Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Менден өлө таяк жесе да болбой Умберто тимеле досундай тосуп алып, Адри атиканын жээгиндеги беш жылдыздуу отелде бир жума чардатты бизди. Туалеттери алтындын буусу менен капталган экен.
Бул мушташ официалдуу мелдеш болбосо да, шаарды аралап келаткандагы реклама, афишаларды көрүп таңкалдык. Ар бир шитте «Тянь-Шандын илбирси» менен «Альпынын күрөң аюусу» кармашат деген жарнактар тимеле күйүп-жанат. Булар аюуну эле билишет, арстан, жолборс дегенди билишпейт. Албетте жарнактардагы менин сүрөтүм корккон түрү бар, үтүрөйгөн бир эскимос. Ал эми Умбертонун көзүнөн жалын чачырайт, булчуңдары буртуйуп күнгө чагылышат.
Отелге жайгашкан биринчи эле күнү бизди коркутуу башталды. «Чукча! Башың жанчылат! Сөөгүң сөпет болот!» деген сыяктуу жазуулар дал эле жаткан номерлерибизде пайда боло баштады. Аңгыча шумдуктай сулуу-сулуу кыздар келе баштады. Алардан качсаң тимеле абийриңди кетирип жулмалашат, шылдыңдашат. Кыскасы биздин духту басмырлоого, колдон келсе өлтүрүүгө катуу аракет кылышты. Ичкен тамагыбызга дизентериянын таблеткасын кошуп берүүгө көп аракет кылышты. Ошентип айтор айлабызды түгөттү.
А бизде болсо эч ким жок, бирибиз промоуетр, бирибиз врач болуп алып, он күндөн кийин мушташка чыктык. Эсен деген үчүнчү орунду алган бала келишимге кол коюп келди. Байгеси чын эле бир миллион доллар экен дейт. Бирок ал байкаптыр, мушташты уюштуруп аткандар тигил эле Умбертонун кишилери экен. «Бизден өч алганы жатышат», – деди Эсен чочулап. «Өч алганда эмне, атышат белек, андан көрө эмдиги жылы ушулардын Неаполунда болчу бүткүл дүйнөлүк мушташка дейре бизди майып кылып, оюндан чыгарып салалы деп атышкан болуш керек» деди «врачыбыз» Аскар. Анда мен: «Эмнеси болсо да мени даярдагыла, мырзалар, тобокелге салалы, бизди быякка бирөө зордоп апкелген жок. Утсак миллионду серпели да, качалы!» – дедим.
Ошентип дем алыш күнү Сан-Маринонун элүү миңдик спорт залында эл кыжыкыйма. Билети беш жүз долларга чейин экен деп уктук. Бизге эч бир маалымат беришпейт. Адегенде айтышкан, мени менен Италиянын кикбоксинг боюнча мурдагы чемпиону Уномуно деген мушташат деп. Ал болсо мейли дегем, Унамунону дагы мурда бир сапар жайлаган болчумун. А бирок мушташ болоор күнү Унамуно «чүчкүрүп» калыптыр, кыргыз менен Умберто өзү мушташат экен деген сөз уктук. Эсен болсо чебелектеп чуркап жүрөт. Аскар дайыма менин жанымда.
Бизди ээрчип Будапештен бери үч кыз келген. Бирөө мен аялдыкка алам деген Молдованка кызым болчу. Аты Анжелика. Москвада төрөлүп, окуп чоңойгондо ата-энеси Румынияга ооп кетишкен экен. Анжела менен Будапештте жолукканбыз. Мен ал шаарга көп барчумун. Экөөбүз бири-бирибизди сүйүп калып отурбайбызбы. Ал мени ата-энеси менен тааныштырып, үйүнө бир нече жолу кондурган. Ушул сапаркы убадам боюнча мен аны Кыргызстанга ала кетмекмин. Ата энеси улуксат берген. Болочок кайнатам өтө аяр, дипломат киши эле, биздин Сан Мариного баратканыбызды угуп алып каршы болгон экен. А мен Анжени кошуп алдабадымбы, «мушташпайм, болгону эки жума курортто эс алабыз», - деп. Акыркы күнү мушташаарымды угуп алып байкушум аябай ыйлабадыбы. Ошондо бирдеме сезген окшойт. Ага болбой эле мен көгөрдүм. Бир миллион деген жерде жатыптырбы. «Ошол акчага свадьба өткөрөбүз», - деп Анжеликаны сооротсом ал эмне дейт дебейсиңби? «Андай обу жок той эч кимге жакшылык апкелбейт», - дейт. Кийин дал ошонун айтканындай болду...
Бирок мен сага катары менен айтайынчы.
Кыскасы, Сан-Маринодогу мушташта мага дейре эки жуп боксчуларды рингке чыгарышты. Андан кийин «борбордук беттешүү» деп мени рингке чыгарып коюшуп, көпкө тамаша кыла беришти. Италиялыктардын юмору да башкача, алар ошентип эс алышат эмеспи. Акыры мага каршы КЫПКЫЗЫЛл манто жамынган бирөө чуркап келатат. Карасам - Умберто!
Мен сүйүнгөнүмдү билгизбей ордумда секирип тура бердим, себеби Будапештте мен Умберто менен тиктешкенде көзү жалтанганын эки-үч жолу байкагам. Биздин спорт ушундай - булчуң менен эмес, жүрөк менен мушташыш керек. А жүрөктүн ахвалын көз деген жашырбай көрсөтүп турат. Кыскасы биздин мушташ иттердин алышканындай бир эле жолу жүрөгүң тайсалдай түшсө, бүттүң!