Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Сиз Миларепанын реинкарнациясы катары бул жагынан чоң ишеним берип турасыз. Тобокел кылалы. Дагы айтаарым, эгер ишибиз оңунан чыкса, сиз ал касиетиңизди эч качан терс иштерге колдонбойм деген ант беришиңиз керек. Лама окуусунун эң негизги максаты бүткүл дүйнөдө, адам жашаган чөйрөнүн бардыгында адилеттик орносо дейбиз. Максатыбыз бирөө эле адилеттик!
-Менин да максатым ошол, ата. Менин да максатым бир гана - адилеттик! Адилеттик болсо калганынын бардыгы тең ошого жараша го.
- Сиз өзүңүз туулбай жатып адамдардын адилетсиздигине туш болгон бала турбайсызбы!
- Сизди билбейт ко деп ойлодум эле, ата.
- Сиз жөнүндө болгон бардык маалыматты жыйнадым, уулум. Атыңызды атайылап Адилет коюшканын билип ыраазы болдук ата-энеңизге. Адилеттик үчүн күрөш ошентип кичинеден башталат. Азыр мен сизге көп нерсенин сырсандыгын ача элекмин, уулум Ясо. Бирок ишенем, келечекте сиз дагы даанышман Миларепа сыяктуу байыркы замандардан бери карата келаткан улуу акылмандардын шериктештигине кошуласыз. Ал шериктештиктин ар бир заманда өзүнчө пайда болгон өкүлдөрү бар. Алар - доорлордун акылмандары, көзү ачыктары, мен бул катарга, албетте дүйнөлүк үч пайгамбарды кошуп айткан жокмун, алар Мистерия илиминен адашып дин, жалган кудай жолуна түшүп кетишкендер. Бул катарга албетте, дүйнөлүк тирандар, басып алгыч полководецтер да эч убакта жакын жолобойт. Тескерисинче ошол кан төккүчтөргө ар дайым каршы турган гуманисттер жөнүндө айтып атам, уулум. Алар көбүнесе жөнөкөй адамдар болгон. Биздин биринчи окутуучубуз Гаутам Сидкартты гана бөлүп айтайын, анткени анын ата теги Орто Азиядан келген көчмөн уруунун каганы болуптур. Улуу Мистерия мектебин алгачкы түзүүчүлөрдүн калгандары: Кытай Конфуций, Тибеттик архаттар Тзонг-Капа, Ригден Жапо, Миларепа, грек ойчулдары Пифагор, Эмпедокл, Платон, Сократ, булардын бардыгы жөнөкөй адамдар болушкан.
Кийинки доорлордо гуманисттердин бул шериктештигине дүйнөдөгү бардык элдерден ойчулдар, философтор, жазуучулар, башка ишмерлер кошулуп келүүдө.
Ошолордун бардыгынын адам баласына жакшылык тилеген, жер бетиндеги жамандыкка каршы турган окуулары болбогондо кырылып, жоюулуп кетмекпиз.
Буюрса сиз дагы ошол Шамбаланын жоокерлеринин катарына кошуласыз го деп ойлойм. Адилеттик үчүн күрөшкөн өмүр гана кайра жаралууга татыктуу, уулум Ясо.
- Шамбала жөнүндө, Кайлас тоосу туурасында сизге көп суроолорум бар, ата.
- Анын баарына өмүр бою жооп издейсиз. Ал алдыдагы иш. Азыр болсо эс алыңыз.
***
Жуманын экинчи күнү асман чайыттай ачык. Мындайда Лхаса шаарынын борбордук ордосарайы Паталанын алтын карниздери жаркырап көздү уялтат. Аксарайды күндө карабаган Мани Ясо эмнегедир бүгүн көз тигип токтоп калды. Ким, качан, кантип салганы легендага айланган Аксарай! Өз кезинде Иисус Христос келип сабак алган касиеттүү Потала.
Мани Ясо Лама Цунун бөлмөсүнө болжогон маалдан эрте келди. Атасындай болуп калган киши. Бала туугандыкы эмес, тутунгандыкы – Лама Цу табиятынан идиректүү жаралган баланы боору менен бир кылып өзүнө тартып алган. Мына бүгүн дүйнөдө сейрек болуучу операциянын бирин Лама Цу ушул өз уулундай кымбат адамга жасаганы турат.
- Мен сени эрте келээринди билгем, – деп Дей бөлмөдөн чыга калды.
- Саатты карабаптырмын, – деди Мани Ясо. Эртеден бери ичи уйгу-туйгу болуп атканын билгизбешке аракет кылып.
- Азыр Лама Цу чыгат.
***
Мани Ясону эки бөлмөлүү кабинетке апкелишти. Бир аздан кийин ал жерге дагы үч лама келди. Үчөө тең бул храмда иштебеген, бирок алтын ичтүү кырмызы чапанчан чоң даражалуу ламалар эле. Алардын бирөө Мани Ясонун тамырын көпкө кармап отурду да:
- Сүйлөңүз, –деди өспүрүмгө англисче таза акцент менен.
Мани Ясо сүйлөөрдөн мурун Лама Цуну карады. «Сүйлөй бер» деди устаты башын ийкеп жылмайып.
- Тибет илими мага берген өзгөчө касиеттерди, анын ичинде үчүнчү көзүмдүн ачылышын мен, Мани Ясо, эч качан, эч жерде, эч кандай шартта адамдарга, жанжаныбарларга каршы колдонбойм.
- Тибет илими мага берген өзгөчө касиеттерди, анын ичинде үчүнчү көзүмдүн ачылышын мен, Мани Ясо, эч качан, эч жерде, эч кандай шартта адамдарга, жанжаныбарларга каршы колдонбойм.