Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Көрсө айылдын чекесиндеги суунун боюнда, сары талдуу бадалдын арасында мен байкуштун тагдыры биротоло талкаланып атыптыр, иним Адилет.
Барлас кайрадан жаңы сигарет күйгүзүп, кайрадан үңкүйүп жалгыз көзү менен отту тиктеди. Аңгемеге абдан муюп отурган Адилет музоо кирпик көздөрүн алайтып Барласты карады: «Тагдырыңыз эмне болуп талкаланды?» - деген суроолуу көз караш.
«Моряк» дагы бир мас досу экөө суу боюна жалгыз чуркап барган Анжеланы кармап алышып, зордуктап салышыптыр. Алардын кылмышын байкап калган апам бадалга тызылдап жетет. Тигил эки зөөкүр элүүгө чыккан апамды кошо зордукташат. Ошентип мен жеткен кезде айыл ичи ызы-чуу түшүп тигил эки айбанды кармап алышып, милийсага өткөргөнү атышыптыр. Иштин жайын алыстан эле түшүндүм - Анжелика али тытылган көйнөкчөн, бети-башы канжалап, апам болсо боздогон бойдон сыз жерде жаткан экен.
Мен жеткенде аксакалдар кумсарышып, алдыман утурлай чыгышып: «Ал айбандар жазасын алат, түрмөгө кесилет!» - дешип чуулдап ийишти. Карасам «моряк» менен досу экөөнүн көздөрү кутурган иттикиндей кыпкызыл, кандай айбанчылык кылганын деле түшүнүшкөн эмес окшойт, мага карап «моряк» жулунуп кирди. Аны кармап байлап аткан жигиттерге кыйкырдым:
- Коё бергиле! - дедим туттугуп. – Коё бергиле!
Жигиттер түшүнүп-түшүнбөй эле коё беришти. Андан аркысын өзүм да билбейм, айтор экөөнү тең жайлап салыпмын. «Моряктын» башы эки бөлүнүп, мээси чачырап, беркисинин эки көзү тең чанагынан ыргып кеткенин бир билем.
Ошондой «самосуд» болуп калды, иним. Көрсө жек көрүү деген өтө күчтүү нерсе турбайбы. Мени жырткыч кылып жибериптир тигил экөөнө болгон жек көрүүм. Сүйүү күчтүү деп коюшат, сүйүүдөн да адамдагы жек көрүү күчтүү окшойт. Бирок өзүң билесиң закон андайды көтөрбөйт да, түрмөгө жок эле дегенде сегиз, же он жыл ошол, тигил эки айбан үчүн жатышым керек болуп калды. Анын үстүнө «интерпол» издеп атса...
Ошол эле күнү айылдын эли чогулуп туруп Анжела экөөбүздү качырып жиберишти. «Моряктын» өзүнүн бир тууган агасы айтты: «Барлас иним, күнөөндү кечтим, сенин ордуң түрмөдө эмес, бейиште болсун. Кудай берген өмүрүңдү алдагы алганың менен жашап өт»- деди. А «моряктын» карындашы антпеди. Өтө тажаал аял экен, тимеле мага катылганы жүрөт жулунуп. Өтө жаман сөздөрдү айтты. Сотко берем, акыры түбү түрмөдө чиритип өлтүрөм дейт. Айтор адамды түшүнүп болобу...
Биз, Анжела экөөбүз мен бала кезде атам айтып берген жомоктун артынан кеттик. Ал жомокко эч ишенчү эмеспиз, анын үстүнө укканда жүрөгүбүз түшчү.
«Тээ Кантеңир тоонун ары жагында алмустактан бери эрибей жаткан түбөлүк ак кар, көк муздун койнунда бир касиеттүү өрөөн бар. Жайдыр-кыштыр ал өрөөндө адам баласы али көрө элек өсүмдүктөр өсөт, ысык суу асманга атылып, өрөөндүн ичи жыпжылуу. Көлүндө балык, жээгинде ар түркүн жаныбар оттойт» - деп келип аягында атам: «Арманай, бир гана жаман жери ал өрөөндү жердеген киши кийиктер бар. Ошолор ал жердин ээси. Адам менен достошкусу келбеген киши кийиктер бар ал жерде» — деп бүтүрчү атам жомогун. Рюкзактарыбыз өтө эле оор болуп калыптыр. Мен бир колум менен таяп алганыма да болбой Анжела байкуштун бели бекчейип, өзү өр талаша боортоктойт. Мен аны карап алып аябай айран калдым. Биз чынында эле бири-бирибизди катуу сүйөбүз, анда талаш жок, бирок бул каран калган сезимдин ушунчалык сокур экенин мурда ойлобопмун, билбепмин да. Болбосо бул байкуш кыз мына ушул азыр кайда, эмнеге баратат? Мен го тагдырдын жазмышы менен качкын болдум. Баарына кайылмын.
Жашоом болсо болоор, болбосо жок. А бул бир үйдүн маңдайына бүткөн эрке кызы азыр ким менен, кайда баратканын билеби? Болгону, Будапештке апасына факс уруп, үйлөнүү тойу кийинкиге калганын айтты. Калган кабарды күткүлө деп койду. Андан соң бир көз ирмем ойлонбостон менин кой дегениме таптакыр болбой, кошо жөнөй берди. Албетте, мен бул кыз үчүн жанымды аябайм, тирүү турсам эми эч кимге кол тийгиздирбейм. Бирок бул башынан аягына дейре адилетсиз жаралган көр дүйнөдө нелер болбойт, нелер койбойт экен, иним!