Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Миң жолу шайтан алгырдыкы!

Угуза айтып жибергендиктен өзүнүн кулагына күн күркүрөгөндөй катуу угулду. Кыялга терең берилип кеткен экен, бети албырып, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.

— Мен... мени... кечирип коюуңуз, — шыбырады ал, — мен ойлонуп кетиптирмин...

— Сиз муну тимеле «сыйынып аттым эле» дегендей кылып айттыңыз го, — тайманбай тамашалады Руфь, бирок аны майда калтырак басып турду.

Анткени кыз өмүрүндө биринчи жолу өзүнө тааныш адамдын оозунан мындай сөгүнгөндү угуп отурат, ошондуктан азыркы сөз анын кулагына тимеле таш менен ургандай катуу тийди, анын бейкапар жаштыгы өтүп жаткан жылуу –жумшак, камдуу орун –очогуна муздак шамалдай жулуна кирип келген бул сөз ага акаарат келтирип, сыпаа сезимин чыңалтып коркутуп да жиберди.

Ошентсе да кыз аны кечирип, мындай ырайымдуулугуна өзү да таң кала түштү. Аны кечирүү эмнегедир оңой эле. Жигиттин турмуш шарттары ага башкаларга окшогонго мүмкүнчүлүк бербесе да муну оңдоого тырышып, көп нерселерге жетишип отурбайбы. Руфь өзүнүн ырайымдуулугун түшүндүргөн дагы башка жөнөкөй себептердин бар экени оюна келген жок. Кыз Мартинге чын жүрөгүнөн берилип, бирок бул сезимдин эмне экенин өзү али түшүнө элек болчу. Түшүнө да алмак эмес. Анткени жыйырма төрт жылдык өмүрүндө бейкапар жашап, бир да жолу сүйүүгө, жок дегенде, жеңил-желпи кызыгууну башынан өткөргөн эмес, өз сезимдерин билбеген кыз махабат деген адамды табы менен жылытарын, азыр да өзүн ушул сезим жылытып турганын түшүнгөн жок.

 

XI ГЛАВА

Мартин кайрадан өзүнүн «Акак кармоочуларын» жазууга киришти, бирок анын көңүлүн ыр жазуу кумары азгырып кетпегенде аны бат эле бүтүрүп коймок. Бул Руфь шыктандырган махабат жөнүндөгү ырлар эле. Баштарын баштап алып, бирок бир да ырынын аягына чыккан жок. Кыска убакыттын ичинде поэзия деген укмуш өнөрдү өздөштүрүп алуу мүмкүн эмес эле. Ыр дегендин ыргагы, көлөмү, жалпы эле түзүлүшү оңой нерсе эмес тура, андан тышкары, ал улуу акындардын ырларынан адамдын акылы менен ою жеткис не бир көзгө илешпеген касиеттерди тапканы менен аларды өзүнүн ырларына такыр киргизе албай койду. Бул болсо поэзиянын эч бир ага баш ийбеген, кармап калалгыс духу эле.  Мартинге бул оттуу туман уюлгуган кандайдыр бир нур сыяктуу көрүнүп, жакындап барганда кайра эле тарап кетип жатты, болгону үзүктөрүн гана кармап, өзүнчө кооз саптарга киргизсе болоор эле, бул уккулуктуулугу жанда жок саптар анын мээсинде музыка сыяктуу жаңырып, же караңдаган элестер сыяктуу чубалып жатты. Бул азаптын азабы болчу. Ойду удургутуп, дене балкыткан бул сезимдер тил учуна келип турса да, жаза келгенде кагаз бетине супсак, кунарсыз бирдеме болуп түшүп жатты. Жазгандарын өзүнө өзү үн чыгара окуп берсе, ырдын өлчөмү, уйкаштыгы жана ыргагы дурустай болгону менен, анда жалын, көңүл көкөлөткөн эргүү жок эле. Мунун эмне себептен ушундай болубатканына такыр түшүнбөй койду, аргасы кеткен учурларда ырды жыйнаштырып коюп, кайра эле аңгеме жазганга киришип кетип жатты. Кара сөз кыйла тил алчаак каражат эле.  

Акак кармоочулар жөнүндөгү очеркти улантып жатып, Мартин дагы башка, — деңиз кызматы, таш бакаларды кармоо, ысык өлкөлөрдөгү түндүк— чыгыш кургак шамалы жөнүндө да очерктерди жазды. Анан тажрыйба иретинде окуясы курч чакан аңгеме жазсамбы деп кызыгып кетип, бирдин ордуна алты аңгеме жазып салды да аларды ар башка алты журналга жөнөтүп жиберди. Руфка же китепканага барган сааттарды кошпогондо, Мартин көшөрө отуруп, таң заардын түн ооп кеткенге дейре тынбай жазаар эле. Мындай күндөрү ал өзүн чексиз бактылуу сезчү, жашоо ага мазмундуу жана сонун көрүнүп, чыгармачылыктын кумары тарабай турчу. Буга чейин ал кудайлардын гана колунан келет деген жаратмандыктын кубанычы эми анын да колунда эле. Курчап тургандын баары — чирип кеткен жашылчалар менен самын суунун жыты, эжесинин күйпөйгөн карааны жана мистер Хиггинботамдын күлкүнү  келтирген кебетеси ага түш сыяктуу. Чыныгы дүйнө анын мээсинде гана жашап, ал эми жазган аңгемелери болсо, ошол дүйнөнүн чачыранды сыныктары эле.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.