Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Жума күнү кечинде ал повестин бүттү. Анда туптуура жыйырма бир миң сөз бар эле. Ар бир сөзү эки центтен болгондо — ага төрт жүз жыйырма доллар тийиши керек. Бир жумалык ишке бул дурус акы эмеспи. Өмүрүндө анын мынчалык акчасы болгон эмес. Ушунча акчаны кантип коротсо болоруна акылы да жетпей турат. Бул деген накта алтындын кени болуп атпайбы! Андан каалашыңча сузуп ала бер. Колуна тийчү болсо бул акча, анда жакшылап кийинет, жайнаган гезит-журналдарга жазылып, мындан ары китепканага чуркап жүрбөстөн, керектүү маалыматтардын баары бар справочниктерди сатып алат. Ушунун баарынан кийин деле төрт жүз жыйырма доллардан артып калып атпайбы, калганын эмне кылсам деп баш катырып атып, акыры Гертрудага кызматчы жалдап берип, берки карындашы Мэриенге велосипед сатып бермек болду.

Мартин «Жаштык жолоочусуна» көлөмдүү кол жазмасын жөнөтүп жиберди да, ишемби күнү кечинде бермет кармоочулар жөнүндөгү очеркинин планын ойлонуштуруп коюп, Руфка жөнөдү. Адегенде телефон чалып сүйлөшүп койгон эле, андыктан Руфь аны эшигинин алдынан өзү тосуп чыкты. Жигиттен күпүлдөп уруп турган өзүнө тааныш күч менен ден соолук сезими кайрадан анын тула боюн ээлеп алды. Бул күч кыздын бүткүл денесин толтура, кан-тамырларын аралай чаап, толкунданганынан ысып чыкканга аргасыз кылды. Кыздын колуна колу тийишип, анын көпкөк көздөрүнө карары менен жигит да кызарып чыкты. Бирок сегиз ай бою деңизде жүрүп күнгө күйгөн Мартиндин жүзүнөн Руфь муну байкаган жок. Мойнундагы байлама жака өйкөгөн  такка күн тийбептир, аны көрө койгон кыз баягыдай шыңк эте күлүп жибере жаздагандан араң карманып турду. Бирок Мартиндин үстүндөгү костюмун көрөрү менен күлкүсү тып басылды. Шымы өзүнө куп жарашып турат, — бул Мартиндин алгачкы жолу буйрутма берип тиктирген костюму эле, андыктан келбети зыңкыйып,  шыңга да болуп көрүндү. Анан да жанагы кепкасын таштап, жумшак шляпа кийип алыптыр, муну байкаган Руфь дароо аны кайра кийип көрүүсүн суранып, тышкы келбетин мактап жиберди. Кыз бактысына жетине албай турду. Мартиндеги жакшы өзгөрүү анын колунан чыккан иш эмеспи, буга сыймыктануу менен аны мындан ары дагы кандайча багыттарын ойлоп жатты. 

Айрыкча аны өзгөчө маанилүү бир жагдай кубанычка бөлөдү: Мартиндин тили өзгөрүлүптүр. Ал азыр туура гана эмес, алда канча эркин да сүйлөп калыптыр, сөз байлыгы да кыйла өсүптүр. Ошенткени менен кай бир учурларда ал кызып кетип, баягы эски куйкум сөздөрдү урдура калат, уланды мүчөлөрдү да жутуп жиберет, кээде жакында эле үйрөнгөн сөзүн айтам деп унутуп, мукактана түшөт. Бирок сүйлөгөнү тышынан эле жакшырбай, Руфту өзгөчө кубантып, кыйла кооз да, элестүү да, курч да болуп калыптыр. Мындан анын табигый шайырлыгы сезилип турду, жолдоштору аны ушунусу үчүн жакшы көрүшөөр эле, бирок тилинин чоркоктугунан муну Руфка мурда көрсөтө алган эмес. Эми ал барган сайын кыздын чөйрөсүн өздөштүрүп, өзүн баштагы жат адамдай сезбей калды. Бирок баары бир өтө сак эле, ошончүн жандуу аңгеменин учугун Руфка карматып, ошол эле учурда андан калышпаганга аракет кылып жатты, бирок бир жолу да өзү демилге кылып кеп баштаган жок.

Ал Руфка өзүнүн жазмакерликти баштаганы туурасында айтып берип, акча табыш үчүн кандай жазуунун планын ачыкка чыгарды, ушундай жол менен окууга да мүмкүнчүлүк аларын айтты. Бирок айтаарын айтып алып, шагы сына түштү. Руфь анын бул оюна ишенбегендей салкын мамиле жасап, ачык эле мындай деди:   

— Билесизби, адабият деле башка кесиптер сыяктуу кесип. Мен албетте, адис эмесмин, ошондой болсо да, элдин баарына маалым чындыкты айткым келип турат. Маселен, адегенде үч жылдай же беш жылдай үйрөнбөй туруп, темир уста болуш мүмкүн эмес. Бирок, жазуучулар темир устага караганда көп табышат, андыктан жазуучу болсом деген адам толтура, баарысы эле күчүн сынап көргүсү келет.

А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт? — деп сурады Мартин, өзүнүн туура суроо бергенине ыраазы да боло түштү; ошол замат алып учкан кыялы иштеп кетип, экөөнүн конок бөлмөдө сүйлөшүп отурганын четтен көрүп тургансыды. Тегерегинде болсо анын мурдакы жашоосунун жүздөгөн орой жана жийиркеничтүү элестери чарк айланып аткансыды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.