ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: “Кана, жети атаңды айт!” – деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген.
Мен шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам – Төрөкул, Төрөкулдун атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, Кимбилдинин атасы – Кончу жок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул – булар да менин бабаларымдын катарына кирет.
Мындай карасаң – бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын терең ызааттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет.
Анткени, адам турмушту дагы да жакшыртуу, асылдандыруу ишине өз үлүшүн кошуу ниети менен, өзүнө чейинкилер тарабынан жетишилген турмуш жыргалчылыгын өзүнүн билимин, рухий аң-сезимин, маданиятын дагы да жогорулатуу максатында пайдаланганда гана ал аны бактылуу кылат.
Адамзаттын агып турган тиричилиги дайыма болочокко багытталганы менен, өткөн тажрыйбасы – анын түпкү күлазыгы, таянган тоосу, келечек урпактарга энчиленген мурасы. Мунсуз коомдук жана маданий турмуштун уланышы мүмкүн эмес. Бул аныктама эң оболу сөз табиятына таандык. “Өнөрдүн алды кызыл тил” деп илгеркилер бекер айтпаса керек. Чоң кеменгерлик менен айтылган нерсе – эмне гана болбосун, адам тарабынан жасалган ар бир кыймыл, аракет, бүткөн иш жана чектелген максат алды менен адамдын аң-сезиминен даярдалып чыгат. Сөздөн, ойдон башталып,адамдын ар түркүн жетишкени тажрыйба катары кайра ойго, сөзгө келип бекемделет, аң-сезимди байытат.
Азыркы мезгилде сөз сапаты күтүлбөгөн тездик менен сапаттан-сапатка, баскычтан-баскычка дүркүрөп көтөрүлүп жатат.
Көркөм адабияттын философиялык, ыймандык маңызынын барган сайын тереңдеши, адам жарык келечекке, прогресске умтулуусун сүрөттөө эң маанилүү, эң зарыл борбордук маселеге айланышы – бул биздин күндөрдүн талашсыз белгиси.
Кыргыз элинин улуу мурасы – эпикалык традициясы баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалым. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли этникалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен. Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдардагы белгилүү немец филологу Якоб Гримм: “Биздин тилибиз – бул биздин тарыхыбыз да”, – деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз – биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар. Ушул жагдай, ушул шарт эпостун ар түрдүү тарыхый, турмуштук багытта өсүп-өнүгүшүнө алып келген.
Кыргыз элинин мына ошол байыркы ата мурасынын эң туу чокусу – улуу “Манас” эпосу. Чынында да “Манас” жомогу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, ыймандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоопкерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатат.
Тарыхый көз караш менен караганда, “Манас” эпосу башка эстетикалык өлчөмдүн негизинде, башка талап, башка тарыхый-турмуштук шартта жаралган. Ага бүгүнкү күндүн адабиятынын көркөм жана идеялык максаттарын коюуга, ага бүгүнкү күндүн адабиятынын мыйзам ченемдери менен мамиле жасоого болбойт. Ошондой болсо да, эпос биздин күндөргө жеткирген тарыхый чындыкты жана көркөм чындыкты бүгүнкү күндүн тили менен, түшүнүктөрү менен түшүндүрүүгө жана аныктоого толук болот. Эмне үчүн, кеп ушунда.