Казат Акматов: Архат
Он биринчи бөлүм
- Сага мен түшүндүрөйүн Дамема, - деп полицай башы эңкейгиче эле Таро Дамема чаңырып, кыйкырып айгайды салып кирди.
- Мен деген кайырчымын. Кудайдын кишисин эмне мынча кордойсуңар! Азыр ушуерде өлүп берем! Үч күн иштебейт деген эмне? Кырылып калалыбы?! Силер жашагыла, а кайырчылар кырылып калсын!
- Дамема-апа....
- Жо биз кырылып калалы, а силер чардагыла! Полицайлар, көпөстөр, байлар, паракорлор, уурулар, кесептер, шылуундар жашагыла, а биз, күнөөсүз кембагалдар, томояктар, момундар, будда жолунда таза бараткан кайырчылар ачкадан өлөлү!
- Дамема дейм! Сөздү укпайсыңбы! Далай-лама өзү келет базарга. Өтө сыйлуу делегация апкелип базарды көрсөтөт экен. Сен түшүнөсүң да.
Далай-ламанын атын укканда буркандап аткан Дамема тып басыла калды:
- Далай-лама келет бекен? - деди ал көзүн бакырайтып.
- Бирок аны сен уккан жоксун! Бир күн базарга чыкпай коё тургун, суранам. Таро Дамема ойлоно калды да мындай деди.
- Болуптур, менин кишилерим чыкпасын, өзүм жалгыз чыгайын, улуксат бер. Макулсунбу?
Полицай башчысы жооп бере албай такалып калды. Аңгычакты нарыдан бирөө аны телефонго чакырып кетти эле Таро Дамема эңкейтип алып Дейдин кулагына шыбырады:
-Көрдүңбү жалпактап атат. Болбосо бул эшектей айкырган неме. Дей тез-тез башын ийкеп жиберди, анткени полицай башчы кайра келип калган. Ал ойлонуп келген көрүнөт:
- Болуптур. Жалгыз чык. Бирок биз айткан жерде олтурасың!
-Мен Далай-лама менен жолуккудай болоюн
- Келжиребе, Дамема!
-Бир эле сөз айтам Далай-ламага. Бир эле!
- Анда эмесе таптакыр жакын жолотпойм! Алып кет! Полицай башы Дейге кыйкырды эле тигинин жүрөгү оозунан ыргып кете таштады.
- Түш көрдүм Далай-лама жөнүндө. Ошону...
- Алып кет! - деп полицай Дейге кайрадан кыйкырды эле Таро Дамема дароо жүрөгүн кармай калып, көзүн аңтарылта чалкасынан кетти. Коляскасынан ооп, жерге башы менен урулаарда Дей кармай калганга үлгүрдү. Уучунда баягы бир тоголок дарысы бар эле. Бирок аны кантип аялдын оозуна салаарды билбейт. Дамеманын жаактары карышып, атүгүл ууртунан көбүк чыга түшкөндөй.
- Баштады баягы долусун, - деди карап турган полицайлардын бири. Ал кезде булардын башчысы кайрадан бөлмөсүнө кирип кеткен болчу. Ошол жактан туруп ал беркилерге мындай деп кыйкырды:
- Бул мастандан кутулбайсың Сүйрөп барып бир далдага отургузгула. Далай Ламаны алыстан көрсө көрсүн, бирок делегациянын бирөө муну көрбөсүн! Алып кеткиле! Канча кылса да Дамеманы жакшы жерге отургузушту. Базардын негизги кире беришинен көп алыс эмес, тактай курчоонун нары жагына, күн тийген жылуу бурчка жайланышкандан кийин гана, Таро Дамема жүрөгүн укалап, үшкүрүп өзүнө келгенсиди.
- Сен эмне дарыны оозума салбадың? - деди аял полицайлар алыстап кеткенден кийин Дейге. Дары болсо баягы бойдон эле Дейдин алаканында болчу.
- Кандай салаарымды билбей койдум, – деди ал уучун Дамемага көрсөтүп.
- Моментип эле жаагымды карыштыра кармагын да, оозума салып ий, анан ары карай өзү эле кетет, - деп Дамема өзүн жаактан кармап Дейге үйрөттү эле, жигит мышмыйып күлүп тим турду.
- Антпесең чындап эле жүрөгүм токтоп калсачы? Мен бул ооруну өзүм жасайм го, бирок жүрөгүмдү кайра соктура албай калсам силердин күнүңөр эмне болот? Мен ошону ойлоп корком. Дей үрпөйүп чочуп калды. Чын эле бул апа мертинип кетсе тетигинче кайырчынын күнү эмне болот? Полицайлар ар-бирин бирден сүйрөп эмеле жок кылбайбы. Дейдин ушинтип ойлоно түшкөнүн көрүп Дамема ичинен ыраазы болгонсуду.
Таңертенден баштап базардын булуң-бурчун бүт калтырбай жууп-тазалашып, соодагерлердин үстү-башын оңдоп-түзөп, даярдык аябай көрүлдү окшойт. А саат ондор чамысында айланага полицайлар толуп кетти. Баардыгы тең тапанчалуу, чыкчырыла кийинген. Ондон-бештен болушуп ар ким өз-өз ордун ээлеп, а негизи кире бериште болсо эки жең болуп тизиле башташты. Таро Дамема отурган бурч да эми тизилген полицайлардын аркасында калды. Эки тактайдын ортосундагы жылчыктан Дамема баарын көрүп отурат эле эми болсо күрөң формачандардын белкөчүгүн гана карап отуруп калды. Бою узун Дейдин болсо жөнү башка...