Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Он күндөн кийин эми жазуу ишине өтмөй. Ар бир бала өзү каалаган эркин темасына дилбаян жазып бериш керек.
Мани Ясо тема тандоого көп убактысын кетирип алды окшойт. Саатын караса он эки. Өспүрүм алдындагы кагаздарын шаша-буша ирээттеди да, тобокел деп өзү тизип ак баракка түшүргөн темалардын эң биринчисине жооп жаза баштады:
«Тибет окуусу мага эмне берди? Эң биринчи кезекте «Канжур», «Танжур» жана ошондой эле «Калачакра» илимин окутту. Андагы «Өмүр айлампасы» менен «Мезгил айлампасы» мага мурда түшүнүксүз болгон эки улуу сырды ачып берди. Мен ал сырды башка эч бир илимден таба албаймын. Анткени - жок.
«Калачакра» илими эки түбөлүк чексиздик жөнүндө биздин эрага дейре, Платон менен Сократтан алда канча мурда эле терең ой жүгүртүп, туура гипотеза айткан экен. Алар «Аалам чексиздиги» жана «Мезгил чексиздиги» жөнүндөгү гипотезалар. Мен ушул эки түбөлүк чексиздикке «Кыял чексиздигин» кошоор элем.
Адам кыялы да учу-кыйры жок чексиз кубулуш. Дүйнөдөгү улуу күчтөрдүн эң улуусу - адамдын ой жүгүртүүсү. Ал эми эң учкулу - адамдын кыялы. Ошону менен бирге эле кыял - чексиз.
Мен бала кезимде асманды карап алып, «жылдыздардын ары жагында эмне бар болду экен? Асмандын чеги кайда болду экен деп баш катырып, көп ойлонор элем. Кийин мектептеги эжейим айтты: «Космостун бүткөн жери болбойт. Аалам чексиз», - деп. Эжейдин сөзүнө дароо ишениш кыйын эле. Анткени түбөлүк чексиздикке: учу-кыйыры жок, туш тарабы жок, мезгил ченеми жок, эч дабышы, үнү жок туңгуюк чексиздикти элестетүү, аны акыл менен таануу мүмкүн эмес. Ошондуктан Сократ ааламдын акыл жеткис сырын чечмелөөдөн, атүгүл аны изилдөөдөн баш тарткан.
Ошондой кургуйдан мени «Калачакра» илими алып чыкты. Мен азыр билем: аалам, планеталар, жылдыздар кандайча пайда болгон жана алар кыйырсыз чексиздикте кандайча жок болуп анан кайрадан жаралып, тынымсыз кыймылда, жашоо жана өлүмдүн айлампасында тегеренип тураарын. Ошол эле сыңары кайсыл шартта, кайсыл планетада нуклеин чөйрөсү пайда болуп, андан тирүүлүк жаралаарын, тирүүлүктүн миңдеген түрү, анын ичинде адам түрү кантип, кайсыл ыкма менен жаралаарын билем. Чексиз жолу жаралып, кайра өлүп, анан кайра жаралып, түбөлүк айланып турган ааламда бардыгы убактылуу жок болот, бирок бир гана жаралуу ыкмасы түбөлүктүү кала берет, ал өлбөс. Ошол ыкма, ошол метод тирүүлүктүн түбөлүктүүлүгүн камсыз кылып турат. Мисал катары - оттун жаралуу ыкмасы эч убакта өлбөс болгон үчүн керектүү шарт түзүлгөн сайын от чексиз жолу жаңыдан тутана бермекчи. Демек от - өлбөс, өчпөс! Ошол сыңары мени, Мани Ясону, жараткан биологиялык ыкма табиятта жоголбой кала берген үчүн мен, Мани Ясо, бир жолу өлсөм, экинчи жолу кайра жарала бермекчимин. Менин өлбөстүгүм ушунда.
Замандын бир заманында, чексиз аалам өлүп кайра жаралган доордо мен дагы кайрадан жарала турганымды «Калачакра» илими мага түшүндүрдү, реинкарнация теориясына мени ынандырды.
Ошентип биз азыр жашап аткан жер шары да, асманда күйүп жанып турган планеталар жана жылдыздар да түбөлүктүү эмес. Бул космостук циклдин өмүрү болжол менен төрт жарым миллиард жылга созулмакчы. Ошол космостук «көз ирмемдердин» саны чексиз жана анын кайра жаралуусуна өбөлгө болгон Улуу себеп - Парабраман, оттун тутануу ыкмасы сыяктуу өлбөс болуп кала берүү менен жаңы ааламды кайрадан жаратат.
Анан бардык материялар өмүрүн сүрүп бүткөн чексиздикте эмне калат? Көзгө көрүнбөгөн газ түрүндөгү эң баштапкы субстанциялар гана калат да, анын атомдору жети касиетке өсүп жеткенден кийин ысыктык энергиясын, башкача айтканда, жарыкты, нурду пайда кылат. Демек чексиз аалам боштугунда эң биринчи биздин көзгө көрүнгөн түшүнүктө Нур жаралат. Нурдун өзү – кыймылдын булагы.
Кыймыл болсо айлануунун себепчиси, айлануу атомдордун биригишин, жуурулушун жаратат. Сүттү чала берсе акыры майга, же болбосо суюктуктан кам нерсеге айланган сыяктуу космос чаңы айлануунун эсебинен жуурулуп отуруп чүкөдөй топуракка айланган...