Кеңешбек Асаналиев
Жол башы

Жазып отуруп, дал ушул жерге жеткенде, жарга келип капталгандай, тык токтодум: баса, мунун баары деги кимге керек? Чын эле.. маселен, үлгү болорлук нуска, ой кызытып ойготор бөтөнчө маани-мазмун, же башкалардан кескин айырмаланган жорук-жосундуу өмүр-баян болсо, анда бир жөн. Ал кызыктуу, ал окулат. Кадимки эле турмуштук жагдайлардын деңгээлиндеги кадыресе тиричилик, китеп, мектеп, кездешүү сыяктуу ар кимге белгилүү көнүмүштөр кимге таң, кимге зарыл.
Жалпы элдик, жалпы элдик борборубуз, ошондой эле жаңыдан калыптанып, көп түрдүү өнүгө баштаган Фрунзе шаарынан (азыркы Бишкек) анча деле алыс эмес, Сокулук өрөөнүндө туулуп-өскөн мен китеп дүйнөсүнөн ушунчалык четте калганым, анан ал табышмактуу дүйнөгө жетсем да, кыйла кечигип жеткеним, азыркы мезгилде Дантеден тартып Пушкинге чейин, Хемингуэйден тартып Джойско чейин окуган кигеп билермандарына, менин ал учурум, Горькийдин “Энеси”, Островскийдин “Болот кантип курчуду” деген чыгармаларынан башка китеп көрбөгөн учурум, жөн эле бир тамашалуу “бирдемелердей” болуп көрүнүшү толук ыктымал. Анткен менен дал ошол “бирдемелердей” болуп көрүнгөн, эч кимге жаңылык эмес, караманча жергиликтүү жагдайларга токтолуп жатканымдын өтө бир мерчемдүү жагдайы бар. Ал мындайча: Айтпасам деле байкалып жаткандыр, М.Горькийдин “Эне”, Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романдары менин колума эң биринчилерден болуп келип тийиши деги эле кокусунан болгон эместир. Айтайын дегеним, жаңылык деле эмес, мурдатан эле белгилүү турмуштук жагдай. Социалисттик идея, бул кыргыздын авторлору менен жаралган көрүнүш эмес, ал сырттан, алыстан келип кирди. Болгондо да, ал анчейин жалпы декларация, чакырык түрүндө эмес, коомдук-социалдык, маданий-агартуу турмуштагы кескин бурулуштар, чукул өзгөрүштөр менен кошоктолуп, айкалышып келди. Кыргыз жеринде адамдын жашоо турмушундагы реалдуу кубулуштар көз алдыда өтүп жаткандыктан, социалисттик идея элдин аң-сезимине тез эле “сиңип”, өзүнчө бир өзгөчөлүү “дин” катары орун алды. Ага, социалисттик идеяга биз эч такатсыз диндей ишендик, диндей сыйындык. Ар бир жаңы көрсөтмөлөрдү жашоонун жаңы жолу, жаңы багыты катарында кабылдадык. Көрсө, “Эне”, “Болот кантип курчуду” романдары эң биринчилерден болуп менин колума тийгени дегеле кокустук эмес, туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзүлүп жаткан бир максаттуу, бир багыттуу идеологиялык процесстин бир көрүнүшү экен да. Көрсө, жаңыдан калыптана баштаган кыргыздын улуттук маданияты, анын ичинде көркөм адабият, көркөм котормо жападан жалгыз бир багытты көздөп, ошол багыттын чийиминен кылдай чыкпай калыптанып, өнүгүп жаткан учуру экен. Көрсө, дал ошол социалисттик идеянын түпкү негиздерин чагылдырган “Эне”, “Болот кантип курчуду” романдары эң биринчи иретте ошол идеологиянын үлгү чыгармалары катары өз функциясын аткарып жатканы андан бетер кокустук эмес экен да. Бирок, биз анын түпкү маңызына дароо эле сүңгүп кирип, жете түшүнө албадык, тек гана анын сырткы белгилерин, стандарттуу жоболорун, эрежелерин өздөштүрдүк. Ошол эле жетиштүү болду. Натыйжада, биздин дүйнөгө көз карашыбыз, айрыкча менин муундарымдын көз карашы белгилүү бир калыптар менен бекем курчалып, ошол гана чектин аймагында өнүктү. Айлана-чөйрөдө жүрүп жаткан көп маанилүү процесске, турмуштук ар түркүн көрүнүшкө бир гана ишенимдин, бир гана түшүнүктүн, тагыраак айтканда монисттик көз караштын негизинде мамиле жасап калыптандык, өсүп жетилдик. Биздин маданий кругозорду байкаш үчүн анекдот эмес, болгон бир эле реалдуу окуяны айтып берсем жетиштүү го деп ойлойм. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында Фрунзе шаарынын кинотеатрында Л.Н.Толстойдун атактуу романы боюнча коюлган С.Бондарчуктун: “Согуш жана тынчтык” деген киноэпопеясы кеңири демонстрацияланган болчу. Менин ошол учурдагы кабылдоом боюнча бул фильмдин эң сонун чыгармачыл ийгилиги баарынан мурда С. Бондарчук өзү жүзөгө ашырган Пьер Безуховдун образына байланыштуу. Чынында, Лев Толстойдуи генийи жараткан Пьер Безуховдун образы өзүнүн философиялык негизи боюнча да, жеке адамдык көп түстүү, көп маанилүү реалдуулугу боюнча дүйнөлүк көркөм шедеврлердин биринчи катарында турары талашсыз. Ошондой болсо да С.Бондарчуктун киноматографтык варианты кантсе да көрүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө түшүнүктүүдөй эле сезилген. Кинону көрүп келген бир филолог досум, өзү мыкты окумуштуу-тилчи болчу, эртеси мага айтып, оз оюн бөлүшүп жатат: жанагы Пьер Безухов деген чоң курсак неме жеткен бир келесоо экен, сулуу аялы бар, Москвадагы эң бай тургандардын бири экен, үй имараты, ички жасалгасы, айтор, баары төп келишкен, анан ушунун баарын таштап, айылдык дыйкандарча кийинип алып, согуш талаасында тентип жүрөт. Адамда ушундай да макоо болот экен. Пьер Безухов жөнүндө филолог-доктор айтып жатат. Жок, өзүмдөн улуу (пединститутту бирге окуп, бирге бүткөнбүз), өзүм сыйлаган окумуштуунун сөзүн атайы жөнөкөйлөштүрүп, бузуп жаткан жерим жок. Анын айткан сөздөрү эсимде калган себеби, мен өзүмдүн ошол кездеги түшүнүгүм боюнча Пьер Безуховдун образын өзүмдүн кесибиме тиешелүү интерпретациялоого аракеттенип, көпкө талаштык. Бирок аны ишендирүүгө күчүм жетпеди. Мени ого бетер таң калтырганы анын жыйынтык сөзү болду: аялы сулуубу, бай турабы – бул факт. Ушунун баарын таштап согуш талаасында туткунга түшүп, эгер кокустук болуп, партизандар бошотуп кетпесе, сөзсүз өлмөк, бул да факт. Силер, адабиятчылар фактыга карабай эле, өзүңөрдүн оюңардан чыгарып алып, жок нерсени айта бересиңер, деп кайра мени “аласалдырып” жатпайбы. Жок, бул өзүнүн бир беткей позициясын өжөр коргогон менин эски досумдун күнөөсү эмес, бул баарыбыздын тагдырыбыз.