Казат Акматов: Архат
ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
- Отура албайм, – деди эриндери көгөрүп, бети-башын бырыштырган Дей.
- Көчүгүмдү дубинка менен ийлеп салышкан.
- Сиз мага таарынып атасызбы?
- Анан эмне кылайын. Бетинен өбөйүмбу?! Сенин мындай экениңди билгенде..
Соржу сөзүнүн аягына чыкпай мойнун бурап кетти. Чын-чыны Дейдин «мындай» экенин ал билип туруп анан бир жыл бою жашырып жүргөнүнө азыр ызасы келип, бирок ага өзүнөн башка кимди күнөөлөрүн билбей айласы кетип калган.
- Көчүгүңдү ийлеп туура кылыптыр сенин, - деди акыры ал Дейди табалап.
- Сизге кол тийгизген жокпу?
- Мага эмнеге тийгизет эле? Сенин Мани Ясоң кайда жашынып жатканын билбесем же. Билбейм да, чынбы?
Суракчылар үч күн үч түн бою эки бутун талтайтып, тамга жөлөнтпөй тургузуп койгон кыйноосун Дейге айтпай монах Соржу жашырып койду.
- Чын. Бирок булар киши эмес турбайбы Соржу ага. Өлөөрүнө карабай сабайт экен. Эки капталым бүтүндөй көгала. Көчүгүмө жел тийсе да сыздап атат тимеле. Бирок кандай экенин көрө албай атам.
- Эмнени көрө албай атасың?
- Көчүгүмдүчү. Кол тийгизбейт, тимеле.
- Сооп болуптур, кол тийгизбесе. А көрүп эмне кылат элең көчүгүндү.
- Кантип айыктырам. Бирдеме сыйпаш керек го?
Монах Соржу Дейди жактырбай кайрадан тескери карап кетти.
- Эчтеке эмес Соржу ага. Лама Ясо чыкса өчүбүздү алперет.
- Ал кайдан чыкмак эле?
- Сүкүттөнчү.
- Качан чыкмак эле.
- Аз эле калды. Мен аны тосушум керек деп айтпадым беле сизге. Биякта минтип жатканымды карабайсыңбы.
- Тоссон тос, тоспосон кой. Менин ишим жок!
- Сизди мен ага тааныштырам, Соржу ага.
– Кантип тааныштырасың?! Өзүң түрмөдө жатсаң! Мени кошо ала жаттың!
- Монастр ээн калды! Ой, акенди сенин!
- О, ал өтө жакшы жигит. Мынабул сүкүттөн кийин эмне болуп чыгаар экен. Көрөбүз.
- Аны да камайт да, сен экөөбүздөй кылып. Бекер жеринен издеп атыптырбы ТКК.
- Хе, аны эч ким камай албайт, Соржу ага!
- Эмне үчүн камай албайт? Сопсонун камайт!
- Анын көп касиети бар. Кайып болуп кете берет. Ал бир эле убакта үч-төрт жерде боло алат.
- Көрдүн беле?
- Өз көзүм менен. Мына, так мобул көздөрүм менен көргөмүн.
Монах Соржу көпкө дейре Дейди шектүү тиктеп турду да мындай деди:
- Ал ошентип өз жанын куткарып кетээр. А сен экөөбүз анын айынан түрмөдө чирип өлөбүз.
- Өлбөйбүз, Соржу ага. Качып чыгабыз, керек болсо
- Ии, качырып коёт сени, булар!...