Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Мани Ясону тосуп алган монах эстутумду көнүктүрүүнүн теориясын жана практикалык эрежелерин көпкө түшүндүргөндөн кийин аны карточкалар менен иштөөгө отургузду. Адепки күндөрү бир саатта он карточканы туш келди эле сууруп чыгып, андагы маалыматтарды көчүрүп алып, кайра ордуна коюп, андан соң аларды устат берген суроого жараша беш секундага дейре таап чыгып жатка айтып берүүсү керек. Ошентип ар күнкү карточкалардын саны жүздөп, миңдеп көбөйө бергени менен алардын бирин да эстен чыгарууга болбойт. Анткени устат кай убакта кайсыл карточканы талап кылса, баягы эле он беш секунданын ичинде таап берүүсү милдет. Мани Ясо менен бирге башка класстардан келген дагы эки үч бала көнүгүп атышты. Бир күнү тааныш эмес эле балдар түртүшүп, ойной кетишип, акыры чекелеше калышты эле, ошого нааразы болгон устат бешөөнү тең ашканага нарядка жиберип салды.
- Адамдын биринчи душманы адам эгер бирин бири тааныбаса. Ал эми таанышып билишкенден кийин дос болушат. Достук эмгек кылган жерде тез жаралат. Ошон үчүн ашканага нарядка барасыңар, - деди устат, тартип бузгандарды өзү жазалабастан ашканага жиберип. Ал жер тозоктун отундай ысык экени эшикти ачканда эле билинди. Мани Ясо ал түгүл ысыктан жалтанып бетин колу менен калкалай калды.
- Келгиле шумкарлар! - деди аларды тоскон төшү жылаңач ашпозчу жан алгыч кейптенип арсаңдап күлүп. Колунда болсо бир эмес эки шапалак жүрөт.
Жумуш болсо акталган таза арпаны кууруп, кол тегирменге тартып, андан цампа жасаш экен. Жумуш бөлүштүрө келгенде Мани Ясо катар турган үч чоң казанга кезеги менен от жагып чуркашы керек болду. Калган үч бала казандагы куурулуп аткан арпаны узун калактар менен аралаштырып туруш керек. Чоң казандар ун буйругу берилер менен рычаг аркалуу очоктон көтөрүлүп туурага жылат да, көмөрүлө кетип ысык арпаны жердеги таарга төгөт. Таардын бетине текши жайылган арпа муздаган кезде жанында турган тегирменге чакалап салынып, андан ун тартылат. Тегирмендин барасы да кол менен айландырылат. Ал үчүн жогорку класстын чоң-чоң балдары керек.
Мани Ясо очокторго топоздун тезегин жагып бир саатча чуркагандан кийин балдар аны карап алып ыкшып жатып калышты. Анткени Мани Ясонун бети-башын ыш басып, музоо кирпик көздөрү тирукмуштай алайып, кейпи кудум каракчыга окшойт. Ясо өзүн карайын десе эч жерде күзгү жок. Ошентип ал шылдыңга калды. Ашпоз өзү да балдарга кошулуп күлүп атат.
- Сен от жакканды унуткан өлкөдөн келгенсиң го. Мекениң кай жер? – деди ашпоз күлкүсүн зорго тыйып.
- Кыргызстан.
- Ал каерде?
- Тянь-Шань тоосунда.
- Андай өлкөнү кудай акы билбеймин. Эмне от жакпайсыңарбы?
- Электроплита. Газ.
- Аа, түшүндүм, түшүндүм. Анда эмесе көнүгө бер. Аккол турбайсыңбы.
Ашканага тез-тез келсең бат эле каракол болосун!
Балдар Мани Ясого күлүп бүтүшкөндөн кийин аны эми аяй башташты.
- Очокту тимеле кайта-кайта үйлөй бербегин да. Өзү эле күйөт, – деди алардын бирөө жанына басып келип.
Устат айткандай ошол бир эле наряддан кийин бейтааныш балдар өз ара ымалашып калышты. Кетээрде балдардын ар бири бирден кургак цампа-арпа май токоч менен сыйланышты. Мани Ясодон башка ал күнү жапа чеккен дагы бир бала бар эле. Душка келип жуунуп атканда балдар чогулуп, анын далысындагы шапалактын күдүрөйүп чыга түшкөн кыпкызыл тагына колдорун тийгизип көрүштү.
- Күлүп туруп чабат экен, доңуз! - деди шапалак жеген бала ашпозду сөгүп.
-Ушундан кантип өчүмдү алсам ыя?
Анын суроосуна балдар жооп бере алган жок. Анткени ал кичинекейлер эмес, чоң класстын балдары шапалак жеп, майышып отура калып аткандарын көрүшкөн. Өч алса ошолор алмак...
Кээде ушундай болот эмеспи, ташың бир ылдый куласа кайта-кайта кулай берет. Мани Ясо акыркы бир айда дал ошондой болду - үч жолу ашканага нарядка туш келди. Ырас, кийинки эки жолкусунда от жаккыч болгон жок, бирок эңгезердей чоң чандарга суу кайнатып, Индиядан келген пачка чайларды бузуп кайнак сууга ыргытып, анын үстүнө туз, сода, анан эң акырында тоголоктолгон топоздун майынан салып отуруп көпкө дейре кайнатат. Ошол чайга кургак цампаны эзип ичкен адамдын курсагы көпкө дейре ачпайт.