Казат Акматов
Мунабия
Машинадан чыгарым менен атамдын устаканасы тараптан угулган чык-чык-чык эткен тааныш үн. Ошону укканда менин бардык сестейген ички сезимдерим, нервдерим бир аз орду-ордуна келе түшкөнсүдү. Демек мени санааркаткан, белгисиздиги менен эртеден бери кооптонткон дүйнө жок дегенде жарым-жартылай өз ордунда!
–Салоомалейкум, – дедим устакананын босогосуна барып. Атам баш көтөрө менин коопсунган кебетемди көрүп туруп, колумду кысканчакты жым деп ууртунан күлгөнсүп койду. Анысы – «кел, келе бер, эч айыбың жок» деген аталык кечирими. Биз, Жанузактын балдары атабыздын жүзүнөн мындан башка белгинин изин чанда гана бир байкабасак, көрчү эмеспиз. Баарыбызды тең ар дайым энебиз жазалап, энебиз кечирим кылчу, энебиз эркелетип талтаңдатчу, чыбык же муштум керек боло калганда аларды да жалгыз гана энебизден алчубуз.
–И, кайда жүрөсүз? – деди атам балкасын камдап алып.
Бирок бир азга чаппай туруп. Карасам атам эмнегедир көзүмө башкача көрүнүп калыптыр. Кадим эзелтен берки бир оорусунан айыккан кишидей иреңинен сарысы кетип, көздөрү нурланып, сакалы кынаптап серпилген, үстү-башы таптаза. Көз карашында кандайдыр таң калгандык, мен күтпөгөндүк бар, бирок таарынычтын түк белгиси жок. Ошондон улам мен өзүмдү кайсы бир жаман дилимде бу кишинин баласы эместей сезип кеттим. Көңүлүмдүн тереңинде негедир тырчуу пайда боло түшкөнсүдү. Бирок аны билгизүүгө эч шылтоо жок эле. Ошондуктан кадимки эле сагынып калган баладай атама бүткүл мээримимди төгө элжиредим. Атам дагы ошентсе деп, азыр тура калып жалына-жалбара бетимден өөп, көзүмө, колума, ар бир кыймылыма ичи эзиле карап, бир далайга божурап артымдан ээрчип алса деген илгерки балалыктан калган кусалык мени бийлеп турду окшойт. Бирок атам анымды байкаган да жок, элес алган да жок. Ал жанагы адеп келгендеги бойдон эч өзгөрбөй кала берди. Ошондо мен бир чети атама калыстык кылбай, андан маркум апамдын мээримин, сүйүүсүн талап кылып жатканымды, экинчиден бу дүйнөдө эң теңдешсиз энелик мээримден биротоло айрылганымды дааналап сездим.
–Көөрүктү сагындыңбы? Кана, басчы! – деди атам аңгыча мага деген эң кымбат сөзүн эми таап айткандай жымыңдап.
Мен плащымды чече салып, кош колдой көөрүктү басып кирдим. Жатыркап унут болгон колдорум эки жеңи тери көнөктү ырааты менен баса албай, чалыштай түшүп жатса, атам ошону карап туруп, анан биротоло ичи эзилип жыргап күлдү.
–Унутуп калыпсың го! – деди ал бир аздан кийин такыр кубанычын жашыра албай кыткылыктап. Мен дагы көздөрүмө ысык жаш келип эреркедим атама.
Ошондон кийин барып экөөбүздүн ортобуздагы ата балалык мамиле бир аз ымалашты көрүнөт, тартынбай сүйлөшө баштадык.
–Ата бизди күтүп аттыңызбы?
–Силердин ишиңер кыйын да балам…
–Бат эле эки жыл өтүп кетиптир…
–Эки жыл деген эмне – эки эле күн.
–Жалгыз абдан жүдөдүң го, ата?
–Тирүүнүн оокаты эптеп өтө берет, балам.
–Быйыл кышта шаарга барып туруңуз. Атайын ошону сүйлөшөйүн деп келдим.
Атам адегенде менин сөзүмдү укпай калган киши болуп, бирок акыры жооп берүү керек эмеспи дегенсип кабагын саал чытый калды. Айтканым ага жакпаганын дароо сездим.
–Барат элем,– деди бир маалда жоошуган түр менен, – бирок мүмкүн эмес, балам. Шаарга жаш кезде барбаган киши зили көнбөйт тура.
–Кыш туруп, жазда кайта келесиз. Элдин ата-энелери бүт эле ошентип жатышат.
Атам мен тараптан жагымсыз бир жыт искегенсип иреңин жука бырыштырды.
–Билбейм, алар кандай немелер экенин… Үй-жайын талаага таштап.
–Үй-жайды туугандар карап турат да.
Атам баш көтөрүп мени ормоё карап койду. «Бул чындап эле мени шаарына чакырып келгенби», – дегенсиген көз караш. Мен анын ошол көз карашын тосуп алып, зарыла жооп күтүп турдум. Атам ойлонуп калгансыды.
–Мени жайыма эле койгула, – деди ал бир аздан кийин үнүн экинчи бул айтканын кайталагыс кылып чыгарып, –менден кабатыр болбогула.
Сөздүн чыны мен атамды шаарга кетишке бат эле көндүрөм го дегем. Кыштын күнү жылуу үй, жумшак төшөк десе ким эле кача коймок. Бирок байкап көрсөм, атам мага көнчүдөй эмес. Шаар жөнүндө дагы бир ирет айтайын десем, ал кадимкидей ормоңдоп, балкасынын сабын ачуу менен дөөшүгө кагып-кагып алды. Мен да тырчыдым. Кыркка чыгып, буурул чач болгон мени атам баягы эле илгеркидей баласынтат. Сөзүмө кулак түрүп, бир аз абайлап көрөйүнчү деген оюнда да жок.
