Казат Акматов
Мунабия
Аялдар туш-туштан жажалап, биз үчөөбүз дагы да чачташып тирешип атат элек. Ал аңгыча жондорубузга өрүлмө камчы тарс-тарс эле дей түштү. Үчөөбүз тең онтоп барып, дароо үч жакка качып чыга бердик. Тигилерди билбейм, менин жон терим сыйрылып, денем эки жакка ажырап түшчүдөй бакырып жиберипмин. Карасам бизди чапкан атам экен. Тигил, эркектер отурган төркү үйдөн атып чыккан көрүнөт. Өң-алаттан эчтеме жок, көздөрү чоктой кызарып алган. «Наалат!» «Наалат!» дегенден башка оозуна сөз келбейт. Каржайган бийик бою солкулдап, азыр мына бул отургандардын баарысын кырып таштачудай түр менен бир карады эле, үйдүн ичиндеги аялдар бүтүндөй кокуйлап, ызы-чуу боло жапырылып калды. Сөз кайрып сүйлөгөн бир жан жок.
–Бас үйгө! – деди ангыча атам апамды демите. Жанатан чач тутамдап албууттанган апамды карасам, эми тимеле коёндон бетер корголоп, төрдүн төбөсүнө чыга качкан экен.
–Бас! – деп атам жана бир тап берди эле, жакын тургандар «чур» дей түшүп барып, апамды денелери менен басып калышты. Аялдардагы биримдик деген ошол тура!
–Жылып жүрүп камчысынын кандуусун кантесиң!
–Ачуусун кара, жаман жооштун чакыраңдап!
–Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп…
Аялдар шарактап күлүп, атамдын артынан шылдың сөздөрүн агытып калышты окшойт. Атам болсо өчү канбай дагы бирөөнү издегенсип, сыртта жарданып тургандардын ичин тинтет. Бир маалда агы чыгып чакырайган көздөрү мага чалдыга түштү эле, тыз коюп, дароо үйдү көздөй безип бердим. Жоош, жоош деп коюшат, атам жоош болбой калсын. Бир ачуусу келгенде өзүнүн да, башканын да өлөр-тирилерине карап койбойт. Бирок ачуусу, ырас, чанда гана бир кармай турган. Анысы чын.
Мен асия таяк жегениме ызалана, көз жашымды токтото албай келе жатсам, Мунабия алдымда экен. Жылаңаяк буттарымдын дабышын укчудай эмес ал. Ошого бел байладым да жүгүрүп баратып этегинен булкуп кеттим анын. Бир кыйын иш кылгандай өтө берип кылчак карасам, атамдан камчы жеген байкуш Мунабия ошондо башын бир жагына армандуу кыңайтып, көз жашы он талаа болуп куюлуп, жолду да көрбөй, дабышты да укпай, деле жарык дүйнөнү түк сезбей, өзүнчө бир укмуштай ичи өрттөнгөнсүп, жинди болгон сыяктуу ыргала басып келатыптыр. Мен таңыркап дагы бир ирет кылчайдым да, андан ары чу койдум. Анткени артта атам чоң-чоң арыштап бизге жете келаткан экен. Камчысы дагы эле колунда жүрөт. Болду-болбоду азыр Мунабияга жетип аны дал ортого жана бир салат деген болжол мени кылчактата калды. Кандай чабаар экен, Мунабия анда эмне кылар экен деген балалык ой. Бирок окуя мен күткөндөй кызык болбой калды. Атам Мунабияга жете келди да эңкейип бир кыжалат сөз айткандай болду.
Ошентсе Мунабия аны алайган жаштуу көздөрү менен жалт бир карап алды да, эмнегедир шарт бурулуп, ылдый, бедени аралаган жалгыз аяк сокмо жолго өтүп кетти. Мен делдейип, дагы эмне болор экен дегенсип токтоп калыпмын. Ошондо атам бир кызыктай буйдала түшүп, алды менен Мунабияны көздөй жүткүнө, бирок кайра токтоп, артындагы жарданып турган эл-журтту ызалуу карап алды да, мени көздөй түз обдулду. Дароо безип жөнөдүм. Үйгө жетип, сарайдын түпкүрүндө жашынып турсам, атам дал короонун ортосуна келип теңселип тура калды да, жүрөк тушун мыкчыгансып кыйналып, анан бир оокумда колундагы табылгы сап, күмүш бел камчысын тизесине эки бөлө карч уруп туруп, очокту көздөй ыргытып жиберди.
