Кубатбек Жусубалиев
Толубай сынчы
Башын жерге тыгып отурган. Кантип көрүп алган, билбейбиз. Жүгүрүп барганын да күлүп атып көрбөй калдык. Көк байталдын ээрин кашынан тиштеп, өбөктөгөн Көраңгинин бир ойго, бир тоого чапкылаган көрдөйүн кармап туруп тууралап койгондо гана көрүп калдык. Адам эмес ит күлгүдөй иш кылды. Дагы жөн туруп өлбөй, «Ханым, Көкбайталыңдын сообун бер, сообуна калдым» деп тур, «Көкбайтал меники эмес, сөздү айтар жерине айт, сообун алар жеринен ал» десе, «эл сеники болгондон кийин, журт сеники болгондон кийин, Көкбайтал да сеники» дебедиби!
Хан таш чайнагандай кумсарып туруп калды. Тиштерин кычыратса, оозунан от чыгат. Кумсарып турат. Күңгүрөнүп, дүңгүрөнүп биз турабыз. Эл экенбиз-ов! Ханыбыз сынчыбызды шылдың кылайын деди окшойт. Жылкы аттуудан калбады да, шылдың кылайын деди. Ханыбыз кулүп калды. Биз да кошулуп күлүп калдык. Качыр десе качыр эмес, уй десе уй эмес, жылкы десе жылкы эмес, чочко десе чочко эмес, Толубай сынчыга окшоп башын жерге тыгат. Жер жыттайт.
Букарадан туз ташыган Чаар ат келди. Толубай сынчы да жерден чыга калгандай өңү куник, сары сакал, кумурсканын эркегиндей неме эле. Хан күлүп калды. Биз да кошулуп күлүп калдык. Дагы башын жерге тыгып отурган. Күлүктү дабышынан тааныйт дегенге ошондо ишендик. Көз алдайт, көзгө ишенич жок, көз алдамчы, күлүктү дабышынан тааныйт дегенине ошондо ишендик. Эми түштөн кийин «ошондо» дейбиз да.
Ишенген эмеспиз. Журт экенбиз-ов! Пай-пай-пай, кыйкырып ордунан атып турду. Үнү да башкача экен. Ушуга дейре үнүн да укпаптырбыз. Үн менен жан бирге болушат окшойт, башы кара, буту айрынын доошу да ошондой жанга жагыштуу, канга сиңиштүү, кулакка угуштуу, бийик, күзгүдөй таза, жалгыз асканын доошундай убайымдуу болобу? Буту покто, башы көктө бир адам экен да. «О, кайран күн! О, кайран түн! О, кайран жыл! О, кайран өмүр! О, кайран Толубай! О, кайран Чаар! Толубай сынчы деген мен болом, Чаар күлүк деген сен болосуң!» деп ордунан атып турду. Дүңгүрөп турабыз. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, жылкы десе жылкы эмес, уй десе уй эмес, качыр десе качыр эмес, чочко десе чочко эмес, башын жерге тыгып, жер жыттап, Чаар турат. Какбашка шамал тийген экен дедик. Какбаш алжыган экен дедик. Ханыбызга кошулуп биз да күлдүк. Тарап кеттик. Чилдей тарап, тарап кеттик. Анан баягы сөзүн айтты. Кемпирине бир ыштандык көккарга шайы берди.
Пай-пай-пай, шуудураганы бизге угулуп турду. Ушуну алмак элең алдың, көрмөк элең көрдүң дедик. Дагы чала болот дедик. «Көккаргалап» күлдүк, «көккаргалап» кыйкырдык. Кудуңдап сүйүнүп жылаңач койнуна тыгып алды. Көзү менен иши жок. Буту покто, башы көктө бир адам экен да. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, киши десе киши эмес, башын жерге тыгып, жер жыттаган Чаарды белине байлап бердик. Желдеттерибиз (жигиттери менен айдай талаада жейрен уулап жүрүп, «Аккуланын башы» деп күү келдени кучактап ыйлап отурган жеринде жолуктурганда, «Толубай сынчылыгың чын болсо, жылкымдан күлүк тандап бер, тандай албасаң эки көзүңдү оем» деп шарт кылган экен, билебиз го, бул дүйнөлө хандардын сөзү эки боло элек-ов!) айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди алалдаган, бычкан наштар бычак менен оң көзүн чукуганда да, сол көзүн чукуганда да: «О, журт! Энеңдин ханы, энеңдин ханы! Жеди-и, жеди-и! Жутту-у, жутту-у! О, журт!» деп кыйкырып, кыйкырып алды. Көкала сакал кишиге сөккөн да жарашпайт экен…
Ушу менен ушул болду. Осмо кетет каш калат, ооматы кетет баш калат-ов, бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат-ов! Эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Ортобуздан бирөө чыкса, жаш ордуна кан аккан көздөрүн колубуз менен аарчыбай тилибиз менен жалап, сооротуп алгандын ордуна ханыбыз менен кошо күлүппүз. Көз көргөндө кубанган, кулак укканга сүйүнгөн эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Эпке келбеген, сөзгө келбеген, ортобуздан каяша айткан бирөө чыкса, анын сөзүн сүйлөбөй, хандын сөзүн сүйлөппүз, эл экенбиз, журт экенбиз-ов!
Иши эми бүттү деп ойлогонбуз. Кыш кедей келип кетти. Дүңгүрөгөн жаз келди. Өлүктүн үстүндөбү, тириктин үстүндөбү, бир чогулуп отурганбыз. Дагы жорулардай болуп, алдыбызга тирелип туруп калышты. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, киши десе киши эмес, жылкы десе жылкы эмес, уй десе уй эмес, жолборс десе жолборс эмес, башын жерге тыгып, жер жыттап Чаар турат. Кырк күн, кырк түн, эл көргөзбөй, жер көргөзбөй, караңгыга багып, сууткан Чаары семирип да өлбөптүр. Экөө учкашып алышыптыр. Кемпири алдыда, Какбашы артында.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.