Кубатбек Жусубалиев

Толубай сынчы

Кубатбек Жусубалиев

 

Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбековго арналат

     Болду эми. Тегирменге да нөөбөт келет турбайбы. Чындыкка нөөбөт келди. Биз билген эмеспиз. Укканда ишенген эмеспиз. Көргөндө ишендик. Көздүн кулу экенбиз-ов! Ошол суук күздө (көрүңө көрүнгүр, көрүнө көрүндү, кыш болбой жатып, башын жегендей суук болгон) карга пок чокуй электе куйшуңдап үйүнөн аттанып баратканын бир көргөнбүз. Кулагыбызга шак дей түшкөн. Азыр да кулагыбызда турат. «Жылаңач келгенбиз, жылаңач кетебиз. Анын эмнесине кайгырасың» дегенин укканбыз. Биздин кулак эмнелерди укпайт, биздин көз эмнелерди көрбөйт. Кулагыбыз узун, көзүбүз миң-ов!

   Кийин, кийин биринин топусун бирине кийгизип отуруп, сүрүштүрүп отуруп, ошондо карга пок чокуй электе эмне үчүн минтип оозанганын таап, билип алдык. Айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди бычкан наштар менен желдеттери эки көзүн оюп, кырып тазалап болгондон кийин: «Кана, Толубай сынчым, күлүк тандаган акыңа эмне аласың?» дегенде: «Хан, кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» деди. Каяша айтканы дегенбиз.

Кайра, баягы карга пок чокуй элек суук күздүн таңында, боз үйдүн аңырайган ачык оозунан куйшуңдап аттанып баратканын көздөп, карап туруп, ыштаным жок, элдин көзүнөн (биздин) уялып эшикке чыга албай калдым, какбаш» деп кемпири айкырса керек дейбиз. Анан ошондо баягы кулагыбызга шак деген боюнча жат калган сөзүн айтса керек дейбиз.

   Сүрүштүрүп отуруп тапканыбыз ушул. Кемпири какбаш дечү эмес беле. Кемпирди туурап биз да какбаш дечүбүз. Толубай аты өчүп эле Какбаш атка көчүп калган. Пай-пай-пай, шуудураганы бизге да угулду. Бир ыштандык көк карга шайы бердирди. Жылаңач койнуна катып алды. Койнуна жөн да катып өлбөйт, «Өңү кандай? Өңү кандай, о журт!» деп бизден сурайт. «Көк карга! Көк карга! Көк карга!» деп кыйкырыптырбыз. Койсоң, Какбашты! Койнуна да жөн катып өлбөйт. Кудуңдап жылаңач койнуна катып алды. Көзү менен иши жок. Биз да «көккаргалап» күлдүк, «көккаргалап» кыйкырдык. Анан ого чейин бир күлкү иш кылды да. Адам эмес ит күлгүдөй иш кылды. Дагы башын жерге тыгып отурган. Кантип көрүп алган билбейбиз. Биз шаадай уй мүйүз тартып, тикебизден тик туруп карап турабыз. Башын жерге тыгып отурат. Өөдө карабайт. Уктап калдыбы дейбиз, түш көрүп атабы дейбиз, түштөгүдөй иш болду да!

  Дүңгүрөп турабыз. Пай-пай-пай, карааны тоодой аргымак өттү, караган жок, дубанды жарган күлүктөр өттү, карган жок, көздөрү чырактай, кулактары шамдай күйгөн жүрөктөй, чүрөктөй күлүктөр өттү, аттуубуз түшө калып, жөөбүз жата калып карайбыз, караган жок, дүңгүрөп турабыз, жер болуп отурат. Башын жерге тыгат. О, Толубай эле Толубай, уктаба эле уктаба, дейбиз. «Көз алдайт» дейт. «Көзгө ишенич жок» дейт. «Көз алдамчы» дейт. Ханыбыз бир жагынан окшурунат, оозунан түтүн менен от чыгат: Бир элден, бир журттан күлүк чыкпаса, эл болобу, журт болобу! Күлүгү жок журт, журт эмес — күл, күлүгү жок эл, эл эмес — мыш, эшектер, жылкы аттуудан калбасын, жетелеп келгиле дейт. Жылкы деген асмандагы жылдыз болот дейбиз, паланчанын аты калды, пастанчанын аты калды дейбиз, дегенибизди оозубуздан жулуп алат. «Таап келгиле!» дейт. Бекер турганча, бекер сөз деп, «Көк байтал менен Көраңгинин кулуну калды» дейбиз, оозубузга сала берген экен, оозубузду тарта электе, баягы шамал Бороондун түйтөйгөн Көк байталын (жани жок Шамал заарага чыкса да токуп минип алат эмеспи) Чирик топуянын Көраңгиси ортого кубалап чыгып, ашып калса болобу!

  Экөө тең ээр токумчан, жүгөн-үзөңгүлөрү аңгима-шаңгима болуп жүрөт. Улуу сөздө уят жок. Эки төөчөн, бир жөөчөн болуп, күлүк тандайбыз деп келип, же күлүктөн жок, же башкадан жок, эриккен сарттарга окшоп турган биз абат болот белек. Экөөнү тамаша кыла баштадык. Түйтөйбөй өлсүн, сойку экен дейбиз, жаны бар да дейбиз, бычакка араң жарай тургандай жаны оозунан чыгып бараткансып, оозун ачып-жумуп, былк этпей туруп берди, улуу сөздө уят жок. Үйүң күйгөн Көраңги аша алса эмне, шал экен. Улам секирет. Үзөңгүсү тизесине карс этет. Тизгинине чалынып калат. Бир ойго кетет, бир тоого кетет. Шал экен.

02.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.