Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Эсен, Аскар үчөөбүздүн кеңешибиз боюнча мен биринчи раунддарда такыр эле чабуул жасабашым керек эле, себеби мага упай алыштын кажети да жок болчу. Упай менен жеңсе Умберто гана жеңет, а мага андай жеңишти баары бир беришпейт. Ошон үчүн мага бир гана жол калган, ал - нокауд. Болгондо да Умберто «досумду» бир урум менен кайра тургус кылышым керек.

Мен рингге чыкканда эле түшүндүм - Умбертонун көзү тайсалдабай типтик экен. Кадим менден эч убакта токмок жеп көрбөгөн адамдай. Ал түгүл кадыресе шайдоот, чечкиндүү көрүндү. Демек морфий сайынган! Мен муну дароо түшүндүм да, андан өтө катуу чабуул күтүп кача бердим, кача бердим. Ойдогудай эле ал өлөөр тирилээрин билбей мени тепкилеп кирди. Биздин мушташтын бир кызык жери бар - биринчи раунддарда канчалык көп муш жесең денең ошончолук ойгонот, чыйралат. Кудай нокауддан сактаса эле болду, калганын бүт көтөрүп кетсе болот.

Чоочун атаандашты жеңиш үчүн музыка чоң роль ойнойт, билесиңби, Адилет?

- Чын элеби?

- Чын эмей! Ошондо Сан-Марино шаарынын гимнин кулак жара тургандай кылып коё беришпедиби. Ал музыкада кыргыз эмес, италия элинин духу жатат да!

Ошонун өзү башка кишиге чоң психологиялык сокку берет. Сен өзүңдү колдоочусу жок жетим, жалгыз сыяктуу сезесиң Андан кийин реферинин өкүргөнү духуңду түшүрөт. Ал ар бир кыймылына элге билгизбей эскертүү жасай берет, сөгүнөт, титиреңдейт, сенден жийнркенет.

Ошентип отуруп жүрөгүңдөгү отту өчүрүүгө аракет кылат. Эптеп качып жүрүп бешинчи раундга жеттим. Күйөрмандар бүт Умбертонуку да. Алар менин качканыма жинденип сасык жумуртка, банандын кабыгы менен ура башташты. Рефери аларды көрмөксөн болуп тыйбай аткан. Ошо кезде кудай жалгап банандын кабыгына рефери өзү биринчи болуп тайгаланып жыгылбадыбы. Бакырык, өкүрүктөн стадион жарылып кете таштады. Италиялыктар өтө кызуу кандуу, жинди эл эмеспи. Эгер бир нерсе болсо рингди каптап, тебелеп-тепсеп, спортсмендерди өлтүрүп да жиберет.

Алтынчы раундга чейин мени жыга ура албагандан кийин элдин жини Умбертого да келе баштады. «Умберто - мүшөккө шыкаган бок!» деген кыйкырыктар чыга баштады. Ошол кезде анын морфийи күчүн жогото баштаганын сездим. Мен ошону эле күтүп аткам да. Колдору ылдый түшүп кетип, кайра көтөргүсү келбей, көздөрүндө апатия пайда болду. Мен дароо чабуулга өттүм, анткени морфий бирде солгунданган менен аздан кийин кайра күчүнө кирет. Ошентип алтынчы раунддун орто ченинде досумду согончок менен жаакка бердим эле, үч метрдей ыргып барып полго сулады. Кайра турбас кылыш үчүн үстүнө чыга калып жанчып ийейин десем, рефери ышкырбастан эле чебеленип ортого түштү. Андан буйтап барып чыканактап келаткан Умбертону муштум менен башка уруп өттүм. Ал экинчи турган жок.

Италиялыктардын бакырып-өкүргөнүн айтпа. Бирок эмнеге бакырып атышканын билбейсиң Же мени колдоп атышабы, же Умбертону сөгүп атышабы айтору элүү миң кишилик стадион жарылды. Мен өз бурчума келип отургуча Эсен менен Аскар экөө кучактап ыйлап жүрүшөт. «Качалы, өлтүрөт!» — дедим мен ал экөөнө. «Силер качкыла, мен калам»,- деди Эсен. Аңгыча рингди курчап жинденген элдин арасынан биздин кыздардын үнү угулду. Аларды да качкыла дедик. Калыстардын чечими болсо чыкпай күттүрүп атты. Умбертону замбилге салып көтөрүп кетишкен. Анын күйөрмандарынын кейпи өтө жаман. Биз кетчү жолду тороп алышкан. Ошон үчүн мен колумду булгаламыш болуп рингдин башка жагына жүгүрдүм да секирип түшүп элдин арасына кирип кеттим. Ошондо да эки, үчөө мени желкеге коюп калганга үлгүрдү. Мындайда өзгөчө аялдар тажаал болот эмеспи. Бир катын беттен апчыды эле качып араң кутулдум. Биздин «жапайы спорттун» кебетеси ушундай, Адилет иним.

- Бир миллион долларды албай эле качып кеттиңерби, байке?

- Ха-ха-ха! Акчаны кантип унуталы. Бирок ал күнү акча эмес, кара жанды куткарыш керек эле да.

Эртеси да калыстардын чечимин биле албай убара болдук. Түш ченде араң Эсен телефон урду. Калыстар тобу аябай талашып-тартышыптыр. Рефери баш болуп жарымы менин акыркы муштаганымды ышкырыктан кийин болду дешип, калгандары мурун дешип, акырында жеңишти мага ыйгарышыптыр. Биз кыздарыбыз менен шаардын четиндеги бир жеке менчик мейманканага жашынганбыз.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.