Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

... Фрунзе калаасында кеч күз эле, дарактар тоноло баштаган. Акынга ашык болгон кызды эми отуз бир жылдан кийин таптым.

Биз жер бетинде чачылган кызыл-тазыл жалбырактарды тебелеп, гүлзар менен баратабыз. Ушул чачына ак кирген аял, бир кезде Алыкулга ашык болуп безилдеп ыр жазган:

«Балакет толкун ташкындап,

Билинбей жалын чырмады.

Жашынмак санаа капкандан,

Жалындын оту ырбады.

Тынч жаткан назик жүрөктү

Бир табыш келип ойготту.

Арбаган жалын оп тартып

Оюнчук кылып ойнотту.

Барган сайын толкун ойноп,

Отту калчап өкчөдү.

Күндөн күнгө тутанган от

Өчет десем өчпөдү...»

Азыр бул аял ал сүйүүсү жөнүндө унутуп калыптыр. Баягы жүрөгүн өрттөгөн оту өчүптүр, чиркин. Сүйүү дегениң береги аялдын жүрөгүн ырбатпаптыр, ага так калтырбаптыр. Ал бир дем, ал бир кут болбоптур. Анын

жазган ырлары да өрт болуп чыкпаптыр, ооз учунан айтылыптыр. Ал тек гана бейкам күндүн түйшүгүнө окшош эле, күзгү жалбырактай билинбей өтүп кетиптир.

Аттиң-аа, көрсө сүйүүнү аяй да, бага да, асырай да билиш керек тура! Ал ар бир адамга эле от, жалын, чакырык, тазарткыч боло бербейт экен.

«Сүйүү деген жок экен» дейт аял. Бул сөзүнөн көнүл калуу, өксүк да билинбеди. Тек гана, кайдыгерлик сезилди.

Аял сүйүүнү өз колунда туруп жоготуп, текебердик кылган белем.

«Секелек кезимде жазсам керек катты, унутуп калдым аны», — деди аял.

Алыкул жашоосундагы өмүрдү, сезимди жоготуунун баркын билген. Таза сүйүү адамдын өмүрүн, тирүүлүктү, табият-сулуулукту барктай, сүйө билүүгө, өзүңдү баалоого, ички жан-дүйнөңдү көрө билүүгө, мезгилдин алдындагы ак кызматка жарачу адам экениңди билүүгө түрткү болорун акын билген. Акын бийиктигинин дагы бир жагы ушундадыр.

Алыкул он тогуз жашында «сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт» деп жазган. Ал сүйүүнү өлөр өлгөнчө эч унуткан эмес, аны жомоктогудай, таттуу кыял менен күткөн. Ал өмүр бою созулган сүйүүсүн аяган, сактаган, сыймыктанган. Ага бир чакырык, дем, кубат болгон.

«Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,

Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок,

Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,

Ошентсе да сенден көңүлүм калган жок.

Билем анын туш тарабы терең жар,

Өзү зоока, куш жете албай болгон зар...

Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн.

Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар».

(«Сүйүү жана мен»)

Ырыскы-шыбагабызды текке жерибей, ашыктык отун баштан кечирсек, анда сезимибиз күчтүү, таза, бай болот экен, аны өмүр бою сактап, узарта алат экенбиз.

Аны унутсак, сүйүү да бизди унутуп таштайт. Ага биз текеберлик кылсак, ал бизди жазалайт.

Кээде сүйүү жөнүндөгү Алыкулдун ырларын эстегенде береги жедеп көптү көргөн карыя адамдын осуяты деп болжоп кетесиң. А бар болгону отуз жашында сүйүү жөнүндө насаатты улук-кичикке акын калтырган:

«...Сүйүү деген — сүйүү эмес эринден,

Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн».

«...Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,

Сүйүү деген сүйүү отуна уулануу»,

«...Сүйүү деген кээде паста, кээде өйдө

Аёо керек, жерге түшүп калганын...»

А. Осмонов «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанын которгондон кийин кандай чыгармаларды жазган?

Менимче, Шотаны которуп бүткөн соң Алыкул чыгарма жазуунун мээнет-түйшүгүн, ырахат-кууралын түшүндү окшобойбу! Мурдагыдан чеберчилиги өскөн менен дагы жазгандарына түк ыраазы болбой, алымсынбай кыжаалатта калды. Ал өзүн поэзиянын атынан соттоду. Эми мурдагыдай шатырап туш келди ойлорду ыркылып жаза бербеди. Шотанын, Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун... ырларын окуп, өмүрлөрүн билген соң, жаш акын чыгарма жазгандан намыстанган, уялган. Ыр жазган эле киши акын болбостугун, чыныгы акындын өзгөчө өмүр, чыгармачылык жолу болорун, өзүнүн акылмандыгы, ой-сезимимин маданияты, насааты, чеберчилиги, жүзү болоруна көзү жетти, мезгил, турмуш, чындык, өзүнүн ички жан-дүйнөсү жөнүндө ойго батты.

«1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым. Бирок көп окудум. Негедир ошол мезгилде «Лирика» аттуу китеп камдап бир топ пессимисттик ырлар жаздым.

Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым», - деп жазган А. Осмонов «Жазуучулук баянымда».

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.