Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Ушуну айтып болуп траппа Тилак залдагы ордуна барып отуруп калды. Орду болсо дал Цунун өзүнө жанаша болчу. Катуу толкундангандан эриндери али титиреп аткан Тилак улуу Ламаны тике карабай үңкүйүп отурду эле:

- Башыңызды жерге салбаңыз, траппа Тилак. Сиздин эмгекчил мугалим экениңизди менден жакшы эч ким билбейт, - деп Лама Цу ага эңкейип шыбырады.

- А мына бул траппа Дзон болсо сизди туурап кана азыр мени сындап атат. Сынын албетте угам. Бирок аягында чыгып сүйлөгөнүмдө: «Урматтуу траппа Дзон, сиз иштегенди мугалим Тилактан үйрөнсөңүз жаман болбос эле» деп айтамын. Ошон үчүн башыңызды көтөрүп отуруңуз.

Лама Цу шыбырап бүткөндөн кийин траппа Тилакты чыканагы менен түртүп жылмайып койгон болчу. Андан бери жарым жылча өттү. Лама Цу Тилакты дайыма жылуу кабыл алат, жакшы көргөнүн да жашырбайт. Бирок Тилак траппа бойдон эле калууда. Лама наамына көрсөтүлбөйт. Эгер кааласа Лама Цу аны бир эле көз ирмемде бактылуу да, чоң даражалуу да кылып коймок. Тилекке каршы андай болбой келет.

- Мани Ясо, сени Лама Цунун буйругу менен бүгүндөн баштап эртең мененки, анан кечки табынуудан бошотом. Медитация кабинетинде бир саат, андан соң «эстутум тарбия» кабинетинде бир саат иштейсиз, — деди өзүн бактысыз сезген Тилак Мани Ясого кандайдыр ич күйдүүлүк кылгансып тарып. «Лама Цунун бүткүл көңүлү ушул капкайдагы Кыргызстандан келген эч билимсиз, эч тарбиясыз балага бурулган. Баланын болгон бүткөн касиети үнүндө гана. Астрокартасы боюнча Миларепанын кайра жаралышы имиш. Бирок астрокартанын ошончолук так экенине ким кепилдик бере алат. Ал түгүл Лама Цу өзү көп убакта жаңылышат. Балким эмдиги «Тазалык» күнүндө мен ага ушуларды айтам».

Ушинтип ойлогон Тилак Мани Ясону медитация кабинетине апкелип киргизип ийди да, шарт кетип калды. Кабинеттин усулчусу жашап калган сары топучан лама экен. Эн тажрыйбалуу «сыйкырчы Лабсанг» Мани Ясо жөнүндө баардык маалыматты уккан жана Лама Цунун бекем тапшырмасын алган. Ошондуктан баланы эч бир суроосуз эле башынан сылап, эркелете тосуп алды да, жашыл чүпөрөк менен чүмбөттөлгөн кабинага алып кирип, жыгач отургучка отургузду.

- Мен сизге адегенде башыңызга келип аткан чаржайыт ойлорду токтотуп, мээнизди, сезимдеринизди биротоло ошол чаржайыт, билимге тоскоол болгон ойлорунуздан бошотомун. Ал үчүн биринчи жумада мага бир сааттан, андан кийин эки, анан үч, акырында он эки саат менен бүтөбүз. Башкача айтканда, май чырак он эки саат төбөңүздө күйүп турат. Ошого чыдайсызбы?

Мани Ясо анчалык түшүнбөсө да башын ийкеп койду.

- Анда эмесе, уулум, орундукка түптүз отуруңуз. Денеңизди таптакыр бош коюңуз. Көзүңүздү мына бул жашыл экрандан албаңыз. Дал ушул тейде эч кыймылсыз бир саат отурасыз. Антип отуруш жеңил болсун үчүн төбөңүзгө мына бул май чырак күйгөн чөйчөктү коюп коём. Эгер уктап кетсеңиз, же кыймылдасаңыз чөйчөктөгү ысык май үстүңүзгө жаба төгүлөт. Сак болуңуз. Бүгүн жана дагы үч күн ойлоно бериңиз. Башыңызга эмне келсе келе берсин. Ал түгүл көбүрөөк келсин. Чаржайыт, чалды-куйду ойлор тынбай келе берсин. Акыры андан чарчап, жадап бүткөндө аларды токтото баштайбыз. Акырында мээңиз, эс-акылыңыз бүт билим үчүн бошойт, ээн калат. Ошондо анан угуттуу ал кыртышка лотостун касиеттүү үрөнүн себе баштайбыз, уулум!

Сары топучан устат Мани Ясону ийнинен кучактап койду да, өзүнчө эле бирдемеге сүйүнгөнсүй кудундап кетип калды. Май чырак күйгөн кызыл чөйчөк Мани Ясонун төбөсүндө кылтылдайт...

Кечки табынуунун убагында болсо Мани Ясо траппа Тилактын жетегине түшүп алып «Эстутум кабинетине» келди. Кабинет кенен, жарык, абасы аңкыган сонун жай экен. Дубалдын беттеринин баарына миңдеген жыгач кутучалар орнотулган. Ар бир кутучанын ичинде жүздөгөн картон картотекалар. Картотекаларда «Калачакра», «Ак Ведюра», «Канжур», «Танжур» ж.б. китепчелердеги цитаталар кыскача жазылып, аягында ал цитата канчанчы бетте, кайсыл бөлүмдө экендиги көрсөтүлгөн. Калган кутучаларда математикалык сандар, астрологиянын, медицинанын көптөгөн маалыматтары катылган.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.