Жек Лондон
Мартин Иден
Күндөр ага өтө эле кыска болуп жатты — анткени сүңгүп кирсем деген илимдердин тармагы болсо абдан арбын эле. Уйкусун беш саатка кыскартып, ошону жетиштүү деп чечти. Бул мөөнөттү ал төрт жарым саатка чейин кыскартып көрдү эле, бирок кайра эле өкүнүп, мурдагы беш сааттык нормага кайтууга аргасыз болду. Калган башка бардык убактысын ал сабактарына жумшады, кээде жазыш үчүн гана окуусун токтотууга мажбур эле, окуусун болсо китепканага барыш үчүн токтотууга туура келди: илимдин штурмандык рубкасын таштап кетүүгө шашпай, чыгармаларын кантип болсо да жайгаштырган сырдуу жазуучулардын аңгемелери толгон журналдардан кыйылып атып башын көтөрөөр эле. Руфтун үйүндө болгон кезде дайыма кетип баратып ал жакта жүрөгүнүн жартысын калтырып жаткандай болор эле; ал жактан чыгаары менен эле убактысын жоготпой, китептерине батырак жетиш үчүн караңгы көчөлөрдөн таскактап чуркап кетчү. Баарынан кыйыны алгебра же физика китебин жааап, уручке менен дептерди жыйнаштырып коюп, талыган көздөрүн жумуп уйкуга кетиш азап болчу. Жашоодон жок дегенде мына ушул кыска убакытка чыгып калыш Мартинге ушунчалык оор эле, аны соороткон сезим будильниктин беш сааттан кийин аны кайрадан ойготоору эле. Ал болгону беш гана саат жоготот, андан кийин сааттын чырылдаган үнү аны пайдасы жок уйкудан сууруп чыгат да, кайрадан он тогуз саат иштегенге убактысы болот.
Ал ортодо убакыт өтүп жатты, Мартиндин акчасы түгөнүп баратты, күткөн калем акыларынан болсо алиге кабар жок эле. Бир айдан кийин «Жаштык жолоочусуна» жиберген кол жазмасы кайра кайтып келди. Басуудан баш тартуу абдан кылдат жазылгандыктан, алтургай Мартинде басмканадагыларга карата кадырлоо сезимин ойготкондой болду. Бирок «Сан-Франциско баяндамачысы» жөнүндө кеп таптакыр башкача эле. Мартин эки жума күтүп, жооп келбегенден кийин ал жакка кат жазып жиберген; бир жумадан кийин кайра кат жазып жиберди. Акыры жооп болбогон соң редактор менен көзмө-көз жолугушууга барайын деп чечти. Барса эшикти кайтарып турган куйкул сарыбаш жигитче аны өтө урматтуу редактордун дидарын көрүүгө жолоткон да жок. Бешинчи жума аяктап калганда кол жазма эч кандай түшүндүрмө жообу жогеле кайра кайтарылды. Не баш тартуу, не түшүндүрмө кат — эч нерсе жок эле. Ошондон көп өтпөй эле анын Сан-Францисконун башка журналдарына жиберген аңгемелери да кайтып келди. Анда Мартин өзүнүн очерктерин чыгыш штаттарынын газеталарына жөнөтүп, бирок ары карап бери караганча эле алары да чыкпай калды деп коштолгон жооптор менен кайра келди.
Анын аңгемелери да ушундай эле тагдырга туш болду: Мартин аларды бир нече жолу кайрадан окуп чыгып, абдан жактырды, бирок алар эмнеликтен реадкторлордун купулуна толбой чечкиндүү кайтарып жатышканына башы жетпей жатты. Мунун себеби бат эле анык болду. Көрсө, кол жазмаы деген сөзсүз машинкеде басылууга тийиш тура, Мартин муну бир гезиттен окуп калып, иштин жайын ошондо билди. Туура да, редакторлордун иши чачтан көп эмеспи, анан ийрелеңдетип кол менен жазылгандарды көз жоорутуп окуп отурганга убактысы болмок беле. Мартин ошол замат эле баса турган машинкени прокатка алды да керели кечке басканды үйрөндү. Күн сайын жазгандарынын четинен машинкеге терип отуруп баарын кайрадан басып чыкты. Анан машинкеге басылгандары деле кайрадан кайтып келе баштаганда Мартин таңгалып, эси ооду. Ага бош келчү ал бекен, өңү сурданып, жаагы сөөктөрү оркоюп чыкты, кол жазмаларын болбой эле өжөрлөнүп жаңы даректердин улам бирине жөнөтө берди.
Акыры ал адам өз чыгармасына өзү баа бериши өтө кыйын экенин түшүнүп, аңгемелеринин айрымдарын сынатып көрүү үчүн эжеси Гертрудга окуп берүүнү туура тапты. Эки-үчөөн окуп берди эле, эжесинин көздөрү жашылдана түшүп, Мартинге сыймыктануу менен карады да мындай баасын берди:
— Сенин мындай нерселерди жазганың жакшы да!
— Ооба, ооба, — деди Мартин шашкалактап. — Бирок сага жагабы же, жакпайбы — ошону айтчы?
— Кудай урсун! — деди ал, толкундана түшүп, — жакпагандачы! Чындыгында көңүлүмдү эритип жиберди!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.