Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Үчөөбүздө тең тапанча бар болчу. Вокзалдын өтмөктөрү тимеле аарынын уюгундай быт-чыт экен, ошол жер астындагы өтмөктөрдө атышып атып бир кызыбыз окко учту, эки кызыбызды аман алып кутулдук. Бандиттердин үчөөнү жыга аттык, экөө качып кутулду. Мына ушундай күнөөгө баттык, Адилет иним. Мен өмүрүмдө адам өлтүрөм деп ойлогон эмесмин. Бирок тагдыр неге гана туш кылбайт экен. Аны айтканым, Миландан кийинки тагдырым андан да татаал болуп калбадыбы.
Барлас мештеги отту көсөп коюп, жаңы сигарет күйгүздү да, бир топко түтүн соруп капалуу отурду.
-Убактың барбы? - деди анан ал Адилетке.
- Убактым азыр бүтөт, байке. Бүрсүгүнү келип уксам болобу калганын.
- Болот. Эгер өлүп калбасам.
- Өлбөйсүз, байке.
Бир күндөн кийин Адилет Барластын кепесине өзү келди да, аңгеменин уландысын уга баштады.
«Миланда каза тапкан Наташа кыздын сөөгүн ала албадык, бирок ал денесине каткан акчаны сууруп кеттик. Туура үч ай дегенде мен сүйгөн кызым Анжеланы алып Караколго келдим. Мекеним Ак-Суу районунун эң түпкүрүндөгү, Кытай менен чектешкен тоолуу айыл болчу. Анжеликаны ата-энемдикине алып келсем, байкуштарым тимеле сүйүнүштү. Балким дүйнө кезип тентип жүргөн мени кимге үйлөнсө да иши кылып үйгө келсе болду дештиби.
«Ананайын, кыргыздай эле кара көз, кара чач кыз турбайбы, мүнөзү да жароокер экен», — деп апам өзгөчө жакшы көрүп калды колуктумду. Биз келген күнү бир кой союп түлөө кылышты. Андан кийин айылга чоң той беришке кам көрүп аттык. Мен айттым, бүт айыл келсин тойго, республикадагы бүт туугандарыбыз келсин, керек болсо кырк боз үй тигели дедим. Досторумду бүт чакырам дедим.
Анжелика биздин айылдын кооздугун, тоолорду, сууларды көрүп алып, ушунчалык таң калды. Силердин жер бейиш багы турбайбы, мен эми бул жерден эч качан кетпейм, тоюбузга ата-энемди Будапешттен чакырам деди.
Өзүң билесиң акчаны суудай чачтым. Ошондо да чети оюла турган эмес. Европанын чемпиондугуна жүз миң доллар алган болчумун. Бүт айылыма акча таратып бердим. Ким канча керек десе ошончо берип салдым. Байкуш менин туугандарым үчүн кымындай эле акча керек экен. Кыргыз акчасы менен беш-он миң сом берсем тимеле батыра албай ыйлашты. Ошол туугандарымдын ичинен эки-үчөө эле Анжеликага үйлөнгөнүмдү жактырбай коюшкан болчу. Аскерден келип көп жыл бойдок жүргөн ага сөрөйүм бар эле, «моряк» деген кличкасы бар. Ошол мен жокто Анжеликага айтыптыр: «Мен Будапештте болгом, сен өндөнгөндөрдү узун-туурасынан тебелечүмүн», – деп. Мен дароо анын оозун карыштырып коёюн десем апам менен Анже экөө чырылдап болбой коюшкан. Ошол мас жиндиге теңелесиңби деп. Ал мас жинди мени аябай көрө албасын мурда эле билчүмүн. Кыргызстандын чемпиону болгонумда Бишкекке барып алып тренерлеримдин көзүнчө: «Бул көп болсо бир күндүк чемпион. Алыска узай албайт, көөп кетет», – деген болчу. Ошондо эле намазын окутуп койбой ит болгон экем. Ичип алган немени деп тим койбодум беле. Анын үстүнө ага сөрөй эмеспи.
Кыскасы, биз тойго даярданып бүтүп атабыз. Элдин көбүнө чакырык кетип да калган. Бир күнү эле Караколдо шаардык милицияда иштеген бир тууган инибиз келип калды шашылып: «Кача турбасаң болбой калды. Интерполициядан сага издөө келип түштү» дейт. Дароо түшүндүм, баягы эле Умбертонун колунан келген иш.
Бандиттерден коргонобуз деп атышканыбыз чын. Бирок аларды «апакай» кылып, бизди «бандит» кылып интерполго беришкен да. Бу жер үстүндө адилеттик жок да, туурабы, Адилет иним? Айла жок, бир-эки жумага тоого чыгып кетишке туура келди. Тойду ары жылдырдык.
Тоодо эс алып, бала чакта чуркап өскөн жерлердин баарын кыдырып, мекенимдин тунук суусуна канып, гүлдөрүн жыттап чын эле аябай жыргадым. Анан бир кұнү эле түнкүсүн жаман түш көрүп, эртең менен турсам жүрөгүм акылдап денеме батпай калыптыр. Эмне экенин билбейм, айтор айылды көздөй чуркагым келди. Ал аз келгенсип алды жагымда улам учуп-конуп бир боз чымчык безилдейт.
Кенедей эле, бармак башындай сары ооз чымчык. Тимеле «тез», «тез» деп мени алдыга шаштырат. Азыр ушул саатка дейре ошол чымчык көз алдымда.