиндиктеринде бул ою келечектүү көрүндү. Алгачкы жолу Руфту да, анын жашаган чөйрөсүн да даана көрдү. Акылында так формага ээ болгон бул көрүнүштөрдү ал колуна алып кармап, ары –бери айландырып карай алчудай да болуп кетти. Бул дүйнөдө дагы эле түшүнүксүз, тумандаган нерселер көп эле, бирок ал андагы майда-баратты эмес, бир бүтүндүктү, ошол эле маалда аны кантип колго киритүүнүн ыкмасын да көрүп турду. Жазыш керек! Бул ой аны оттой куйкалап турду. Келери менен эле токтоосуз жазып баштайт. Адегенде катылган казына издеген экспедицияны жазат. Анан ал аңгемени Руфка билдирбей туруп, Сан-Францискодогу кайсы бир журналга жөнөтөт, анын ысмын басма сөздөн көргөн Руфь таңгалып кубанбайбы. Ушинтип окуй да, жаза да берет. Суткеде жыйырма төрт саат деген бар эмеспи. Иштегенди билгенден кийин ал түк жеңилбейт, ошондо урагыстай көрүнгөн бардык тоскоол чептердин бырын-чырыны чыгат. Анан ага деңизде жөнөкөй матрос болуп сүзүп жүрүүнүн деле кажети жок болуп калат, ушуну ойлобатып көзүнө өзүнүн менчик яхтасы көрүнгөндөй боло түштү. Ушундай менчик яхтасы бар жазуучулар болот да! Албетте, ийгилик деген асмандан түшө калбайт, азырынча жазгандарынан тапканы, жок дегенде, окуусун улантканга жетип турса жакшы болор эле. Андан кийин, бир нече убакыт өткөн соң, — аз эле убакыт өткөн соң, — окуп бүтүп, даярданып алып улуу чыгармаларды жаза баштайт, атагы чыгып, ысмы ооздон оозго тарайт. Бирок мындан да маанилүүсү, болгондо да эң маанилүүсү — ал акыры Руфка татыктуу болот. Атак-даңк деген жакшы дечи, бирок бул кыялдардын баары аны эңсегенден эмес, Руфту сүйгөндөн улам жаралып атпайбы. Мартин даңк күсөгөн жигит эмес, махабатка баш оту менен малынган жигит эле.
Чөнтөгүн акчага толтуруп Оклендге кайткан Мартин кайрадан баягы Бернард Хиггинботамдын үйүндөгү кичинекей тар бөлмөсүнө келери менен эле жазууга киришти. Сапардан кайтканын Руфка билдирген жок. Ага адегенде кенч издегендер жөнүндөгү очеркин жазып бүтүрүп туруп, анан баргысы келди. Чыгармачылыктын кумарына кирип кеткен Мартин муну эч бир кыйналбай эле жазып койду. Жазган ар сабы аны кызга улам жакындаткансып атты. Ал аңгеменин канчалык узун болушу керек экенин билчү эмес, ошондуктан апта сайын чыгуучу «Сан-Франциско баяндамачысы» деген гезиттин жекшембилик тиркемесиндеги эки тилкени ээлеген очеркти көрүп, так ошондой кылып жазгысы келди. Баштаган очеркин Мартин үч күн баш көтөрбөй отуруп жазып бүтүрдү, анан окууга жеңил болгудай кылып бадырайган тамгалар менен тыкан көчүрүп кайрадан жазып чыкты; бүттү да кокусунан китепканадан ала келген сөз жөнүндөгү окуу китебин карай коюп, ал жактан абзац, тырмакча дегендер болорун окуду. Муну түк ойлогон эмес экен! Мартин окуу китебин улам карап коюп, очеркин кайрадан көчүрүп кирди, ошентип отуруп бир эле күндүн ичинде жат жазуунун эрежелерин, жөнөкөй мектеп окуучусу бир жылда да өздөштүрө албай турган дагы толтура маалыматтарды үйрөнүп алды. Очеркин экинчи жолу көчүрүп чыгып, тыкандык менен түтүкчө кылып ороп койду да, дагы бир гезитти карай койсо анда жаңыдан жазып баштаган авторлорго — кол жазманы түтүкчө кылып оробош керек, барактын бир жак бетине гана жазыш керек деген эрежени окуп калды. Мартин мунун экөөн тең бузган экен. Дагы андан ары окуса, эң мыкты деген журналдарда тексттин ар бир тилкесине он доллардан кем төлөбөйт деп жазылыптыр. Шыктана түшкөн Мартин очеркин үчүнчү жолу кайрадан оңдоп көчүрүп чыгып, он тилке тексти он долларга кайра-кайра көбөйтүү менен өзүн бир топ соороту. Санаган эсеби жүз доллар болуп чыга берди, бул матрос болуп жүргөндөн көрө алда канча пайдалуу тура деп калды. Эгерде эки ирет ката кетирбегенде, аңгеме үч күндүн ичинде даяр болмок экен. Үч эле күндө жүз доллар! Мындай акчаны табыш үчүн ал үч ай бою деңизден деңиз кезип жүрүшү керек. Эми колуңан жазыш келип турганда кемеде сүзгөнүң келесоочулугуң эмеспи. Жазгандын тыйынын санаганы менен акчанын Мартин үчүн баркы деле жок эле. Акчаң барбы, бош убактың болот, жакшыраак костюм сатып аласың, ал үчүн акчанын мааниси ушунда эле, бул болсо аны бүткүл жашоосун аңтар-теңтер түшүрүп, өзүн шыктанткан ак жуумал, сымбаттуу кызга жакындатууга тийиш эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.