Жек Лондон
Мартин Иден
Бирок Мартин эжеси аңгеменин баарын эле эле түшүнө бербегенин сезип турду. Анын жайдары жүзү бирдемени түшүнбөгөндөй эле. Мартин ойлонуп калды.
— Айтсаң Март, мунун акыры эмне болуп бүтөт? — деди эжеси бир топко чейин унчукпай тургандан кийин, ыя? Жанагы тили булбулдай сайраган жигит эмне болот, берки кызга үйлөнөбү же үйлөнбөйбү?
Мартин өзү көркөмдүк жагы мыкты деп эсептеген бул аңгемесинин эмне болуп аяктарын айткандан кийин эжеси:
— Мына сага, мен деле дал ушундай деп ойлогом. Эмнеге сен түз эле ушундай болот деп жазган жоксуң?
Гертрудга он чакты аңгемесин окуп берип, байкаса, эжесине аягы жакшылык менен бүткөн аңгемелер гана жагарын түшүндү:
— Бул аңгемең абдан жакшы жазылыптыр, — деди ал тепшиден өйдө боло берип үшкүрүп алды, буудан кызарган колдору менен чекесин сүртүп койду. — Бирок бир гана жери мени капаланатты. Ыйлап да жибергим келди. Ансыз деле тегеректин баары кайгы-капага толуп турбайбы. Жакшы нерселер жөнүндө уксам, өзүм да жеңилдей түшөм. Эгерде ал жигит сүйгөн кызына үйлөнгөндө... Мени жаман көрбөйсүңбү, Март, — деди ал чочулай түшүп. — Мүмкүн мага ошондой көрүнүп жаткандыр, анткени мен аябай чарчадым. Ал эми аңгемең тимеле укмуш, эң сонун. Эми муну кайда жиберейин дебатасың?
— Бул башка кеп, — күлүмсүрөп койду ал.
— Эгерде бир жерге чыгарып калсаң, ушуга канча акча алар элең?
— О, анда кеминде жүз доллар алмакмын.
— О-о! Чыгарып алсаң, жакшы болмок экен ээ!
— Аз акча эмес, туурабы эжеке? — анан мактана кошумчалап койду: — Билип кой, мен муну эки эле күндө уруп салдым. Ошондо күнүнө элүү доллардан тапкан болом!
Мартин аңгемелерин Руфка ушунчалык окуп бергиси келип, бирок ага даабай жүрдү. Ал жазгандарынын жок дегенде бирөөсү жарыкка чыкканга чейин күтүп турууну чечти, — мына ошондо Руфь анын чыгармачылыкка болгон умтулуусун жакшыраак баалар. Ошол эле учурда ал окуусун да уланта берди. Ага баштан өткөргөн мурдагы окуяларынын бири да азыркыдай акыл-эстин али жол салына элек чытырман токоюна жасаган саякатындай кызыктуу эмес эле. Ал физика менен химия китебин сатып алды да, алгебра менен катар физиканын мыйзамдарын, анын далилдерин үйрөнө баштады. Лабораториялык тажрыйбаларды оюнда жасады, андыктан кыялынын күчү ар кандай химиялык реакциялардын жүрүп жатканын тимеле көзү менен көрүп жаткандай жардам берип, бул болсо тажрыйба жасоого катышып жүрүшкөн студенттердин кимисинен болсо да, реакциянын формуласын жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Окуган китептеринен Мартин акырындык менен жаратылыштын, дүйнө сырларын биле баштады. Мурда дүйнөнү ал өзүнөн өзү жаралып калгандай кабыл алып келсе, эми анын түзүлүшүн, кубулуштурды жана күчтөрдүн катышын, материянын курамын аңдап биле баштады. Анын акылы дайыма эчактан тааныш нерселерди кайрадан түшүнүп жатты. Рычагдар менен чыгырыктар деңизде жүргөн кезиндеги оор жүк тарткан машинелер менен крандарды анын эсине салды. Кемелерге ачык деңиздеги багытынан адашпоого мүмкүнчүлүк берген навигациянын теориясы күтүлбөгөн жерден айдан ачык болуп чыга келди. Аны менен кошо Мартин бороон-чапкындардын, жамгырдын, суунун көтөрүлүшүнүн, тропикалык кургак шамалдардын сырларын ачты. Муну билгенде өзүнүн түндүк-чыгыш тропикалык кургак шамал туурасындагы очеркин да эртерек жазып койгон окшойм деп да ойлонуп кетти. Ошентип канткенде да окуп билгендери эми аны жакшыраак жазганга шыктандырарын түшүнүп турду. Бир жолу ал Артурга кошулуп университетке барды да демин ичине ката, пейили кенен жайылып, ал жактагы лабораторияларда жүргүзүлгөн тажрийбаларга тыкыр көз салуу менен профессорлордун окуган лекцияларын кунт кое тыңшап отуруп кайтты.
Окууга катуу киришкени менен Мартин чыгармачылык иштерин таштап койгон жок. Чакан аңгемелер мурдагыдай эле калеминен куюлуп атты, алтургай, башка журналдарга чыгып жаткан ырлар сыяктуу бир топ ырларды жазууга да убакыт тапты; ананыраак чымыркана калып эки жумада ак ырлар менен трагедия жазып жиберди эле, тилекке каршы, басмаканачылар мунусун да жараксыз деп табышты. Бир күнү ал Гэнлини абдан окуп, анын «Оорукана керебетинен жазылган поэмаларынын» үлгүсү боюнча деңиз жөнүндөгү ырлардын өзүнчө бир түрмөгүн жазып салды. Булар жөнөкөй, жарык жана кооз, эрдик менен романтикага шыкалган ырлар эле. Мартин аны «Деңиз ырлары» деп атап, өзүнүн чыгармаларынын эң мыктысы деп тапты. Бул түрмөк отуз ырдан турду; ал күн сайын күндүзгү кара сөздөн кийин бирден ыр жазып отурду, — эл мода катары окуган башка жазуучу буга толук бир аптасын жоготмок. Бирок эмгектенгендин өзү Мартинге эч кандай мааниси жок эле. Башкысы ал эми сөз касиетин багынтты, нечен жылдар бою дилинде үнсүз катылып жаткан аруу ойлор эми көзү ачылган булактай шаркырап сыртка атылып чыгып, токтотуп болбос кубаттуу, шыңгыр агым менен албууттана акты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.