Казат Акматов

Мунабия

Казат Акматов

Кенебестигиң үчүн, жакын адамыңа кылган көңүл коштугуң үчүн турмуштун кээде сени жазалап коймою болот. Ошондо сен жаакка бирди жеген адамча көзүң умачтай ачылып, ордуңдан атып туруп, аттиңай, эсиңден чыгарып койгон, бирок баары бир сени келээрсиң деп күтүп турган түйшүктөрдү көздөй жан далбастап жөнөйсүң.

Азыр мен дал ошондой ахвалда бараттым. Көңүлүм ордунда болбогон соң, приёмникти өчүрүп, айнектердин баарысын туюк жаап таштагам. Руль кармаган колум тердеген сайын өзүмдөн өзүм жийиркенип, деле бүткүл дене боюм менен бир ылай сууга малынып алгансыйм. Адам деген бир капа болуп алса, жазылмагы кандай. Бүт жол бою каргашалуу кат эсимден кетпеди. Анын үстүнө ал конверт көзүмө сайылган кылкандай болуп дал маңдайымда, шиттин үстүндө жатат. Кайгым катуураак болсун дегенсип, дал ошол жерге өзүм таштап койгон экенмин.

Сокулуктан өткөн кезде конвертти аткып туруп бардачоктун түпкүрүн көздөй уруп жиберип, оозун жаап таштадым. Жатсын ошол жакта көр-жерге аралашып!

Ошентип өзүмдү жаш бала сооротконсуп алдап койдум да, андан ары жүрүп отурдум. Жолдо кыймыл аз экен, бутумдун учун педалга салмактай берсем, ылдамдык учу кыйыры жок өтө берчүдөй. Ошого бир аз алаксыган болом, бирок кайра эле катты адеп окугандагы жүрөктү таш тилгендей сөздөр жадыма келе берет. «Энеңдин өлгөнүнө эки жылдан ашты. Жанузактын беш баласы бирдей жүрүп карыган атаңарды ээн үйгө жалгыз таштадыңар, Мунабия деген бир мастанга бечера кишини тебелеттиңер. Ал жүзү кара энеңерден калган оокатты бүтүндөй үйүнө ташып кетти. Апаңар тирүү кезинде ырыс төгүлүп турган ордоңорду бүлдүрүп, төгүп-чачып жатат ал өлүгүңдү көрөйүн…»

Андан ары кат жазган неме биздин таш боор экенибизди, атага кайрымы жок мерестигибизди, мектепте окуган тестиер кызынын калем учу менен аябай шилтетиптир. Каттын аягында ысым жок, эч кандай белги да койбоптур.

Аны адеп окуп бүткөнүмдө бир шүмшүк үстүмө жаба жугунду куюп жибергендей эле болду. Өлчөөсү курсун, эң жаман кат экен. Мынчалык ачуу сөздөрдү өмүрү угуп көргөн эмесмин. Калыстыгы жок бир бейадеп баарыбыздын бетибизге жок жерден көө сыйпап жибергенине чыдабай адегенде абдан катуу жиндендим. Өзүбүздү деле бир күнөөлөгүм жок. Антиш эмнегедир оюма да келбептир. Көрсө ал адамдагы жанагы өзүмчүлдүк деген жаман касиеттин кылган иши окшойт. Анткени, аздан кийин бой токтотуп ойлоп көрсөм, чын эле маркум апамды жашырганыбызга үчүнчү жылга аяк басып, ошондон бери атам айылдагы ээн үйдө жалгыз турат. Жанына кароол киши болсо да бир жөн дечи. Атам өмүрүндө үстүндөгү кийимин өзү оңдоп кийбеген ыкшоо неме. Жаш чагынан тынбай зергерчилик кылып, анын бүткүл акыл-ою, күлкү-санаасы дегендей баарысы тең ошол жасаган буюмдарына чыгып кеткен болуу керек. Жалгыз иштеп отурганда карасаң, өзүнчө эле толкуп ташып, беттери жошолонуп албырып, көз нурлары жылт этип чачырай калып, көкүрөгү бүт жашырын сырга толгон адамча абдан ышкыбоздонуп иштээр эле, бирок такыр унчукчу эмес. Кечке дейре бизге көөрүк бастырып узанчу, кечке дейре чечилип эки ооз сөз айтчу эмес. Ошон үчүн аны эл «Жоош Узак» деп жөн салды гана кепке кыстарымыш этип койчу.

