Казат Акматов: Архат
Он биринчи бөлүм
«Менден сулууну» дегенде Дей кирпик астынан тигинин бети-башын дааналап карап койду.
- Бара бериңиз. Мен азыр, жуунуп алып барам.
Ошентсе тигил аял кежирленген жок, көкүрөгүн кымтынды да дароо кетип калды. Дей ошого ичинен ыраазы боло түштү...
Бул түнү кайырчылардын жатагында уйку болгон жок. Чуру-чуу түн ортосу на жакын башталды. Баардыгы тең жаңы эле уйкуга кетишкен болчу. Ошо кезде сарайдын четине келип бир полицай ышкырып-ышкырып туруп мындай деди:
- Эртең базарга бириң да чыкпайсыңар. Чет өлкөлүк делегация келип атат. Жолобо гула! Көзгө көрүнчү болсоңор таарынбагыла! Үч күн эч жакка чыкпайсыңар! Ошентип койду да караңгыда бетин көрсөтпөгөн полицай кетип калды.
Таро Дамема же катуу уктап кеткенби, же ачууга туттунуп калганбы, белгисиз. Айтор ал дароо эмес, полицай кетип калгандан кийин ана айкырып чыкпадыбы:
- Жанагы акмак Церендин жасаганы! Мен эми аны анык бакини кылам! Оаээ, полицай! Токто, бери бас! Таро Дамеманын кыйкырыгы шаарды бүт жаңырткан сыяктанды, бирок эч кандай полицай кайрылып келген жок.
- Чет өлкөдөн келгендер эмне, кайырчы көрбөй жүрүптүрбү?!
- Калп шылтоо! Полицай Церен бизди тимеле жек көрөт.
- Дамема-апа тапканынан ага беришпей атпайбы, - деди ошондо караңгыда кимдир бирөөнүн киркиреген үнү чыгып.
- Ким ушуну айткан?! - деп Дамема дароо башын көтөрө калды. Эчким үн деген жок. Дамема дагы бир жолу сурады эле кайрадан үн чыкпады. Ошондо Дамема таягы менен темир калакты бир чапты да мындай деди:
- Ушуну ким айтса эртең тапканын Церенге алпарып берсин, Церен аны алсын. Андан кийин мен сүйлөшөм полиция менен. Далай-ламага чейин жетем мен! Силер унутуп калдыңарбы, мен былтыр анын Улуу даражасы менен жолукканымды?! ыя?!
Таро Дамема бул суроосун даана кимге бергенин белгисиз болгондуктан кайырчылар унчукпай жата беришти. Түн ортосунан ооп, чыгыштагы жылдыздардын нуру биртике өчө баштаган.
- Эртең чыгабызбы эми, же чыкпайбызбы?! - деди ошо кезде бирөө үргүлөп бараткандардын уйкусун кайрадан бузуп
- Чыга беребиз!
- Полицайлар ар кимибизди ит сүйрөгөндөй сүйрөп салат!
- Сүйрөп эле көрсүн!
- Эмне кыла аласың сен? Полицай деген дөбөттөн жаман!
- А биз эмне, киши эмес бекенбиз?
- Киши эмеспиз. Кайырчыбыз.
- Эй, сен антпегин. Тибетте ар бир Лама адегенде кайырчы болгон. Ал түгүл ыйык Миларепа өзү дайыма кайыр сурап, анан сүкүттө отурчу.
- Туура, - деп койду караңгыда бир капталдан үнү чыккан Дей дагы ушул жерден сөзгө аралашып.
Акырында Таро Дамема өз өкүмүн кесе айтты:
- Баскыла жаагыңарды! Эртең полиция менен өзүм сүйлөшөм!
Таң эртеңде Таро Дамема башына жаңы жоолук салынды, чоң дөңгөлөктүү коляскасына эки колу менен так секирип отурду, Дейге түрттүрүп алды.
- Мен алар менен катуу салгылашам. Кокус эсим ооп жыгылсам мынабул дарыны дароо оозума салып жуткуруп жибер, - деди ал бир тоголок сары бүртүктү Дейдин алаканына салып берип.
Дей аны кайда катаарын билбейт. Чөнтөктөрүнүн бирине салса дароо эле дайынын таппай калчудай. Ошон үчүн бир алаканына дарыны жуумп алып коляс каны бир колдоп түртүп баратты. Базар полициясы турган имараттын крыльцосу кызыл менен боёлгон экен. Ошону көргөндө Таро Дамема алыстан эле коляскасынан учуп кечүдөй жулунуп, кыязы абдан катуу жаңжал салчудай.
- Дамема-апа, кокус бир нерсе болсоңуз мобул дарыны жута аласызбы?, - деди Дей жанатан бери өзүн сарсанаа кылып келаткан көйгөйүн айтып.
- Жута албайм! Сен оозумду кемээчтеп, зордоп эле жуткуруп ий. Антпесен өлүп кайра келбей калышым ыктымал. Түшүндүңбү?! Дей анча түшүнө алган жок, бирок мекемеге чукул келип калгындыктан «түшүндүм» деп жиберди шашып.
- Келе, бери! Чакыргыла башчыңарды! – деди Таро Дамема мекемеге жетээр менен кызыл крыльцону таягы менен карс эткизе бир салып. Крыльцодо эки полицай турган болчу. Бирөө дароо ары кирип кетти да, бирөө Дамемага тап берип кайрылды:
- Качан коёсуң ушундай адатынды, мастан?!
- Койбойм. Күчөтөм! Силер койбойсуңарбы? Мен да койбойм! Чакыр башчынды! Бир паста эле бою эшик төрдөй болгон капкара полицай чыга калды. Аны көргөндө Дейдин жүрөгү түшүп кетти эле, бирок эмнегедир полицай башчысы корко турган кишидей эмес экен. Тескерисинче, Таро Дамемадан ал жалтандаган сыяктуу