Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Ошентип отуруп «Өмүр айлампасы» көп жолу тегеренген соң гана адам кадимки Адамга айланат. Азыр биз али Адам даражасына жете элекпиз...
Цезар оозун жыйып алгыча Ламанын жардамчысы ичкериден чыга калды:
- «Кичинекей мейманды» Лама өзүнө чакырып атат, -деди ал Этьенге жылмайып. Муну укканда Софи сүйүнүп кетти:
- Жүрү, уулум. Экөөбүз чогуу кирели.
Эне-бала кирип кетээр менен Софи бат эле ачууланып кайра чыкты.
- Жекеме-жеке сүйлөшөт имиш! Энеси да катышууга болбойт экен!
- Тартип ошондой, – деди тургид аялды жоошутмакка акырын унчугуп.
- Бала али кичине. Өзү үчүн жооп бере албайт. Ата-энеси сүйлөшүш керек да!
- Кабатыр болбоңуз, мадам. Бизде тогуз жаштан баштап эрезеге толук жетти деп эсептелет.
- Биз, европалыктар силердин тартип менен боло албайбыз да!
- Эч кабатыр болбоңуз, мадам.
Лама Этьенди жарым саатча кармады. Софинин чыдамы кетип күйөөсүнөн жинин чыгара баштады.
-Кандай чыдамкайсың сен. Бала жарым саат жок, а сен быш этип да койбойсун!
Байкуш Томастын багы бар экен, ошол тушта уулу Этьен монастырдан чыга келди. Бала кызарып-татарып, толкунданып алыптыр.
- Апа, бул абышка мен эмнени ойлосом баарын билип койду, - деди Этьен.
- Дагы эмне деди,
- Сенде карма бар экен. Тибетке келип оку дейт.
Софи ойлоно түшүп «Цезарга» кайрылды:
- Силерде канча жыл окуш керек дедиңиз эле жана?
- Он беш. Андан кийин өмүр бою.
- Вау! Ошондо кандай кесип алып чыгат,
- Кесиптер көп. Ал өзүңөр тандаганга жараша.
- Этьен, он беш жыл быякта окуйсуңбу?
- Он беш жылда мен карыган абышка болом да.
Тургандар күлүп калышты.
- Аны ойлонгула. Эмесе жолдон калбайлы, мырзалар!
«Цезарь» ушуну айтты да рюкзагын силкип коюп алдыга жөнөдү. Топ артынан ээрчий чуурду. Эмдиги токтой турган жерибиз «Окуп отурган адам» эстелиги деп ал мурда эле кулактандырып койгон. Кыязы ошого дейре тургид сүйлөбөй барат окшоду. Анын үстүнө жол саал эңкейиштеп отуруп аягына чыкчудай.
- Тезирээк ысык ваннага жетсек экен, - деди Софи үй-бүлөсүнүн атынан сүйлөгөнсүп. Аны Таштан гана укту, «Цезарь» уккан жок. Укса балким кейийт беле.
Ансыз деле кейип келатат дечи. Себеби ар бир туристтин маанайы үчүн тургид жооп берет. Мындайча айтканда ошон үчүн айлык алат, үй-бүлөсүн багат, кесибинин ээси болот. Эки жуманын ичинде казынага эки жарым миң доллар төлөгөн туристтердин маанайы жарык болсун үчүн тургиддер жанын сабайт.
«Окуп отурган адам» аялдамасында жогору жактагыдай таң каларлык космостук жылмакай тектүү таштар жок. Кадимки эле тоонун кара, кызыл, сары, күрөң граниттери жана төө куйрук менен жапалак арчанын башталган жери.
Рюкзактарды ийинден алып, саамга дем алгандан кийин Цезарь тобун оң капталдагы кырга чакырды. «Окуп отурган адам» ошол кырда болсо керек деп барышкан болчу. Көрсө ал кырда эмес экен, болгону ошол кырдан туруп алып дүрбү салганда гана тээ наркы коонун кыл чокусундагы, жан басып жете алгыс бийикте, Шамбаланын чек арасы деген ак түркүктөрдүн ары жагында экен «Окуп отурган адамдын» гранит сөлөкөтү.
- О кудай-ай! Мен аны кармалап көрөбүз го дебедим беле. Рерихтин сүрөтүнөн көргөн болчумун. Бирок ушунча алыс деп ким ойлосун. А дегинкиси бул өзү шумдук нерсе! – деди Софи капыстан кабагы ачыла түшүп. Жанында тургандардын бардыгы буга сүйүнүштү окшойт. Өзгөчө «Цезарь» кудуңдады.
- Николай Рерих эстеликтин жанына чейин барган экен. Башка эч ким жете алган эмес. Европалыктардан жалгыз гана Рерих левитация касиетине ээ болгон адам! -деди ал Софиге жагалданып.
- Эстеликти ким жасаганы белгисиз ээ?
- Бизден мурунку дүйнөнүн адамдары жасаган да.
- Бизден мурун да дүйнө болгон бекен?
- Чексиз жолу болгон да. Ошон үчүн аалам чексиз, мезгил чексиз, жашоо бирде өлүп, анан кайра пайда болуп, ал да чексиз, адамдын ой-кыялы чексиз, ошондой эле алдына койгон максаты да чексиз.
Ушуну айткандан кийин Тибеттеги тургид жигит Цезарь европалык сулуу аял Софини карап мулуңдап күлүп койду.
Коранын үчүнчү күнү жүргүнчүлөрдүн жолу аяктап, асмандан ак кар себелей баштады.