Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Чүкөдөй топурак миллиарддаган жылдардан соң планетага айланат да, анын бетиндеги химиялык заттардын иштөөсүнүн негизинде Нуклеус б.а. кычкыл ным чөйрөсү пайда болуп, андан тирүүлүк кайрадан жаралмакчы. Ошол кайра жаралып аткан миң-сандаган тирүүлүктүн түрлөрүнүн ичинде адамдын жаралуу ыкмасы, же болбосо тажрыйбасы оттуку сыяктуу эле туруктуу жашап жүрбөйбү.

Демек планета бетинде кайрадан от тутанат, кайрадан миң сандаган жандыктар, анын ичинде адам жаралат, кайрадан лотос жаркырап гүлүн ачат!

Ал эми жердеги адамдардын өзүнүн жеке эволюциясы кандай? Адам тажрыйба топтоого, аны илимге айлантып, билим алууга, топтолгон тажрыйбасын алдыга өнүктүрүүгө жөндөмдүү болгондуктан улам жаңы жаралуудагы адамдар мурункулардан артык болуп жүрүп олтурат. Демек азыркы, 21 кылымдагы биз, жер планетасындагы адамдар, өзүбүздүн денедеги ДНКбыздын молекулалары аркалуу мурдагы сансыз жаралыштардын тажрыйбасын кошо алып жүргөн мураскорбуз. Ал мурастар денебиздеги 33000 геномдо жана мээбизде архив сыяктуу сакталуу. Учурдагы илимпоздор ал геномдордун эшигин жаңы гана ача баштады. Бир адам бүт өмүрүн жашап өткүчө мээсиндеги нейрондордун ондон бирин сарп кылууга үлгүрөт, Калганы мурункулардан калган чоң запас.

Бир кезде ошол запастан пайдаланган неандерталец адамы акырындап өнүгүп отуруп азыркы кроманьен рассасына өсүп жеткен. Азыр 21 кылымдан нары карата кроманьен адамы жер үстүндө тиешелүү убакка дейре жашоосун улантуу үчүн мындан жогорку баскычка көтөрүлүп, супер адамга айлануусу зарыл. Анүчүн өзүнүн ДНКсындагы мурда эле топтолгон экстрасенсордук мүмкүнчүлүктөрүн, б.а. көзү ачыктык, телепаттык, левитациялык касиеттерин ачыш керек.

Антпесек башка планеталарда жашаган «акыл-эстүүлөрдөн» артта калуудабыз. Алардын айрымдары бизди өнүгүү жагынан көп кылымдар артка таштаган жана тарелка порумдуу жылдыздар аралык кораблдери менен учуп келип бизге байкоо жүргүзүп турушат. Айрым учурларда жер бетинде жазыксыз адамдар кыйроого, өлүмгө учурай турган болгондо аларды топ-тобу менен асманга алып кетип куткарышат. Буга жер үстүндө болуп өткөн көп фактылар күбө. Ошол адамдардын тагдыры жөнүндө кийинки дилбаянымда мен сөзсүз жазам.

Мани Ясо

 

Ооз эки жана жазуу экзамендери толук бүткөндөн кийин траппалар өзүлөрү отурган кабиналарын толук тазалап, жыйнап чыгышты да, үч күнгө өрүү алышты.

Өрүү убагында алар дзю-до күрөшүнүн үч түрүнөн сынак беришмек.

Дене тарбия сабактары Мани Ясо үчүн өзгөчө режимде жүргүзүлө турган.

Анын себеби өспүрүмдүн көп убактысы дзю-дого эмес, левитация көнүгүүлөрүнө кеткендигинде болчу. Мына ушул сапаркы сынакта ал денесинин салмагын максималдуу азайтып, биринчи жолу жерден абага көтөрүлүү усулун көрсөтмөк.

-Сиз ушул үч күндүктө левитацияны коё туруп, жөнөкөй эле дзю-додон сынак бере берсеңиз. Анткени левитациядан берүүчү сынагыңыз өтө оор, – деди Лама Цу өспүрүмгө.

Ошону менен Мани Ясо үч күн бою күч-кубатын көп кетирбестен өзү канык болгон дзю-додон сынак берип, эс алып калды. Эс алыш пайдалуу болгон экен, анткени үч күндөн кийин ламалар баягы эле сабактар боюнча кайрадан траппаларды тердетип, кургатып сынак алышты. Болгону бул сапар оозеки суроолорго бетме-бет отуруп оозеки жооп бериш керек эле. Бул сынактын учурунда да калган акыркы жети баладан үчөө өтпөй кулады.

Сынактардын жыйынтыгын чыгарган эң акыркы күнү болсо лама наамына татыктуу деп эки гана траппага макулдук берилди. Ал экөөнүн биринчиси Тибет мамлекетинин башчыларынын биринин баласы Лапсанг эле. Экинчиси Мани Ясо.

Өтө таланттуу бала Лапсанг өз ата-энесинен кол үзүп, илимге биротоло башын сайган Жахан храмындагы атактуу окуучулардын бири болчу.

Лама наамына берилүүчү сынакты ийгиликтүү аяктаганы менен Мани Ясого ал наамды азырынча бербей турушту. Арадан үч ай өткөн соң Лама Цу өспүрүмгө Мындай деди:

-Эмдиги жуманын башында үчүнчү көзүңдү ачууга биз дилгирбиз. Сиз өзүңүз ушуга даярсызбы?

- Кандай айтсаңыз ошондой ишке дайыма даярмын, ата.

- Биз бардыгын эсептеп чыктык. Эмдиги жуманын экинчи күнү сиздин туулган күнүңүз. Ошол күн эң ылайыктуу болуп турат. Бирок көп нерсени сизге эскертип коюшум керек. Эволюциянын процессинде өнүкпөй токтоп калган үчүнчү көз бардык адамдарда бар. Ошон үчүн дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгү чекедеги үчүнчү көздү легендаларында айтып, сүрөттөрүндө, беткаптарында, айкелдеринде тартып көрсөтүп жүрүшпөйбү. Анын негизги органы эпифиз бези мээнин чоң жарым шарынын алдында орношкон. Космостон келчү электромагниттик эмес нурларды кабыл алган ошол без аркалуу үчүнчү көзүбүз менен биз тээ заманда космостук алыс мейкиндиктен баштап, адамдын ички органдарына, материянын ички түзүлүшүнө дейре көрчүбүз. Динчилердин айтуусунда мындай касиет адамдарда эмес, кудайда гана болуш керек эле. Себеби ал касиети менен адамдар биринин жашырын эмне ойлоп турганын, экинчиси «көрүп» коёт да, каршылашып, кан төгүүлөр күчөйт. Ошол себептен кудайлар адамдардын үчүнчү көзүн жаап салышкан. Эпифиз бези өнүкпөй, бирок ордунда сакталып калгандыктан кээ бир адамдар үчүнчү көзү менен мурдагыдай даана болбосо да адамдардын аурасын көрө алат. Сизде, уулум, мындай касиет бар экен. Бу касиет өтө сейрек кездешет, уулум Мани Ясо.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.