Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Тибет илими мага берген өзгөчө касиеттерди, анын ичинде үчүнчү көзүмдүн ачылышын мен, Мани Ясо эч качан, эч жерде, эч кандай шартта адамдарга, жанжаныбарларга каршы колдонбойм.

Ламалар унчукпай бирин бири карап баш ийкешти. Андан соң Мани Ясонун маңдайына, эки каштын ортосунан өйдөрөөк бармак басым жумшак чемирчек сөөккө чөптөн кайнатылган компресс коюп, башын бинт менен таңышты да, чы гып кетишти.

- Ой жүгүртүүңүздү токтотуп, алты саат чалкаңыздан жатасыз, - деди чыгып баратып Лама Цу баланын колун бекем кысып.

Кеч бешимде төртөө тең кайра келишти.

- Жакшы, - деди Лама Цу Мани Ясонун башындагы бинтти чечип алып, маңдайын сыйпалап көрүп, абдан жумшаптыр. Эми эч кандай оорубайт.

Андан соң өспүрүмдү атайын креслого отургузуп, колдорун кыймылдагыс кылып кайыш илгичтер менен матап коюшту.

- Наркоздун кереги жок, - деди Лама Цу Мани Ясого эңкейип, сиз баардыгын сезип турушуңуз керек. Операциядан кийин эмне сезгениңизди толук айтып бересиз.

Ламалар коробкадан жалтылдаган бир топ аспаптарды алып чыгышты да, ишке киришти. Эң оболу Мани Ясонун чекесин атайын суюктук менен үч сыйра жууп, андан соң кебез менен кургата сүртүп, акыры бир лама креслонун аркасына өттү да, Ясонун башын саал чалкалата кармады.

– Көңүлүңүз тынчпы, уулум, - деди Лама Цу.

- Тынч.

Ошондон кийин ал жумшак ызылдаган аспаптын үнүн укту. Дрелге окшогон жалтырак көзөк өспүрүмдүн чекесине кадалып иштей баштады. Мани Ясого убакыт токтоп калгансыды. Электроаспап иштеп атат. Мынакей көзөк териден өттү.

Өспүрүмдүн чекеси оорубай эле эмнегедир бүт денесин ийне менен сайгылагансыйт. Аңгыча көзөк жумшак чемирчекти өтүп, сөөкө урунгансыды. Ошондо баланын бүткөн бою дүр дей түштү, бирок баары бир катуу ооруну сезген жок. Лама Цу баланын так маңдайына келип турган. Балким ал атайын ошентти. Себеби Мани Ясо анын жүзүнөн улам өзүнүн ахывалын түшүнүп атты. Лама Цу эриндерин бекем кымтып, ызылдап жаткан машинкадан көзүн албайт. Аңгыча тырс эткен жумшак үн угулуп ошол замат электроаспап үнүн токтотту. Көзөк баш сөөктү тешип өткөн болчу. Андан соң лама электроаспаптын ичиндеги түтүк аркалуу тешилген жерге алтындын буусуна сугарылган атайын тыгын орнотуп, аспабын баланын чекесинен албай кармап турду. Ошондо Мани Ясо бүткөн боюнда бир чоң өзгөрүү болгонун сезгендей, бети-башы сайгылашып, акыры мурдуна бир башкача, мурда искеп көрбөгөн жаңы жыттар келе баштады. Аздан кийин ал жыттар жоголуп, бала өз денесин жылаңач калгандай сезди. Ошол замат жылаңач денеси назик жибек чүпөрөккө оролгонсуйт. Дал ошол тушта анын сезимдери жарк эткен күчтүү жарыктан улам дүргүй түштү.

- Жетишет! – деди Лама Цу беркилерге колун көтөрүп. Ошондон кийин гана лама аспабын баланын чекесинен алды эле, Мани Ясо акырын онтолоп ийди. Ал биринчи жолу чекеси сыздап ооруганын сезген болчу. Андан кийин баланын денеси өрттөнүп-күйүп чыкты, тимеле жалынга жан чыдагыс. Ошол авалды түшүнгөн Лама Цу Мани Ясонун башын назик кучактап: «Чыдай тур, уулум, азыр баары ордуна келет» дегендей.

Аздан кийин дененин өртү сууп, баланын башын бинт менен ороп таңышты да, үч чоочун лама кабинеттен чыгып кетишти.

- Туура бир ай ушул бөлмөдөн чыкпашың керек, уулум. Операция ойдогудай өттү окшойт. Сага менден башка эч ким кирбейт, улуксат жок. Тамакты да өзүм апкелип турам. Буюрса экөөбүз кенен сүйлөшүүгө убакыт болот...

Туура бир апта бою Мани Ясо терезелерине кара чүпөрөк тартылган капкараңгы бөлмөдө жатты. Сегизинчи күн дегенде жарыкты аз-аздан бере башташты.

Он жети күндөн соң бөлмө кадимкидей жарык болуп, баягы үч лама келди да, Мани Ясонун ахвалын көпкө депре текшерип отурушуп, акыры чекесиндеги алтын тыгынды алууга киришишти.

- Чочубаңыз, — деди жанында турган Лама Цу өспүрүмдүн колун жумшак кармалап, – азыр үчүнчү көзүңүз көрө баштайт. Кандай жана эмнени көрүп атканыңызды мага айтсаңыз, мен сизге бардыгын түшүндүрүп турам.

- Ата! - деди Мани Ясо башка эмне айтаарын билбей толкунданып. Ал кабинеттен чыга жөнөгөн үч ламаны таңыркап карап калган болчу.

- Булардын мээри көрүндүбү, сизге? - деди Лама Цу

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.