Казат Акматов: Архат
ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Башындагы тытык малакайы кыйшайып түшөйүн деп калыптыр. Кишендин боосун болсо аттын үзөңгүсүнө байлап коюшуптур. Нарыда үч-төрт чегарачы тамеки тартып турушат.
Кыязы бу сапар чегарачылар эки күнөөкөрдү кармоого дыкат даярданып келишкендей. Дейдин арткы эшиктен чыга качаарын күн мурун билишип, атайын алдынан тосуп алышкан көрүнөт.
- Айдап жөнөгүлө! А сен болсо монастрга сакчы болуп тур! – деп офицер чин бир аскерин калтырды да атына минип алып алдыга бастырып кетти.
Чегара заставасы анча алыс эмес, жөө баскан кишиге эки-үч сааттык жол.
Бирок такай өргө басмай. Офицер чин алдыга шашып кетип калгандан кийин жөнөкөй чегарачылар тигил эки туткунду келеке кылып, ар кандай шылдың сөздөр менен жүдөтүп келатышты. Жашы элүүгө таяп калган Соржуга анча эмес, көбүнесе Дейге жаман болду.
- Эй, чакча баш! Алдагы бит башында эмне бар, айта салчы! Бир миллионду чеңгелдеп жатып калайын! Ха-ха!
- Вуй эненди, десе. Айткысы жок бизге. Тигил ТККнын колуна түшкөндө сайрайсың да!
- Алар дароо эле көчүгүнө ысык темир басат да мунун.
- Анан эмне, аяп отурмак беле.
-Мунун Мани Ясосу кыргыз деген неме турбайбы. Бул ошого сатылган тубо экен.
Ичи шакардай кайнап, чыдабай бараткан Дей акыркы сөздү айткан чегарачыга башын көтөрүп жекире бир карап алды эле ал үзөңгүдөн бутун чыгарып туруп тигини ийинге бир тээп калды.
- Көзүн кара мунун, карышкырдай болуп!
- Камчы менен төбөгө салып жибербейсиңби!
- Баары бир, миллионду ТККга эмес, биздин заставага берет. Биз кармадык да.
-Жо, мынабул эшек бизге Мани Ясону кармап бериш керек да! Ошондо анан бизге берет байгени.
- Эгер бул кармап берсе десең!
- Ооба да!!
– Ошон үчүн муну ТККга өткөрбөй туруп өпкөсүн үзө тепкилеш керек. Ошон до анан айтат, кыргыз кожоюну кайда жашынып жатканын.
- Биздин начальник мындай олжону колунан чыгарбай калсын. Ал билет муну кантип сүйлөтүштү.
- Бул сүйлөбөсө тигил Соржу чыккынчыны сүйлөтүш керек. Ал да билет да качкындын кайда экенин.
- Чыккынчы дебе, Соржу бечара жоош неме. Бөөдө азапка чалынып алды.
- Хе-хе, жоош болбой калсын... чыккынчы да!
* * *
Туура бир жума өткөндөн кийин бул иш боюнча Тибет автоном районунун мамлекеттик эки расмий кызматынын ортосунда чатак чыкты. ТКК - Тибетти коргоо комитетинин башчысы Далай ламага жеткирген маалымдоосунда мындай деген эле: «... чегара бузуу режиминде кармалбаган кооптуу адамдарды чегара посту өзү суракка алууга укугу жок. Ошого карабастан № 6 чегара посту качкын Мани Ясого байланыштуу деп кармалган эки адамды ТККга өткөрүп бербестен, беш күндөн бери өзүлөрү суракка алууда. Мындай мамлекеттик тартипти одоно бузууну тезинен токтотуп, ишти туура жолго салууңузду, көптөн көп суранам.
ТККнын жетекчиси».
Чегарачылар болсо Далай ламанын атына жиберген жообунда: «Кармалган эки адам чегара тартибин бузгандыгы үчүн суракка алынууда» деген шылтоону жазышып ошонун айынан маселе дагы үч күн бою арабөк. Тибет Далай ламасынын чегара иштерине кийлигишүүгө акысы аз эле.
Ал арада монах Соржу менен монах Дей экөө эки башка жол менен Пекин шаарына, Кытай Эл республикасынын чегара Армиясынын борбордук штабына жеткирилген. Мансорвар постундагы сурак учурунда оор жаракат алган, бирок Мани Ясо боюнча азырынча эч бир маалымат бербей, баарына чыдап келген экөө борбордук штабын сурак жүргүзүү боюнча биттин ичегисине кан куйган кадик адистеринин колуна түшкөндүн эртеси эле далдырап отуруп беришти.
Эч убакта кылмыш, сурак чөйрөсүндө болуп көрбөгөн жөнөкөй эки пендени тыңшоочу аппарат орнотулган атайын бөлмөгө киргизип, сыртынан эшикти бекем жабымыш этип, кулпуларын шарактатып бекиткенден бир аз өткөн соң тигил экөө өздөрүнчө күңкүл-мыңкыл сүй-лөшүп киришти.
- Эмне турасың жалдырап? Отурбайсыңбы! – деди Соржу Дейге кыжыры келгенин жашыра албай титиреңдеп. Анын Дейге таарынычы чынында эле күч эле. Бул, бир кезде жалдырап, жансоога сурап келген «томаяктын» азабын мынчалык тартып калам деп Соржу байкуш мурда таптакыр ойлобоптур. Аны колго түшкөндөн кийин гана, мынабул өткөн жуманын ичинде түшүнүп отурат.