ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ

* * *
Улуттук маданиятты жалпы адамзаттык өнүгүп-өсүшүнөн наар алдыруу, эриш-аркак алып жүрүү, учурдун талабынан кечиктирбөө керек. Демек, ар кандай түшүнүк менен көз караштардын өзү бир алкакка сыйбай, солкулдап турган азыркы мезгилде элдин руханий, маданий байлыгын тоотпогон түшүнүгү кеңири интеллигенция өкүлдөрүн, төбөсү көрүнгөн ири окумуштуулар менен даанышмандарды жыйнап – бул дурус, ал эми мындай багыт зыяндуу, – дегендей культурологиялык багытта мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккан жыйынтыктуу бир чечим кабыл алуу зарыл сыяктанат.
* * *
Ар кылымдын, ар коомдук түзүлүштүн өзүнө таандык мамлекет жетекчилери, бийликтин купуя сырлары болгон го. Бирок эң башкысы – жогорку ылаажым ээси карамагындагы элдин чексиз урматына бөлөнгүсү келсе, анын боюнан кайрымдуулук, адалдык, адамгерчилик, жан дүйнөнүн тазалыгы менен өзүнө-өзү ишенимдүүлүк көзгө көрүнүп туруусу шарт.
* * *
Чыгыш философторунун көөнө жазмаларынан окуганым бар эле. Жалпы мамлекеттин башчылары акылы, аң-сезимине карай үч топко бөлүнөт экен.
Биринчиси – Кудайдын өзү тубаса акылдуу кылып жараткандар. Мындай башчылар узак мезгил бийлик башында турат жана элине көп жакшылыктарды жасайт.
Экинчиси – өзгөнүн иштегенин көрүп, аракеттенгендер. Булар көбүнчө куу болушат. Коомго жарытыраарлык өзгөрүш алып келе алгыдай жаңылык жасай албайт. Тек, эскини гана таптап башкарууга ыктап турат.
Үчүнчүсү – өзү да билбейт өзгөдөн да таалим ала албагандар. Мындайлар бийликке кокусунан келишет да, колундагы бүгүнкү бийлигинен эртең айрылып калышат. Алар кезиккен ишти ызы-чуу кылып, талашты жаңжал менен чечүүгө ынтызар келишет. Акырында эли кыргынга, байлыгы талап-тонолууга учурайт.
* * *
Мен билген бийликтин эки жагы бар. Бири – калкына кызмат кыла турган, экинчиси – өзүнө жана тууган-туушкандарына, урук-тукумдарына гана жарыгы тийген бийлик. Алгачкысы жоопкерчиликти терең сезүүдөн, акыйкаттыктан, кийинкиси ички эгоизм менен барксыздыктан жаралат.
Сөз жок, бийлик бар жерде так талашуу да кошо жүрөт. Бирок, канткен күндө да жалпынын мүдөөсүн жалкынын кулкуну менен кызыкчылыгы да басып кетпөөсү керек.
* * *
Бир элдин Президенти болуу улуу сыймык. Жер шарындагы 5 миллиардга карай кеткен калктын ичинде король, император, падыша, хан, президент атангандар аз болгон эмес. Ушулардын ичинде канчасы тагынан кеткен соң, өзү бийлеген калктын терең сүймөнчүлүгүнө бөлөнүп, тарыхта ысымы алтын тамгалар менен жазылды экен? Бийлөөчүлөрдүн көпчүлүгүнүн түбүнө чексиз мактоолор, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ач көздүк, дүнүйөкордук, саясый сабатсыздыгы менен кылмыштуу элементтердин таасирине берилүү сыяктуу кооптуу ылаңдар жетти.
* * *
… Жан дүйнөсү тайыз адамдан чыгаан саясатчы чыкпасы анык.
* * *
Жараткан эгем пендесине: “Жер бетиндеги бүтүндөй тиричилик ээсин колуңа беремин. Мына сага мейкин талаа, тоо-таш, чалкар деңиз, айдың көл, калың токой. Кыбыраган жаныбарларга да өзүң ээлик кыл. Менден кийинки ээси – сенсиң. Жер бетиндеги өмүр өнүмдүү өрүш алабы жокпу, же бир бүлүнүп, ойрону чыгабы, сага тиешелүү. Акыры сенден сураймын”, – деп мойнуна өтө зор милдетти артып, чексиз бийликти адам эркине берсе керек.
«Кыргыз туусу», 27.03.2009-ж.
* * *
Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кененирээк сөз кылардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер, мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени, менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата Журт деп аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.