Казат Акматов
Мунабия
Көрсө Конокбайдын милдети мага ушул сөздү бир ооз гана кулак какты кылып коюш, а макулдугумдун эч зарылчылыгы жок экен.
Ошону менен өлүк узаткан, аза күткөн Танай уулунун улуу-кичүүсү, аял-эркеги эми Мунабиянын келер-келбесин, келсе кантип, эмне болуп келерин күтүп калгансыды. Убакыт өтүп жатат. Мунабияга атайын кабар айтылды дегенди бир маалда Ажыке жеңем угуп калган экен, кошогун дароо токтотуп, сустая сыртка чыкты да, эч тайманбастан туруп, Конокбай карыянын кылган ишине ачык эле акарат айтты шакылдап:
–Ал эмнеси экен, сакалдуу киши да ушуну кылабы. Андай калысчыл неме болсо Шааркан жеңемдин керээзин эмне аткарам деп жулунбайт. Же катындын керээзи керээз эмес бекен? Көрсөң ой булардын, өз билгендерин жасап!..
–Жеңеңдин керээзин сен аткардыңбы, ай Ажике!
Жанузак тирүүсүндө Мунабияны бул үйгө жолоткон жоксуң? Жолоткон жоксуңбу? Эми өлгөндө эмне кыласың анын алдын жасап!..
Эркектердин кимдир бирөө ошентти эле, Ажике жеңем душманын эми даана көрө койгон кишидей, алигинин жанына тез-тез басып барып жулкуна кетти:
–Келбейт Мунабия! Эмне жолу бар экен бирөөнүн эринин кашына келип, кара кийип отургандай?! Ага таңсык болуп турсаңар намысы жок танайдын эркектери чогуусу менен барып үйүнө кирип алгыла!
Менин туугандарымдын бир даары сандарын чаап күлүп калышты, бир даары Ажике жеңемдин сөзүн жактырышкан жок окшойт, иреңдерин тырыштырып тескери карашты. Бирок бири да сөз кайрып айткан жок. Ошондон улам. Ажике жеңем биздин көчөнүн аялдарынын ичинен апамдын ордун баскан билерманы, мыктысы болуп калганын түшүнүшкө болот эле.
Түшкө жакын азага келген кишилер короого батпай бытырап, топ-тобу менен көчөгө чыгып, калгандары бактын ичиндеги жыгач-таштын үстүндө кара таандай конуп отурушкан. Улам бир жаңы киши унчугуп келген сайын боз үйдөгү аялдар аркы-терки үн созуп калышат. Бир маалда чыны-чайнек көтөрүп, ары-бери чуркаган сырттагы келиндер күбүр-шыбыр боло токтой калып, жол карай башташты.
«Келатат» деген үндөр тигинден-мындан угулат. Мунабия биздин үйдү көздөй келатканын уккан соң, тигинде-мында жамбаштап жаткан эркектер да сөздөрүн токтотуп, баштарын соксойтуп, алдемне болор бекен деген шойкомдо делдейип калышты. Мунабиянын келиши ушул азыр жарданып тургандардын ар-ар кимисине өзүнчө: бирине намыс, бирине уят, бирине ачуу, бирине таба, бирине күлкү, а бирине болсо тимеле карандай кызык болуп турду бейм. Жеке мен өзүм кантеримди билбей, сөздүн чыны мына бул жогоруда санаган сезим-туюмдарымдын бардыгы бирдей чогулуп келип, бир убакта көңүлүмө жыйылып алган сыяктуу апкаарып да, чаташып да, бир чети чатак чыгып кетпегей эле деген ойдо кооптонуп турдум.
Эмнегедир дал ушул тушта шамалы жок, уйгу-туйгусу жок, тып-тынч мемиреп туруп эле, асмандан аппак болуп кебез кар жаай баштады. Кара жердин бети агаргандан агарып, биз дем алган аба улам тунуп, тазарып, дене боюбуз кадим салкын сууга чайкагандай таптаза.
Мунабия боюна жараштыра узун этектүү чымкый кара көйнөк кийип, чачылуу кара шалы жоолукту башына шалкы салынып, ээн жолдун дал ортосу менен түптүз басып жалгыз келаткан экен. Жарданган эл бала-бакыра аралаша сөөк жаткан боз үйдүн эшигинен чыга далай жерге эки жең болуп созулуп кеткен. Ошол эки жеңдин учуна келген тушта Мунабия башын саал бир жагына кыйшайтып, апакай узун шадылары менен ийнинен куюлуп түшкөн жоолугунун эки учун көкүрөгүнө кымтып алып, үн чыгара кетти. Кыязы кечээтен бери, атамдын өлгөнүн уккандан тарта үйүндө жалгыз отуруп ыйласа керек, көздөрү каканактап шишип, он талаалап жаш аккан бети-башы балбырап көөп чыгыптыр. Мунабиянын келатканын угары менен Ажике жеңем боз үйдөгү үн чыгара баштаган аялдарды тыя салып, сыртка жүгүрүп чыкты. Мен эрксизден алга жүткүндүм. Балээ болуп эки аял чырлаша кетпесин дедим окшойт. Мунабия жаш төгүлгөн көздөрүн ирмебестен, Ажике жеңемди көздөй түптүз келе жатат. Жеңем болсо тоо тоскон азаматча муштумдарын бекем түйүп, өңүнөн биротоло кетип алыптыр. Болпогой эткээл денеси жел урган көк сотого окшоп титирейт. Айтор бир балээ башталарына көрүнүп калды окшойт. Же Мунабия токтоп калабы, же жеңем жол бошотобу. Бирок экөө тең андай кылбады, бетме-бет тирешип келди. Ошол тушта кудай жалгап кайсы бир аксакалдын чыңкылдаган ачуу үнү абаны жарып кеткени:
–Алдагы эси жок катынды жол бошот дегиле ой, азага келген кишинин жолун тоспойт!