Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Кыздар күн-түнү менин жараттарымды дарылашат. Кеп эми байгени алышта калды. Адегенде Эсен менен Аскар экөө кетишкен. Кечке жүрүп кайра келишти. Жаактары карышып калыптыр. Эмне десек алар минтет: «Бул, сволочтор, ондон бирин да берчүдөй эмес. Биринчиден калыстар тобунун чечимин колго бербей атышат. Акчаны болсо, адегенде налог төлөйсүңөр дейт, андан кийин страховой процент, анан беттешти уюштурган коомго, спортзалга комиссионный дейт, айтор, Барлас, сага эчтеке тийбечүдөй!»
Баарыбыз тең катуу кайгырдык. Ичибизде жалгыз гана Анжелика байгени таштап кете берели деди, калгандарыбыз бүт тырыштык. Биз жаткан үйдүн ээси юрист экен, ошого айтсак жаман ачуусу келди. «Бул ыплас мафиядан эч нерсе өндүрө албайсыңар. Эмне үчүн байланышасыңар булар менен!» деп кайра бизге кыйкырат. Акыры ошол юрист Эсенге бир жол айтып бериптир. «Көчөдөн бир кичинекей баланы уурдап барымтага алгыла да, шаардын мэрине: «Байгебизди бербесеңер, баланы кайтарбайбыз деп талап койгула», - дептир. «Ошондо анан полиция тигил мафиянын артынан түшүп акчаңарды алперет». Биз бул сунуш ка дароо каршы чыктык. Бирок юристти угуп отурсак мындай окуя Италияда күн сайын боло берет экен. Анын үстүнө биз өз акчабызды ала албай ушуга барып атпайбызбы. Ошон үчүн юристке айттык, анда дедик, сиз ушул ишти аягына чыгарып бериңиз, а биз акысын төлөп берели дедик. Ал макул болуп элүү миң доллар сурады. Бирок деди, менин үйүмөн чыгып башка жакка жайгашкыла. Ошентип ал ээн токойдун четиндеги бир чалдын үйүн өзү таап берди.
Кыскасы, мындай иште аялдар кыйын болот экен, эртеси эле биздин кыздар кеч күүгүмдө бир беш-алты жаштагы секелек кызды жетелеп келип калышты. Кыз адегенде тигилер берген оюнчуктарга кызыгып, атүгүл бизге бийлеп, ырдап берип, анан түн бир оокум болгондо ата-энесин издеп ыйлай баштады. Умбертонун эжесинин кызы экен көрсө. Мен чыдабай короодогу мал сарайга барып жатып алдым.
Үч күндөн кийин «кыз жоголду» деген жарыя газеттерге чыга келди. Ошондо Наташа деген орус кызыбыз барып юристтен телефондун номерин, анан биз айта турган сөздүн текстин апкелди. Дал ошол айткандай кылып, Наташа өзүнүн чөнтөк телефонунан чалды. Текст мындай эле: «Умберто! Сен адам бол да, утулган байгенди толук апкелип берип, жоголгон кызды алып кет». Жолугуша турган жерибиз шаарды аралап өткөн дайранын үстүндөгү бир көпүрө болчу. Кайсыл көпүрө экенин юрист өзү билет, акчаны да өзү алмай болду. Бизден жанына бир гана киши кошуп алат. Көрсө анын өзүнүн автоматчиктери артында турат экен. Эгер, такыр эле колго түшө турган болуп баратса көпүрөнүн астында катылуу катер бар экен. Ошол катерге секирип, куугундан кутулуп кетүү амалы күн мурун каралыптыр.
Кыскасы, биз өзүбүз акчаны алууга эч кудуретибиз жетпеген соң юристтин шартына аргасыздан макул болдук. Бир гана ишенгенибиз анын үйүн билебиз, эгер ал миллион менен кача турган болсо он бөлмөлүү, эки кабат особнягын өрттөп кетүүгө даяр элек.
Кеп эми бизден кимди кошуп беребиз - ошондо калды. Юрист айтты, мага баары бир деди, бирок эркек болсо кармашууга ыңгайлуу болмок экенин эскертти. Андай болсо мен барам деди Эсен биринчи чыгып. Биз унчукпай макул болдук. Эгер ал барбаса кыздарыбыз деле даяр болчу.
Ошентип болжошкон күнү акча колубузга тийип отурбайбы! Бул өзү жомокто гана болчу нерсе. Эч убакта бир миллион доллар колубузга тийет деп ойлогон эмеспиз. Аябай сүйүндүк. Юристке эмгегин төлөп бергенден кийин акчаны эптеп Италиядан алып чыгып кетүү үчүн тепетең алтыга бөлүп туруп, ар кимибиз жаныбызга каттык да, бир мүнөт токтобой жолго чыктык. Колдон келишинче шаардын чок ортосу, эл көп жерлер менен жүрүп отуруп, темир жол вокзалынан түз эле Миланга жол тарттык. Андан ары Швейцарияга өтүп кетиш эле максатыбыз. Бирок люкс купелерде келатып артыбыздан кандайдыр бир шектүү адамдар илээшкенин байкадык. Кыздарыбыз башка купеде эле. Эмнеси болсо да деп биз үчөөбүз акчаларыбызды үч кызга тапшырдык да, аларды сыртынан кайтарып калдык.
Биз корккондой эле бар экен. Миландын темир жол вокзалында адашып, Швейцарияны көздөй кетчү өтмөктү издеп жүргөн кезибизде алдыбыздагы үч кызды полицай кармап калды, документ текшеребиз деп. Алар полицей эмес эле тоногучтар экен. Кимиси жибергенин ушул убакка дейре айтыш кыйын, Балким Умбертобу, же юристпи, айтор бизди беш колундай билип, аңдып келаткан бандиттер кол салды.