«Жарыктык киши, өзү деле кыйналдым-кысталдым деп бир кабар берип койбойбу» деп атама да күнөөнүн теңин оодаргансып коём. Жо чын эле да, шаардагы кишиң курусун, кызматың бир кычаса, жумалап үй бетин көрбөй, ата-энеңдин атын унутасың дегендей эле бар. Унутам деген ушул эмей эмне. Шаардан алыстаган сайын ой-санаам шашып-ушуп барганда сөздү эмнеден баштап, эмнеден бүтөрүмдү пландаштырам. Максатым эле атамды шаарга алып кетиш.

Айылдагы аталаш туугандарыбыз: «Атаңарды шаарга алып кетип, кышкысын колуңарда кармагыла, анан чогулуп ошол шаардан бир кемпир таап кошуп коёбуз. Жаздан баштап кайра экөө бул жакка келип тура берсин», – деп тээ былтыр эле акыл айтышканына муюган элем. Айылда башы бош кемпир деген калбай калса керек. Баары эле издеп таба алышпай жүргөнүн укчубуз. Ал эми жанагы Мунабия деген аялды болсо колдон келсе, бир кысымга алсамбы дейм. Биз аны илгертен биле жүргөн аял. Жарыктык, апамдын кыштак боюнча эң жаман көргөн адамы болчу.

Нечен жылдар бою апам эмне үчүндүр ал аял менен араздашып, үйлөрүбүз көчөмө көчө турса да киришүү деген бизде болгон жок. Не себептен ошондой экенин түшүнчү эмеспиз. Айтор бала чагыбыздан Мунабия тууралуу апамдан бир ооз жылуу сөз укканыбыз жок. «Ал мастан бизге жакшылык санабайт. Ал шүмшүк биздин үйдүн кутун учурду! Ал жез кемпир мындай, ал өлүгүңдү көрөйүн тигиндей…» – дегенден апам түк жадачу эмес.

Эсимде, кайсы бир жылдары, биз бала кез эле, бирөөнүн тоюнда олтурган аялдардын ичинде чатак чыкты дегенди уга сала кызыкка батмакка чуу коюп келсек, менин апам ушул Мунабияны чачтан алып сүйрөп, тимеле киши өлтүргөн кылмышкерди кармагандай тытмалап атыптыр. Аялдардын баары кызымталбы, же тигил экөөнүн чатагынын сыры ошондойбу, айтор экөөнү ажыратымыш болуп, ортого түшкөндөрдүн көпчүлүгү апама тарапташ болгонсуп, Мунабияны жалгыздап, жектеп жаткан мүнөздө, кээси шарактап күлүп, а кээси: «Тим койгула, экөө чарчаганда басылат», – деп кебелишпейт.

Ошого менин ызам келип кетти окшойт, жүгүрүп барып апама моюн бербей аткан Мунабияны бир түрттүм. Антсем аялдардын баарысы кыраан-каткы. «О ананайын, энесине болушат деген ушул. Карма Мунабияны шыйрактан! Этегин жулуп сал!» – дешип шаракташат. Мен эси жок ошого шердене түшүп, чындап эле тигил апамдан запкы көрүп жаткан аялга улам барып катылып калам. Эми ойлосом апамдан бир топ жаш кичүү Мунабиянын ошондо суйсалган келин курагы экен. Менин күүлөнүп кетип тийгеним ага чымын конгончолук болбосо керек, кайра мени аяп, макулук бир жерин оорутуп албасын дегенчелик колун аярлай тосуп калат.

Ошентип жаткан үчөөбүздүн чатагыбыз бир маалда жалт этип чырак өчкөндөй эле токтоду. Эмнегедир ошол учур балалык зээнимде кадим бүгүнкүдөй дапдайын сакталып калган экен.

23.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.