Мен ачуум менен көөрүктү күш-күш эткизе, көмүрдүн күлүн сапырам, атам болсо: «Сааттай болуп кайдан келип калдың?!» – дегенсип мени териси сүйбөйт. Мойнун ары көздөй бурайт. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык.
Биз ошентип жактырышпай турганчакты калитка кыйч этип, Ажике жеңем короого кирип калды. Атамдын ортончу инисинин аялы. Жеңем кире сала эле чоң үйдүн астын шыпырып, казан-аякты калдыратып, кадим өз үйүндө жүргөндөй. «Саламатсызбы, жеңе?» – десем «Адам-ээй, каран катыгүн, сен белең, анан мен келдим деп койбойсуңбу», – деп кадимки мага тааныш балбан кыялы менен тосуп, энемдин салтын жазбай башымдан суу тегеретип ыргытып, алды менен эч сыр берген эмес. Жеңеме мен да сүйүндүм, биз жокто атамды жалгыз бозортпой үй оокатын колдон алып, аны тигинтип таптаза кийинтип, өңүнөн азбай тың турганына ушул Ажике жеңем себепкер эмеспи дегенчелик, ал кишиге туугандык сезимим өзгөчө козголуп ыраазымын.
Анын үстүнө чоң үйгө кирсем, бөлмөлөрдүн баарысы тең жаркырап таптаза, ар бир буюм баягы апам бардагыдай, ал түгүл андан да иреттүү, орду-ордунда, карападагы гүлдөргө суу куюлуп, китеп текчелердин чаңы сүрүлүү. Айтор бардыгы жайында, көңүлүң ачылат үйгө кирсең. Мен Ажике жеңеме атайылап рахмат айткым келип, бирок кыргыздарга антсең тууган ичинде жакшылыкты эсептегендей ойлоп таарынарын ойлоп, болгону жеңеме эзиле карап, ичим жылыгандан жылый берди.
Бирок ошондон көп өтпөй үчөөбүздүн ортобузда мен түшүнбөгөн кызык окуялар башталып, акыр аягы чыр-чатак менен бүтсө болобу. Кептин баары Ажике жеңем самоор коюп, бизге түшкү чай берем дегенден башталды окшойт.
Жеңем самоор коём деп балпактай кетти да, бирок керектүү идиштерди таппайт, же ширеңкесин таппайт. Экөөбүз эптеп жүрүп самоор тапсак, эми отуну кайда, суусу кайда болуп убарабыз. Шкафтар, сандыктар бая апам бардагыдан өзгөрүп, тамак-аштын турган орду таптакыр алмашылып кетиптир. Биз антип убара болуп жатсак, атамдын негедир сиркеси суу көтөрбөй, уламдан улам түнөрө берди. Утуру ордунан тура кетип, этек-жеңин кагып-силкип, Ажике жеңемдин басып-турганынабы, сүйлөгөн сөзүнөбү, же кылган ишинеби, айтор баарына эле итатайы тутулат. Мен атамдын мындай жеңил кыялын өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кирин жууп, ашын жасап жүргөн жеңеме мынчалык неге үтүрөңдөйт деген ойдо мен ого бетер жактырбай улам алайып карап калып жаттым аны. Бирок анткенимди эсепке да алган жок, барган сайын кыжыры кайнап, туттугуп, экөөбүздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок атамдын.
Бир оокумда Ажике жеңем чай издеп шкафтан шкафты аңтарып калды. Же каргыш тийген чайы табылбайт, же жеңем издегенин койбойт. Кебетесине карасам, ушул үйгө далайдан бери кирген сыягы жок жеңемдин. Менин эсиме Мунабия кайрадан кылт дей түштү. Жеңем эмей эле ошол жасап жүрсө керек бул үйдөгү оокатты. Же балким андай эместир…
–Чайыңызды кайда койчу элеңиз? – дедим Ажике жеңеме ачуум келе түшүп. Жеңем суроомо жооп бербестен, суурмалардын улам бирин чаңызгытып аңтара берди. Баарынан кызыгы анын да атамдан бетер ачуусу келип, өңү кара көк тартып алыптыр. Улам ылдый түшкөн жоолугун улам кулагынан арта салып, бир нерселерди кыжырланып күңкүлдөйт. Кебетеси дал атамдын өзүнө акарат кылып жаткандай.
–Чайыңа ыраазымын, келин бала! Тим эле койчу! –деп жиберди бир маалда атам анын ошол күңкүлдөгөнүнө чыдабай. Менин шаштым кете түштү. Карыя киши да ушунча орой сүйлөчү беле, жарыктык. Жеңем бечарада эмне күнөө? Чай кайнатып бергени жаткан жазыгыбы?!
Адегенде ушундай ойлогон мен жеңемди мына азыр булкуна туруп, үйүн көздөй жөнөйт экен деп чочугам. Бирок ал эмнегедир антпеди. Антмек түгүл мурдагыдан бир өзгөргөн түрү жок. Эч нерсе укпаган кишиче издеген чайын издеп, баягы эле кимгедир кыжырданып тилденет. Анткен сайын атамдын каары бетине чыгып, акыры жеңемди үйдөн кууп чыкчудай туталанды.