Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Алыкул Осмоновдун ошол абалы жөнүндө кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Т. Сыдыкбеков жазган эскерүүсүн келтирейин:

«1940-жылы акын, ырлар жыйнагынын кол жазмасын «Кыргызмамбаска» тапшырат. Ал басма көрө элек, басууга сунуш кылынган гана жыйнакты колуна алган бир редактор кол жазмадагы өзү байкаган бирин-эки мүчүлүштөрдү авторго көрсөтүп, ага редакторлук кенешин берүүнүн ордуна, кош маанилүү бир сөздү бурмалап авторго оор айып салат. Ал ошол жыйнакка киргизилген бир ырдагы — «Жутунган Европанын өрт балдары» деген саптагы «жутунган» деген сөз. Албетте, акын бул сөздүн маанисин редактор бурмалагандай — «Тоюнбас, сук» деген мааниде албастан, «Тайманбас, тартынбас» деген оң мааниде алган. Ошентсе да мааниси так эмес - кош маани туудурган сөздү акын ырында колдонбой койгондо дурус болмок. Албетте, бул жаш акындын али өз эне тилин жакшы билбестигинен кетирилген мүчүлүшү болду.

Айтор, ал жолу жыйнагы жарык көрбөй калган акын тек сын угуу менен тим калбастан узак мезгил текшерилип жүрдү. Дал ошол күндөрдө ал басынып, чүнчүп, түнт тартты. Жалгыздыкка берилди. Түндүн кайсы маалында үйдөн чыкканыңда акындын карааны үңкүйүп, бозоруп, тепкичте олтурганын, не дабышсыз көлөкөдөй үрүң бараң тартып, басып жүргөнүн көргөнүндө жүрөк сыздачу. Ал көп учурда беймаал убакта ошентип жалгыз жүргөнүн адамга билдирбеске аракет кылат». Акындын өрттөгөн кол жазмасын окуган бирөө болбосо, же көрбөсө, же доомат сөз тийбесе, түбү менен жоголгон ырларын эмнеге акын эстеди экен дээрсиз.

Чамасы, Алыкулдун күйүттөн чыккан ырлары ошончолук аянычтуу, ызалуу, күчтүү чыккан. Башкалардын ырларынан алда канча жогору турган. Менимче, акын махабат дартын бийик устаттыкта жазган белем. Непада жансыз ыр саптарын жазган болсо, ээсине ошончолук таасири кереметтүү болбосо, «Жазуучулук баянымда» түк кеп кылбас да, эстебес да эле. Ал жалгыз өзүнүн кайгысы, кыйнаган оюнан кутулгусу келсе, жазган ырын өрттөгөн боюнча окурманга унчукпай, тим болмок. Ал бул жерде өзүн актануу эмес, өзүнүн кайгысы эмес, адамдарга нак сулуулук тарта албай калгандыгына өкүнүп, айтып жатып жүрбөсүн?!.

 

 

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.