аңгеме

Мурза Гапаров: Жол кырсыгы

аңгеме

Жөн эле, деди анан макулдугун билдириш үчүн. Олтура берип, буттарым талып кетти.

Баса…– деп койду шоопур.

Кийин көңүлү жайлангансып, күңкүлдөп бирдемени ырдап кирди. Сыдык аны тымызын карап отуруп, жок жерден ушул бейтааныш, өзүнө жагымсыз адам менен күнөөлүү сырга ортоктош болуп калганына таң калды, зээни кейиди.

«А мүмкүн бул эчтекени билбестир? Мүмкүн, күнөө жеке мага гана таандыктыр?» деди кайрадан сарсанаа болуп. Бирок ошол эле замат: «А-а, кайсы күнөө? Эмне, аварияны мен жасаптырмынбы? Аны өлтүргөн мен бекенмин?» деп өзүн өзү актап жиберди. Ошондон кийин, көңүлүн кирдеткен күтүлбөгөн көрүнүштөн өзүн оолактатууга бел байлады

Давандан түшүп бүтүшкөндө иңир кирди. Шоопур чырактарын жандырды. Бир маалда машиненин алдынан бир коён чыга калып, жол менен качып жөнөдү.

Тигине, коён! – деп кыйкырып жиберди Сыдык аны көрүп.

Кыйкырганын өзү да сезбей калды. Шоопур Сыдыкты олурая карап койду. Сыдык осолдой түштү.

Коён тээ алыска соймоңдоп кеткен нурдан чыга албай, жанынын барынча томураңдап чуркап баратты. Сыдык коёнду аяп, анын өмүрү үчүн катуу кабатырланып отурду. Шоопур болсо, тескерисинче, бейкапар: өз жолу, өз ою менен алаксып гана келатат. Сыягы мындай жолугушуулар ал үчүн көнүмүш көрүнөт.

Бара-бара коён арып, машиненин тумшугуна жакындай баштады. «Жолдон чыгып кеткей эле, бечара»деп тиледи Сыдык. Шоопурга кайрылып, токтотуп кой, тиги жаныбар кутулуп кетсин дешке батынбады. Беркинин тил алчудай түрү жок.

Акырында машине коёнго жетип, коён анын астына кирип кетти. Сыдыктын жүрөгү шуу дей түштү. Ал коёндун аман калганын же тепселип кеткенин билбей калды. Куду кырсыкка учураган машиненин шоопурун көрүүгө үлгүрбөгөндөй, арманда кете берди. Шоопурду караса, шоопурдун жүзүндө эч кандай өзгөрүш көрүнбөдү, бар болгону кабинанын ичин жаңырта катуу чүчкүрүп алды.

Жок, бул үйүң күйгүр жолдогу машинени сөзсүз көрдү, деп ойлой баштады Сыдык кайрадан. Көрүп, ичиндеги адамга ушу коёнго болгон мамилесиндей эле кош көңүл мамиле кылып койду

Куптан ченде булар Кара-Көл деген кыштакка жетип келишти. Кыштакта шоопурлардын рабаты бар экен. Сыдыктар ошол рабаттын коргонуна кирип токтошту. Коргондун ичи машинеге толуп кетиптир. Машинелердин айрымдары моторлору муздабасын үчүн, жүргүзүлүп коюлган. Алардын алдында чылымдарынын отун жылтыратып, шоопурлары сүйлөшүп турушат.

Сыдыктын шоопуру моторун өчүрүп, бутунун жанында келген эски корзинаны алып, кабинадан чыкты. Сыдык да жерге түштү.

Жүр, деп койду шоопур.

Анан коргондун ичиндеги чырагы күйүп турган үйлөрдүн бирөөнө карай басты.

Буюмдарымды алып алайынбы? деп сурады Сыдык.

Ошо жаман сандыктарыңды кайсы ууру алсын, деди тигил.

Чемодан менен этюдникти айтып жатат.

Бул айбанга эмнем жакпай калды экен, деп ойлонду Сыдык, анын артынан ээрчип. Кийимимби? Же өскүлөң сакал, мурутумбу?

Экөө келип кирген үй ашкана болуп чыкты. Ашкананын ичи таза, жылуу экен. Анын оокат берчү жагы жабык, а буфетинде бир жаш, сулуу келин тор токуп отурат. Келин шоопурду көрүп сүйүнүп кеткенсиди. Сыпайы жылмайып, ордунан тура берди.

Арыба, деди ага шоопур.

Бар болуң, деди келин. Таза кечиктиңиз го?

А-а, ушундай болуп калды

Отуруң

Шоопур келинди кандайдыр ыраазылык менен карап алып, столдордун бирөөнө барып отура кетти. Сыдыкка да жанынан отургуч көрсөттү. Ошондон улам келин Сыдыкты: «А-а, сен да бар белең» дегендей бир тиктеп алды. Кийин буфетинен ала чыккан чыны, кашыктардан анын алдына бирден койду. Сыдык эми гана байкады: бурч жактагы печканын үстүндө ыш баскан мискей туруптур. Келин лепилдеп жетип барып, мискейди көтөрүп келди. Мискейде ысык шорпо бар экен. Келин экөөнө бөлүштүрүп куя баштады. Албетте, теңме-тең эмес, этинин көбүн шоопурга терип салып атты.

«Бул аял шоопурдун эмнеси болду экен? деп ойлой кетти Сыдык, келиндин шакек, билериктүү колдорун, ак жуумал, акылдуу жүзүн карап отуруп. Карындашыбы? Окшошпойт. Көңүлдөшүбү? Кудай сактасын, ушу чабалекейдей болгон назик жубан өзүнөн эки эсе улуу, өгүз кебетеленген немеге кантип ылайык келсин».

23.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.