Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип туруп, «Сан-Франциско баяндамачысынын» редакторуна жөнөтүп жиберди. Ал редакцияга келип түшкөндүн баары эле токтоосуз басылып чыгат ойлочу, ошондуктан очеркин жума күнү жиберип, жарыкка жекшемби күнү чыгып калат деп токпейил күттү. Руфка да так ошо күнү бармай болду. Өзүнүн келгенин кызга мына ушундайча кабарлаган жагымдуу сезилип турду. Ал ортодо башына дагы бир шумдук ой келип, дароо артынан түшмөй болду; балдар үчүн укмуш курч окуялуу аңгеме жазып, «Жаштык жолоочусу» аттуу журналга жиберүүнү чечти. Дароо окуу залына барып, «Жаштык жолоочусунун» бир нече санын алып окуп көрдү. Көрсө, көлөмдүү аңгемелер менен повесттер аталган жумалыкка үзүндү— үзүндү болуп, сандан санга болжолу үч миңден кем эмес сөз өлчөмүндө басылып чыгат экен. Ар бир повесть беш санга чейин, айрымдары жети санга чейин созулат экен, ал да ушундай эсепке тууралап иштемей болду.

Мартин бир жолу Түндүк Муз океанында кит уулаган кемеде матрос болгон жери бар; иш үч жылга эсептелген эле, бирок кеме капылеттен кыйроого учурап, аңчылык жарым жылга жетпей токтогон. Анын кыялы ар качан алып учуп турганы менен бирок дайыма чындыкты сүйө турган, ошондуктан өзү жакшы билген нерселер гана жөнүндө жазгысы келди. Ал кит уулоо кесибин мыкты биле турган, ошондуктан болгон фактыга негиздеп туруп, каарман кылып алган эки баланын ойдон чыгарылган укмуштуу окуялары жөнүндө жазмак болду. Бул анчалык кыйын иш эмес эле, повесттин үч миң сөздөн турган биринчи бөлүгүн ишемби күнү кечинде эле шилтеп бүтүрүп койду; Жим кошунасы буга жетине албай кубанса, жездеси Хиггинботам болсо, үйүнөн чыга калган «жазмакерди» басмырлай мазактап, бир топко күңкүлдөп алды.

Мартин териккен да, унчуккан да жок, ичинен «Баяндамачынын» жекшембидеги санын ачып, анын кенч издегендер жөнүндөгү очеркин окуган жездеси кантип мыш болуп, оозу ачылаарын жыргай элестетип отурду. Жекшемби күнү ал таң ата электе эле гезиттин келерин күтүп көчөдө турду.

Акыры колуна тийген гезитти бир нече жолу кунт коё карап чыкты да, жазганын таппаган соң бүктөп туруп, кайра ордуна коюп койду, муну эч кимге айтпаганы абийир болгон экен. Ойлонуп көрсө, аңгемелер шак эле басылып чыгып кетет деп жаңылышкан тура. Анүстүнө анын очеркинде эч кандай деле көйгөй маселе айтылбагандыктан, мүмкүн редактор алдын ала өз пикирин жазып, жообун билдирер.

Эртеси ал чай ичери менен эле кайрадан повестине киришти. Улам бир сөздүктү, бир окуу китебин карап алагды болсо да, сөздөр өзүнөн-өзү эле куюлушуп келип жатты. Кээде токтой калып жазган главасын бир нече жолу кайрадан окуп чыгат; өзүн чыгармачылык улуу иштен алагды кылыбатса да бирок тыныга калган учурда жат жазуунун эрежелерин карайт, анан өз оюмду так айтканды үйрөнүп атпайымбы деп сооротуп коет. Ошентип көшөрө отуруп караңгы киргенче жазат да, анан тура калып окуу залын көздөй урат, ал жакта кечки саат онго чейин, же китепкана жабылганга чейин жума, ай сайын чыгып туруучу журналдарды аңтарып окуп чыгат. Анын бул жумадагы планы деле дал ушундай болчу. Күн сайын үч миң сөздөн жазып, анан кечкисин окуу залында отуруп алып журналдарды барактайт, басмаканадагыларга кандай ырлар, повесттер, аңгемелер жага турганын билгиси келет. Буларды окуп чыккандан кийин Мартинге бир нерсе шек туудурбай калды: сайдын ташындай мобул жазуучулардын жазгандарынын баарын өзү деле жаза алат экен, болгону мөөнөт гана керек, ошондо булар эзели жаза албаган чыгармаларды да жазып салат. Ал «Китеп бюллетенинен» калем акы жөнүндөгү макаланы окуп, көөнү көтөрүлө түштү, анда Киплингдей жазуучулар бир сөзүнө бир доллардан алышат экен, ал эми, — аны өтө кызыктырганы ушул, — жаңыдан жаза баштаган жазуучулардын мыкты журналдардагы акысы эки цент деп айтылыптыр. «Жаштык жолоочусу» болсо, шексиз биринчи класстык журнал эле, андай болсо, күнүнө жазган үч миң сөзү үчүн ал алтымыш доллардан алууга тийиш — мындай акы анын матрос болуп жүрүп тапкан эки айлык акчасына барабар болот экен.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.