Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Акындын кол жазмаларын аңтарсаң береги жылдары жазган бирин-экин гана ырлары көзгө чалдыгат.

Акын жактырбай, өрттөгөн ырлар баамыбызда тагдырдын таш боорлугу, ашыктык күйүтү, башка түшкөн жалгыздык ызасы, өмүрдүн кыскалыгы, сүйүүнүн эссиздиги, андан көңүл калуу жөнүндө болсо керек.

Көңүл чөктүргөн ырларды жазууга эмне себеп болду экен?

Ал ырлардын жазылышы кыргыз сынчыларынын арасында ар түрдүү талаш пикирлерди айттырып келатат. Айрым жолдоштор Алыкулдун жогорку сөзүн-ырларын өрттөшүн, баласынын өлүмүнө, аялы менен ажырашканына көбүрөөк тогорушат. Анда отуз тогуз-кыркынчы жылы Алыкул үйлөнө элек, бойдок кези болгон.

Болжолдо отко күйгөн ырлардын жазылышында ар түрдүү себептер болгон окшобойбу! Мунун сырын сырткы таасирден да жана да акындын өзүнүн табитинен, ички дүйнөсүнүн тереңинен да издегенибиз абзел.

Алыкулду сыртынан караган адамдар аны өзүмчүл, ташбоор, түнт, орой, сараң киши деп айтышы мүмкүн.

Жок. Алыкулдун ырларын караңызчы. Ал чөптөрдү аяган, чымчыкка боору ооруган. Бизге асмандагы айды тартуулаган колу март, мүрөктүн суусун өзү ичпей, адам деген картайбасын деп башкага ичирип жатат, өзү оорукчал болуп турса да жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн өзү ичер улукман аке дарысын бизге ичирип, бизди оорубасын дейт, адамдын жанын өзү албай, бизге өлбөсүн деп берип жатса, эки жүрөк болсо, бирөөнү адамга сунуп турса, ойлойсуз, мындан колу ачык барбы?! Ал поэзия үчүн жандан кечип таштабадыбы?

Жолдошторунун айтымында, Алыкул көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө да оюн даана, так айткан, жоош, токтоо, созулган киши, өтө баамчыл, тез күйүкчөл, жаман ишти байкап же көрсө, аны өзүнө гана эмес, бүткүл тирүү жанга каалабаган, боорукер, жерди да аяп баскан, жүрөгү тез жараланган назик киши болгон экен. Ал бир ыплас ишти сезсе, жамандык көрсө, чукчуңдап урушпай, ичтен түйүлүп, тымызын сызылып, бушайман жеп, асан-кайгыга батчу. Адетте акын жүрөгүнүн табияты ушундай болот белем. Бу дүйнөгө белгилүү акындардын өмүрүн тескеп, тагдырын карап көрөлүчү. Жер үстүнөн кайсы бир жер жарылса, үй бузулуп, дарак сынса, чөп тебеленип, куш канаты сынса, адам капа болсо... чыныгы акын сезип, анын жүрөгүнө сөзсүз доо кетет экен.

Бул жөнүндө белгилүү акындардын айтканы бар. Жамандыкты көрүп туруп, ага көңүлкош өткөн, ички дүйнөсү таш боор, кара мүртөс акын болобу!? Жеринен тирүүлүктө ички дүйнөсү таза, назик адамдар турмушунда таарынчаак, күйүкчөөл болуп, жапаны көп чегет.

Бу тиричиликте кайгы-капага тоң моюнураак киши өз башынын жыргалын ойлоп, алабармандап жүрө бербейби!..

Мына Алыкулдун башынан өткөндөрү: анын алгачкы ашык болгон Айдайы «Жолборс терисин кийген баатырды» окубай калды... Сүйгөнүнүн өлүмүнө санаркаган Алыкул эми Петраркадай сүйгөнүн жоктоп, өтө алар бекен?..

Алыкул «Жолборс терисин кийген баатырды» эки жылча такай, баш көтөрбөй которуп жүрүп, жаштыгы менен ден соолугуна карабаптыр. Доктурлар өпкөсүнөн учук ооруну табышты. Алыкул оорусуна аябай майышып, запкы чекти.

Отузунчу жылдары эркиндик, тең укукка колу жеткен, Кеңеш өкмөтүн тоо арасына кура баштаган кыргыз элинин арасында кургак учук жөнүндө аябагандай жүрөк түшүргөн айың сөздөр жүрөр эле. Айтканыбыз ишенимдүү болсун үчүн 1932-жылдын 6-майындагы «Кызыл Кыргызстан» газетасына жазылган врачтын кеңешин келтирейин: «Кургак учук оорусу абдан көп таркалган оорулардан болуп, адам баласынын 60-70 проценти ушул оорудан жок болот». Ал эми ушул сөз эл ичине жеткенде дүрт этип, жалындай алоолонуп, кандайча жайыларын билип тургандырсыз.

Алгачкы эмгегин элге эми эле тартуулап, акын деп мына-мына таанылып, бойго жетип, жыйырма бешке жаңыдан чыгып турган күлгүн курагында Алыкул катуу илдетке чалдыгып, шормандай болуп турса, анан кантип өлүм, ажал өмүрдүн кыскалыгы жөнүндө ойлонбой кое алат? Андай көрөр күнүң, ичер сууң түгөнүп турганда сөзсүз жаш акын кайгылуу ырларды жазышы бештен белгилүү көнүмүш. Деле ошол мезгилдин чоо-жайын териштирип, азыркы көз карашта талдап келсек, момундай бир кыял келер: чамасы, «пессимисттик ырлар» деп айткан ошол ырлар ошончолук деле көңүл чөгөргөн, кайгылуу, окурманга зыян тиер ырлар болбосо керек. Алыкул анчейин деле көңүл чөктүргөн аша кеткен ырларды жазбагандыр. Аттин, ошол мезгилдеги акындын ызасы кагаз бетинде кала бергенде кийинкилердин сабагы, байлыгы болмок экен деп да өкүнүп кетесиң. А мүмкүн биз ошол ырлардын отузунчу жылдарындагыдай бир сөзүнөн улам же жулуп кетип, «саясий ката» койбой дүйнөлүк поэзиянын өлчөмүндө, табитинде жазылган эстетикалык-көркөмдүгү башкалардан кем турбаган ырларды окуп, азыркы окурмандын көзү менен карар белек, ким билет?! Бизге жетпеген байлыктын кумга сицген суудай жоголушуна ошол кезде өнөр менен адабияттын эстетикасын, талабын толук түшүнө албаган, кара шакылдак, куру камчы айрым жолдоштордун кесепети залакасын тийгизгенби деп кетесиң.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.