АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО

НОВЕЛЛА
"Эки адам тоого чыкса, бири көлчүктү көрөт, бири көлчүктөгү айды көрөт"
Эл сөзү
Менин таңкы салкыным
Таластын керме тоосунун этек жагында Күркүрөөнүн башында кош чоку бар. Мен азыр ошол кош чокунун ортосунда ак мөңгүнүн салкынында отурам. Этектен бери эки саатча атчан жүрүп, зорго чыктым. Жаңы чыгып келгенде өпкөсүн кагып, тизелери титиреп турду эле, тору ат эми араң отко кирди. Чылбырын сүйрөп, суу жээгиндеги көк майсаңда жүрөт. Тайган чарчамак беле, шимшилеп жойлоп кетти. Мен алдагайда төмөн калган өрөөндү карайм. Бул эки чокунун сол жактагысын Манастын чокусу дейт эл, оң жактагысын Бакайдын тоосу дейт. Манастын чокусунун боорунан калың корумду аралап, таштан-ташка соктуга тик ылдый, мен отурган тектирге кулап түшүп жаткан Шаркырак суусунун шары эки чокунун ортосун шоокумга толтуруп, атына жараша кулак тундурат. Кызык шоокум... кулагың деле тунгансыбайт, тиги торунун кез-кез бышкырганы даана угулат, а бирок суунун шары эки тараптагы зоокалардан жаңырып турса, бүт дүйнөнүн эзелтен басылбаган түбөлүктүү үнү сыяктанып туш-тушуңдан курчап, канатына көтөрүп, алда кандай жеңилдик сездирет.
«Адам тоону эмне сагынат?» – бул суроо көптөн бери көкүрөгүмдө. Тапкан жообум алымсындырбайт: «Тоолуктар туулган жерим деп сагынар. Ойдогулар тоонун залкарлыгына, көркүнө куштарбы?» Бул жетишсиздей. Мындан башкача, мындан байсалдуураак жооп тургансыйт тереңимде. Бирок оюма даана келбейт. Дамаамат ушул.
Кече шаардан келатып, автобус те төмөнкү Кара тоонун капчыгайынан береги кең өрөөндүн жайыгына суурулуп чыга бергенде да бараандатып көзгө биринчи урунган эки аксакал кейиптенип, эки чоку ар дайым биринчи көрүнөт, биринчи көрөт. Мен бул эки чокуну сагынып келаттым. «Адам эмне үчүн тоону сагынат?!» – деп ойлоп келаттым. Кара тоонун нары далдаасында эле кыялым менен автобустан озуп, бала күндөн карекке сиңген бу кош чокуну көрөр алдымда кадыресе алеп-желеп болдум, жазатайып кош чоку бул жолу ордунан көрүнбөй калчудан бетер түпөйүл өрөпкүп келдим. Анан капчыгайдан чыга берген жерде мени утурлай жанаша бастырып келаткан эки баатырдай кош чокуну көргөндө максатынан адашпай келатканына көз жеткен жолоочу мисал көңүлүм тынчыды, аяптоор кубанып калдым. Билесиңерби, ар нерсе жөнүндө адамдын көңүлүнө сиңип калган өзүнчө элеси болот. Тоолордун элеси менде өзүнчө.
Кыштын башы эле. Мен анда бала күнүм. Бир жолу кечке күн алай-дүлөй болуп, кар жыттанган суук шамал жүрдү, айылга жамгыр жаады. Түн кирди. Жатар алдында эшикке чыксам, шамал да басылыптыр, булут да жок. Асман чайыттай ачык, ай чыга элек экен, жаанга жуунган жылдыздар сергип, тазаланып, бири калбай жабалактап чыккан экен. Тоону карадым. Карап алып аптыгып кеттим. Тоого кар жааптыр. Айсыз караңгы түндө, этекте жер ылайланып карарып, төбөсүндө асман түнөрүп турган караңгыда тоолор сүткө жуугандай аппак болуп мунарланып турган экен... үйдөгүлөр үр салганча мен селейип карап тура берипмин. Ошол элес али ушу күндө көңүлүмдө тумсак бойдон. Тоо дегенде көз алдыма дайым ошол элес келет. Мен ошол түнү эшикке чыкканыма кубанам...
Азыр ошол тоонун көкүрөгүндө отурам. Төмөнкү жашылданган кең сайда чубалып калган күмүш сызма кейиптенип, алдагайда, те казактын Кара тоосунда сойлоп кирип Күркүрөө жатат. Туураланган биздин кыштак ичинде түбүнөн карасаң заңгыраган мектеп, клуб өңдүү курулуштар бул жерден көзгө илешпейт. Мына – бийиктик. Жердеги алптар тоодо майда көрүнөт. Өзүн зор эсептегендерди тоого чыгарса...
Ушундан улам болсо керек, көңүлдөгү көптөн берки капалык, кече жолдогу сары санаалар азыр маанисиз.
Ордуман турдум. Баятан бери ары жойлоп, бери жойлоп, мурдуна жыт урунбаган соң келип жаныма жаткан тайган да турду. Тору ат тойгон көрүнөт, башын жерге салып суу боюнда үргүлөп турат. Күн чак түш болуп, эки чокунун дал ортосунда, менин төбөмдө. Аркарлар жуушаган маал. Манастын чокусун таяныш керек. Өйдөкү жалама көк зоолордун түбүндөгү эшилип түшкөн мөңгүнүн салкынына жуушачу эле. Мен жеткиче кайра жайылып калар бекен. Мындан ары жол кыйындай берет: тик бет, калың корум. Ат мөңгүгө жете албас, жолго таштайм го.