Казат Акматов
Мунабия
Асылбек байкем да көрсө чукул жерде экен, аксакалдын үнү чыкканчакты арада шып жетип келди да, аялын жеңден тартып кетти. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып, Мунабияны көздөй тап коёюн дегичекти Мунабия аны кыжалат бир карап алгандай болду. Ошондо ичиндеги тиреп турган пружинасы сынып калган өңдүү шылкыя түштү жеңем. Көздөрүндөгү эмелеки чакыраңдаган ачуу оттору негедир дароо өчүп кетти. Жеңемдин ошол кебетеси менин санаамды дароо тынчыткансыды, жеңем дайыма эле ушундай болуп жүрсө деген каалоо келип кетти оюма. Бирок анда дагы эле кайраттын көрөңгүсү калган экен. Мунабия боз үйгө кирип кетер менен бетин аткып үзүп алды: «Уялбай баягы жылы акем жоготкон алтын сөйкөнү тагынып келген тура!» – деди анан ал карап тургандардан жардам сурагансып жалооруп. Бирок эч кимден жооп болгон жок. Бир жылдары маркум апам баш болгон биздин айылдын аялдары: «Жанузак жасаган алтын сөйкөнү Мунабия уурдап кетиптир», – деген ушак-айың таратышып, ал тургай тигил жалгыз бой аялдын үйүнө кирип барып тинтишкенин уккан элем. Аргасыздан азыр ошол эсиме түштү. Көрсө Ажике жеңем ошол шөкөт буюмду дагы эле издеп жүргөн экен. «Кызык» дедим мен өзүмчө таңыркап, бир кезде ачуунун, көрө албастыктын айынан чыккан сөйкө жөнүндөгү куру жалааны жеңем ушул убакка чейин Мунабиянын бетине жабам деп жүргөнүн кара! Баланын эле оюну карап турсаң. Байкуш апам да өлөр-өлгүчө ал сөйкөнү атамдан доолап, урушкан сайын таап келгин деп чатак чыгарчу. Эсимде, атам маркум баарын көтөрчү, бирок ал сөйкө тууралуу сөздү көтөрө алчу эмес. Элдин айтышына караганда ошол алтын буюм атам өмүрүндө жасаган нечен-нечен мыкты зергер белектердин эң мыктысы экен.
Мунабиянын кулагынан ал буюмду мен да көрсөм экен деп койдум.
Ыйлап демин суутуп алгандан кийин Мунабия да аялдарга кошулуп кошок кошо баштады. Адегенде көптүн ичинен анын үнүн биз ажырата алган эмеспиз. Бир убакта тыңшасак мурда биз угуп жаткандан башка бир муңайым үн өзүнчө бөлүнүп, башкалардан бөтөнчөрөөк угулат. Бара-бара ошол үн өстөндөгү улам арбып, улам арты түрүлүп аккан жазгы суу сыяктуу коюуланып, ичи толо арман күүгө шыкалып, барган сайын муңканып, чыйралып жүрүп отурду. Ыргагы да, сөздөрү да башкаларга окшобойт, кантсе да алар мурда-кийин жамандыкта айтыла жүрчү көнүмүш сөздөр эместей. Ошон үчүн боз үйдүн сыртында отуруп-турган эркектер да кобурларын токтотуп, алиги сөөк үстүндөгү чыккан жалгыз үнгө кулак төшөшкөнсүйт. Элди билбейм, менин бүт көңүлүм ири алды Мунабиянын ушул азыр атама айтып турган сөздөрүнө байланды. Бир отургуч алып алдым да үн чыккан тушка ыктай олтуруп, ысык жаш чалган көздөрүмдү бекем жумдум:
Жанузак, адашып келип дүйнөгө,
Жанузак, алдыбыз чырмоо тор болду.
Жанузак, ажырым ойноп күлө албай,
Жанузак, алтындай өмүр кор болду.
Жанузак, жер астына сен кетсең,
Жанузак, артыңдан удаа жетермин.
Жанузак, жер алдында жок болсоң,
Жанузак, армандуу бойдон кетээрмин.
Жанузак, булуттуу көктө жок болсоң,
Жанузак, бул турмуштан кечээрмин.
Жанузак, жаземдүү тагдыр кор экен,
Жанузак, жазмыштын күчү зор экен.
Жанузак, жайыңа кеттиң күтүп ал,
Жанузак, о дүйнө бизге доор экен.
Ый бүткүчөктү баштарын жерге кулатып дым отурган элдин жону аппак болуп кетти. Жер аппак, боз үй аппак, тал-дарак аппак, асман аппак. Кошоктун күчүнө мен ошондо айран болдум. Кошоктун сыйкыры менен табийгат өзгөрүп жаткансыды мага. Кара жоолук салынып боз үйдүн ирегесинде турган аялдар да ак башыл болуп бир башкача шоолаланып көрүндү көзүмө. Кирпик көтөрүп байкап турсам, алардын чынында эле ушул мүнөттө Мунабиянын тагдырына диттери биригип, ага кошула баарынын тең аялдык жааты козголуп, баарысы тең адамдык, аялдык бийик ант-шертти бир кол менен тутамдап чогуу турушкансыды. «Көрдүңөрбү, аял деген кандай асылзат болот? Көрдүңөрбү, аял деген көңүлү бапестеген адамына кандай берилет. Тирүүсүндө да, о дүйнө кеткенде да аял андай адамын бийик урматтап көкөлөтө алат», – дешкенсип, ошонусу менен алар мына ушул саатта бизден, эркектерден кыйла жогору көтөрүлүп тургандарын өздөрү да сезип жатышты окшойт. Мындайда деле божур-божурун токтотпогон арыдагы карыялар баш болуп бүт өчөйүп, эркек журту баш көтөрбөй дагы бир аз отурган соң, боз үйдүн ичи түйшөлө түштү да, бүт тулкусуна суйсала төгүлгөн кара жоолугун ийиндерине бош таштаган Мунабия сыртка чыга келди. Мен жакты карагансыды, бирок мени көргөн жок ал, карыялар жакты карагансыды, бирок аларды да көргөн жок ал. Тек гана эмеле жер бетин жаба калган аппак карга таңыркап тургансыды да ылдый, үйүн көздөй жалгыз басып жөнөдү.
Ошол тунжураган жымжыртта оолагыраак ойноп турган бир наристе кыз менен моколой жаш баланын кытылдаган күлкүсү кулак аралады эле кимдир бирөө ачуулана, жеңиндеги карды силкип-силкип жиберди:
–Ай жашабагырлар!..
Эки наристе алиги кишини эликтегендей шыңк күлүштү да, кол кармаша нары чуркап кетишти.
–Олда ананайындар, деле кол жупташып табышып алышкан тура, – деди бир кемпир эки наристенин ошол кылыгына ичи элжиреп.
«Табышса экен дедим мен ичимден, ылайым адамдардын баары эле бирин бири издеп таап алышса кана!»
Аңгыча Мунабия саал узай түшкөн экен.
–Эй бала, тигил апаңды кайтарып келчи! Кетпесин, Жанузактын сөөгүн узатсын! – деди Конокбай ошондо бир эсе элге жарыя кылгандай бек-бек сүйлөп.
Жумшаган бала жүгүрүп барды эле Мунабия саал токтолуп туруп, анын башынан сылады да, эч сөз айтпастан, арылап кетти.
Ошондо Мунабия эмне үчүн кайрылбай кетип калганын ушул кезге дейре түшүнбөйм. Өзүнөн сурайын десем ал азыр жок, Мунабия – жаркын апам!