Казат Акматов
Мунабия
–Мага чай бербей, уу берчи! Уу бер! – деп ал боюн токтото албай калчылдап. Жеңем болсо деле атамдан бир сөз укпаган киши. Мен ошого укмуштай таңыркадым. Бул эмне деген окуя? Кимисине болушуп, кимисине эмне сөз айтарымды билбейм. Жеңеме жан тартайын десем, анын дал өзүндө мен билбеген бир сыр бардай. Болбосо атамдын тигинтип кыйкырганына бир кайрылып жооп кылбайт беле. Балким жеңемде бир ажайып күнөө барбы дейм. Бирок ал эмне деген күнөө болмок? Айтор улам барган сайын экөөнүн ортосуна кирише албай четте калдым. Баарыдан ичим күйгөнү атам мени бүгүнкү келгениме, жанында турганыма эч бир көңүл бурбай, мени келдиби-жокпу дебей, кандайдыр жашыруун турмушу менен, мага белгисиз өз санаасы менен алек болсо, ошол себептен келининин эч уялбай араздашып, ага кыйкырып орой сүйлөп, мындайча айтканда Ажике жеңемдин жакшылыгына жамандык менен жооп кылып жатканы болду.
Эмне себептен мындай болот? Эмне себептен илгертен «Жоош Узак» аталган бир мүнөздүү, түнт киши минтип бир жылга айланбай кыялы кескин өзгөрүп, адам тааныгыс абалга келет? Мен чын эле эч нерсе түшүнө албай капа болуп турдум эле, аңгыча атамдын биротоло каны бузулду бейм, эмне кылып, эмне коюп жатканын өзү билбей, калч-калч этип тура калды да, жеңем жаңы эле сырттан алып келген самоорду кайнаган суу-пуусу менен көтөрүп туруп, эшиктен ары шилтеп жиберди.
–Мен чай ичпейм. Мага баарыңар чогулуп келип уу бергиле! Уу керек мага! – деди анан эки-үч сапар каргылдана кыйкырып. Андан соң төркү үйгө өттү да эшикти тарс жаап алды. Жеңемдин өңү да өзгөрүлгөн жок, кыймылы да шашылбады. Сырт кейпине караганда ал эрке баласы чатак салып тайраңдап жаткан эне сыяктуу, адепсиз жубарымбектин качан басыларын күтүп турган сыяктуу.
–Бул эмне деген спектаклиңер?! – дедим мен жеңемдин ошол кебетесине ачуум келе шаардыкча жаргонум менен. Антсем «Кап, сен чай ичсең болбойт беле. Жолдон келбедиңби», – дейт Ажике жеңем менин суроомду кеп ордуна көрбөй өзүнчө кобуранып.
–Жо, бул эмне деген мамилеңер?! Түшүндүрүп бергилечи, – дедим мен жадагалса бул аялга да сөзүм өтпөй турганына ызалана титиреп. Ошондо жеңем мага таң калгансып, бир чети ишенбегендей кыйгач карап турду да, жүрчү быякка дегенсип эшикти жаап, сыртка чыкты.
–Сени уул, кыркка чыккан киши дейт. Эмне үчүн менден сурайсың атандын ахвалын ыя? – деди ал эки колун бооруна ала кадимки ажаан катындай сурдана түшүп. Мен эмне айтарымды билбей калдым.
–Эмне үчүн силер шаардагы энтелегент сөрөйлөр бир келип атаңардын ал-жайын сурап койбойсуңар?! Же кичинесиңерби? Же силерге атанын кереги жокпу? Улуусу сен кыркка келдиң, кичүү иниң отузда. Ортодогу кыздарыңар болсо үчөө тең килеңдеп үч күйөөнүн мойнуна минип жүрүшөт. А бул жакта жалгыз атаңар бир мастанга апаңардын ак шейшебин тебелетип, салтта жок жосунду кылып отурат. Бейиши болгон жеңем тимеле көрүндө аласалып аткандыр. Ал энеңдин өлөрдө айтып кеткен керээзи бар билесиңби?
Мен «билбейм» дегендей делдейип турдум окшойт, жеңем дароо эле сөзүн улай берди. «Ушул теги жок салбар Мунабияга он түтүн Танай уулунун бирөөнүн босогосун аттата көрбөгүлө», – деген болчу, апаң маркум өлүп бара жатып. Жарыктык акем: ошону өз кулагы менен угуп турду эле, бирок тигил азезил катын анын оюна койбой башын тегеретип атпайбы. Атаңдын башы тегеренип калганын көргөн жоксуңбу же?
Мен Ажике жеңемдин суроосуна жооп бере албай, «Атаганат, тигил бардачоктогу ачуу катты сиз жазган турбайсызбы жеңе!» – деп телмирип, бир эле учурда башыма ушунча көп күтүлбөген ойлор келгендиктен, тилим буулуп, эсим кетип турду. Жеңем болсо мени долдойгон сырт кебетеме ичинен кыжыры келе сөздөрүн ого бетер ачууланта, менин намысыма тийгендей кылып, тигил Мунабия деген аялга жаалымды козгогудай аракет менен улантып жатты.
–Биз Танайдын келиндери маркум энеңдин керээзи деп атаңа жаман көрүнүп жүрөбүз. А силер болсо ар-намыс менен ишиңер жок. Эми мына сен келипсиң, атаңды тигил жиндиңден ажыратып, шаарга алып кет. Болбосо акемди көк мээ кылат ал. Ансыз деле жетишип калды, көрдүң го өзүң? Мен ичимден: «Да, көрдүм», – деп жеңемдин дал ушул сөзүнө аргасыздан макул болгонсудум.
Ошонумду кыйды жеңем көзүмдөн сезе койду окшойт, дароо мага ыктай калып, добушун эми мага толук ишенген кишидей шыбыш аралаш чыгара баштады.
–Алып кет атаңды! – деди ал дагы бир жолу мен эмне кылышым керек экенин дааналап.
–Болбосо биз такыр ээ боло албай калдык. Күндүз го макул кайтарабыз, Мунабия шүмшүктү бул жакка жакын жолотпойбуз. Ал өлүгүңдү көрөйүн болсо түн ичинде келип, атаңдын үстүнө кирип алып атпайбы. Таң куланөөк атканда кайра кетип калат экен, о бети жок шерменде десе, карып кемпир болгондо ошого кантип барат уялбай. Акемдики эмне мейли дечи, эркек эмеспи, а тигил бейбактын кылганын айтпайсыңбы, алигиси небак мүйүз болгонуна карабай бетпактанып жүргөнүн!