Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Наряд демекчи кийинки эки жолкусунда Мани Ясо өзүнүн «англистери» менен барууга туура келди. Анткени мугалим Тилак да эмнегедир кийинки күндөрү катуубаш болуп кетти. Кымындай нерседен кыйкым таап эле окуучуларын катуу жазалайт. Анын класстагы тартип кармоо усулу мындай эле. Өзү сабак берип, түшүндүрүп атканда, албетте балдардын алдында, доскада турат. Андан соң тапшырманы берип коёт да, балдардын артына туруп алат. Ким, качан, эмне күнөөсү үчүн шапалак жээрин билбей, артындагы жаземдебей карап турган мыкаачы көздөрдөн корккон балдар таптакыр былк эте алышпайт. Бири-бири менен сүйлөшмөк түгүл жазып аткан колун бир саам токтото коюп эс ала албайт. Антсе эле дабышсыз арттан басып келген Тилактын шапалагы же чыканакка, же ийинге шак дей түшмөгү бар.
Ошентип жатып траппа Тилак бул айда өз классын эки жолу удаа-удаа ашканага айдап тынды. Муну кандайдыр бир маалыматтан улам Лама Цу билип алат да Мани Ясону ашканага нарядка жиберүүгө тыюу салат. «Биз келечектеги Миларепанын алтындай убактысын ашканадагы майда иштерге корото албайбыз», - деп ал Дей аркалуу мугалим Тилакка айтырган экен. Ошондон кийин Мани Ясо өз классында да, башка кабинеттерде да өзгөчө ахвалга ээ болуп, ошонун айынан балдардын арасында ичи күйгөн душмандары көбөйдү.
***
Тибетте өткөн бир жыл ичинде храмга жаңы кирип окуган шелелер үчүн бир күн да демалыш берилген эмес. Анан кокусунан эле бир күнү кулактандыруу болду. «Эмдиги жуманын акыркы күнү толук демалыш» деп. Муну уккандан кийин балдарда уйку жок. Бардыгы тең кыпылдап ошол оюнга даярдана башташты. Храмдан сыртка чыгып эс алууга улуксат берилет деген кабар желдей тарады. Ошондо Мани Ясо кызык бир сезимге туш болду. Храмдан чыгып кетүү ал үчүн кандайдыр бир коркунучтуудай сезилди. Көрсө храмдагы темирдей катуу тартипке жана тынымсыз эмгектенүүгө адам көнүп алгандан кийин жүрөгүнүн тереңинде ошолордон ажырап, храмдан сырткары максатсыз каңгырап калуу коркунучу пайда болот экен. Ошол себептенби, Мани Ясо демалыштын сыртта болушуна анча деле сүйүнгөн жок. Бирок эртең менен эрте дүпүрөп жөнөгөн балдар менен кошо сыртка чыкты. Чыгаар менен ал бир кезде агасы Таштан экөө жаткан мейманкананы бир карап алды. Байкуш агасы командировкасы бүтүп, иниси Адилетке бир жолуга албай кете берген болчу. Лама Цу жолугуштун кажети жок деп койгон. Ар бир мындай жолугушуу баланын сезимдерине дүрбөлөң салат. Ал дүрбөлөңдү тынчытуу үчүн көп убакыт кетет.
Оюн-зоок храмдын дубалынын аркасында башталды. Ал жерде жайкы стадион, спорттук снаряддар, анан склад бар экен. Кышы бою спорттук снаряддардан жадаган балдар аякка жолобой дароо складды ачтырып алышып футбол, волейбол топторун көтөрө чуркашып кужулдашууда. Мани Ясо болсо көзүнө жаңы көрүнгөн жыгач буттарды кармалап туруп калды. Топторго көп кызыкпай жыгач бут менен басып ойной турган дагы эки-үч бала табылды.
Түшкө дейре өз боюна тете жыгач буттар менен басып көнүккөн Мани Ясо эми кадимкидей арыштап, көпкө дейре жыгылбай көңүлү жайдары. Аңгыча жанындагы «англичандардын» бири «жүрү тетиги суудан кечип, аркы өйүзүнө өтөбүз» деп калды. Экөө калдаң-калдаң этишип ылдый сайды көздөй жөнөштү.
Кечмек өтө таштуу, жээги тайыз суу экен. Мани Ясо бир топ барган кезде буттары томугуна дейре сууга малынып, таяк буту таштын кычыгына кирип, терең жерге токтоп калды. Дал ошол кезде жээкке бир бейтааныш жолоочу келе калган экен.
Ал Мани Ясого Тибетче бирдемелерди кыйкырды эле, бала түшүнбөсө да башын ийкеп койду. Ошентсе тигил шыпылдаган неме бут киймин чечип, колуна ала сууга кирди да, Мани Ясого жете бербей тереңге «курр» этип кирип кетсе болобу. Айт буйт дегиче болбой сууга какап-чачаган жолоочу ылдый агып жөнөдү. Дагы жакшы бир аз барып жээкке чыга түштү. Бирок Мани Ясого ызырынып бир тилдеп, сөгүп атат, тимеле оозунан көбүк чачырайт. Көрсө ал бечара Мани Ясо томугуна дейре сууда турган жерди көрсөтүп «тайызбы?» деп сураган тура. Мани Ясо «тайыз» деп баш ийкептир. Ошону менен тигил кургуйга түшүп кетип атпайбы. Майдын ортосундагы муздак сууга кийими менен кирип кеткен жолоочу дароо дырдай жылаңач чечинип курганууга кирди. Ал антип аткыча жыгач бутчан балдар көздөн кайым.