Казат Акматов: Архат

ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

_____________________________________________________________

 

Бир чайнек суу алыш үчүн он чака карды эритиш керек. Манас көлүнүн түбүндөгү Сак Муни монастрынын жатакчысы монах Соржунун ар күнү таңертеңден баштап кылган жумушу ушул - кар эритмей. Таптаза карды да таба коюш оңой болбой баратат. Туристтер көбөйгөн сайын монастрдын тегереги ыплас. Таза карды кыйла алыс басып барып апкелиш керек. Сууну Манас көлдүн өзүнөн алып ичсе да болот. Анүчүн бир кайнатып алыш керек. Бирок көлдөн сууну бир жумада бир эле албаса күндө барып келиш кыйын. Тик жар менен ылдый түшүш оор болсо, челекти ийинге салып алып кайра өйдө чыгыш андан тозок. Бир заманда монастрдын жанында булак болгон экен. Ошол булакка мерчеп салынса керек монастр өзү да. А кийин-кийин булак соолуп кетет. Ошондон баштап бул жерде суу деген нерсе көз жашы менен барабар.

Өткөн кылымдын ортосундагы коммунисттердин маданий революциясында Сак Муни монастры өзгөчө талкаланган болчу. Анын себеби бу монастр Будданын дал өзүнүн атында экендигинде го. Сак Муни өзү Манас көлдүн суусуна чайынып, мына ушул азыр имарат турган жердеги үңкүрдө жашап кеткен экен. Кийин дал ошол үңкүрдүн үстүнө монастр салышат. Ал кезде мөлтүрөп агып турган жан булак соолуп кетет деп ким ойлойт? Албетте эч ким ойлогон эмес.

Ошентсе да адамдан амал качып кутулабы. Суусу жок болсо да мынакей канча кылымдан бери Сак Муни монастрдагы коломтонун оту өчүп калган жок, кудай сактасын. Бирөө болбосо бирөө сөзсүз жашайт. Бирөө болбосо бирөө сөзсүз күн көрөт, жан багат, кыскасы ыйык жер ээн калган жок.

Монах Соржу очоктогу тезектин табына колдорун кактап отурду. Эки чака кар сузуп келгенче кол деген зылыйып тонуп, сенип калат. Кар менен кошо аны да жылытыш керек. Болбосо манжалар керектен чыгып, оокатка жарабайт.

Соржу болжоп отургандай эле ошол тушта сырттан дабыш угулду да бөлмөгө бышылдап-күшүлдөп Дей кирип келди.

- Охх. Өхх, суук кантет ыя! — деди жигит эчтемеден капары жок үстүндөгү тонун чечип жатып.

- Сен суукту кой. Суукту эмне кыласың Андан көрө жогол бу жерден. Баягүнкү чегарачы аскер бүгүн да келип кетти. Кыязы сени кармаганы турушат окшойт. Же ким экенинди мага ачык айтпайсың, чунак жигит. Деги кимсиң сен өзүң? Тынчысыңбы? Айтчы чыныңды.

- Мен сизге болгонун бүт айтып бербедим беле. Томаякмын.

- Калп ко айтканың Сен монастрдан сооп издебей эле бир шойкомдун артынан жүргөн немесиң го. Болбосо алдагы башың үчүн Тибет өкмөтү бир миллион юань сайбайт эле да.

- Менин башым бир тыйынга да турбайт! – деди Дей ыржайымыш этип, Бирок ошенткен менен өңү-башы бузулуп, саруулап калды.

 -Эмне, мени кармайбыз дештиби?

- Деген жок. Бирок билинип турат. Өткөндө эле сен жөнүндө такып сурап кетишкен. Мен өзүм сөз карматып койбодумбу. Келесоомун да. Жалгыз турам. Жанымда эч ким жок деп койгом чегарачы сураганынан. Анда ал үйдүн ичин бүтүндөй карап, текшерип байкап отурган экен:

«А тигил экинчи төшөк да сеникиби? Эки төшөкө бирдей жатасыңбы», дейт. Андан кийин тетиги сенин табагыңды көрсөтүп: «Эмне, эки табактан бирдей тамак ичесиңби?» дейт. Иши кылып билип койду сенин бул жерде жашап жүргөнүңдү.

- Билсе биле берсин. Менин эч кандай кылмышым жок. Сиз эле өзүңүз мени кубалабасаңыз болду.

- Мага кайра жакшы болуп атпайбы сенин турганың Акча-тыйының бар экен. Жалаң туристтердин кайыр-садакасына жалдырабай, сен келгени тамак сатып алып жыргап калдык. Бирок...

Монах Соржу Дейди шектүү карап унчукпай калды.

 - Мени кармаш үчүн атайын шылтоо керек да, — деди Дей тонун кайра кийчүдөй болуп арсарсып.

- Чегарачыга шылтоо жокпу? Мына мобул монастр турган жер чегара зонасына кирет. Керек болсо сени эмес, он жыл ушерде турган мени да кармап кете берет булар. Карабайт эчтекеге. Ошон үчүн айтсаң чыныңды. Шектүү эчтекең жокпу?

- Кайырчы болчумун дебедимби, сизге.

- Болсон боло бер, бирок акчаң бар неме турбайсыңбы? Кайдан алгансың?

- Азмаз акчам бар болчу. Түгөнүп бүттү.

- Ошондо деле бир жылча экөөбүзгө жетти го. О, канча акчаны экөөбүз ашап койдук. Мен семирип ычкырым үзүлө турган болду. Алдагы бетиңди бүт жапкан сакалың болбосо сенин да өңүң аябай эле майлуу. Бая адеп келгенде кандай арык элең? Анына рахмат дечи. Бирок өзүң бил жигит. Мен айтаарын айттым. Кийин таарыныч болбосун.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.