Дагы айтайын, андагы окуя эмнегедир күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал түгүл ошондон эки күн өткөндөн кийин апам келип, атамдын жер-жеберине жетип, айласын алты кетиргени да көз алдымда эмнегедир. Үй-бүлө дегениң адам түшүнүп болбогон бир шумдук дүйнө болот окшобойбу. Аны мен ошол балагат кезимде биринчи жолу өз көзүм менен көргөм. Атам экөөбүз ошентип эки күнү үйдө жалгыз жаттык. Алиги чатактан кийин эки күн удаасы менен апам үйгө келбей койду. Атамдын болсо анын кайда түнөп, эмне кылып жүргөнү менен бир тыйынча иши болбогонсуйт. Өчүп калган көөрүгүн кайра тутантып мага бастырып койду да, баякы өмүр бою кыла жүргөнүн адатынча узанып кирди. Үчүнчү күн дегенде өңүнөн ачуунун изи кетип, карасам атам баягы эле биз билген унчукпас, жини келбей, өз дүйнөсү өз ичинде жымырылган кадимки «Жоош Узакка» айланып калыптыр. Ошондон кийин анан апам акырын жыла басып келип жүрөт үйгө.
Адегенде короого баш багып кирип, өзүнчө сүйлөнүп, чачылган отундарды жыйып, очокту көздөй ыргытып, атама дароо катыла койбой, мындай сырттараактан улкулдап-булкулдап, анан акыры атам экөөбүз узанып отурган үйгө баш бакты да алды менен мага бир тийди:
–Алдагы кебетеңди карачы! Талаада калган жетимдей болуп. Бас, тур бети-башынды жууп, көйнөгүңдү алмаштырып кий!
Ошентип мени сыртка айдаган соң устаканага биротоло кирип, эшикти жаап алып, анан атама чабуулга өттү бейм. Деле көпкө дейре апамдын күңкүл-күңкүл үнү басылган жок. Бирде ызырынып, бирде бирөөнү туурагансып акчыланып, анын ортосунда атамды эликтегенсип, кайра бир туруп ызалуу күлкү чыгарып салып, айтор миң бир алекет менен байкуш атамдын мээсин абыдан эзгиледи көрүнөт.
Бирок, байкуш дейин десем атам деле бир үн чыгарып козголуп койбой, балка метилерин бир калыпта чакылдатканын жазбагансыйт. Апамдын деги кимге сүйлөп, ким менен жекелешип жатканы белгисиз. Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармап кетти окшойт. «Мен сага бала тууп бергем. Беш баламдан айлан. Болбосо алтын сөйкөнү тап! Кайда сөйкө! Же аны тигил жиндиге бергениң жалганбы ыя?! И, жалганбы же?!» Урушкан сайын атама айтып жүргөн эң негизги дооматына өтүп кетти окшойт. Биз бала болсок да апамдын бул дооматында өзгөчө бир чактан маани бар экенин туюп калар элек. Анткени башка эч бир жемеге чым этип койбогон атам ошол алтын сөйкө дегенди укканда эле каны бир башкача бузулуп кете турган да болду, колуна эмне тийсе ошону менен апамды көздөй шилтеп калар эле. Мына азыр да ошондой болду окшойт. Калыбынан жазбай чыкылдап жаткан балкасынын үнү тып басыла калды да, бир нерсе күп деп, аңгыча эле апам будаланып, шашылып эшикке чыга түштү. Оң ийнин сыйпалап, жоолугун оңдоп салып, күйөөсү менен сүйлөшөр сөзү ушуну менен бүткөн сыяктуу. Эми белгисиз эле кимдир бирөөгө: «Ал өлүгүндү көрөйүндү баары бир бул айылдан сүрүп жоготом!» – деп көп анча чечкиндүү өңдөнбөй, дароо эле азыр эмес, келечекте кыла турган ишин айткансып, үнү бошоңдоп калыптыр. Көрсө ошентип араздашкандардын аз-аздан ачуусу кетип, анан үй-бүлө дегендин оңбогон алдамчы турмушу кайрадан ымалашып алдыны, карылыкты, анан андан аркы көрүнүп турган акыркы чекти көздөй тымызын жыла берет турбайбы.
Жолдун бурулушу ылдамдык менен кошо жүргөн ой-санаамды бузуп койду. Көрсө биздин үйгө имерилчү туура көчөгө келип калган экем. Чаржайыт сабалаган элестер дароо баштан учуп, мен алдыдагы максатымды, атама айта турган кеп-сөздөрүмдү жыйынтыктап, ой чуркатып алгычакты дарбазага жетип келдим.
Мотор өчүп, машинанын деми сууган арада сыртка чыкпай бир азга сүрдөйм. Мемиреген оор тынчтык бир шекилдүү, кооптуу тунжурайт. Апамсыз калган үй эмнегедир бизден алыстай түшкөн сыяктуу сезилет. Балким мында азыр Мунабия бардыр. Ошол ээлик кылып калгандыр. Айнектен биздин көк рамалуу, көк верандалуу, көк дарбазалуу, ар бир тактайга кагылган ийри мыгына дейре жадыма жат мекен-үйүбүздү бир сыйра жүрөк опкоолжуп карап алдым. Көңүлүмдүн тереңинде кайсыдыр бир үмүтүм бүлбүл этип, дагы эле болсо үзүлбөйт, гүлдүү көйнөгүн, кара маасысын босогодон көрүп калиткадан апам чыга түшчүдөй…