Казат Акматов: Архат

Он биринчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

Аңгычакты полицайлар каптал-капталга жыйыла баштаган элди артка сүрүп, ортодогу өтмөктү кеңейте башташты. Кыязы келчүлөр жакындап калгандай.

 Дал ошондой экен. Дагы бир топтон кийин ортодогу аянтчанын кире беришинде Далай-Лама баш болгон жоонтоп расмий кийимчен адамдар пайда болду. Баардыгы тең жайдары жылмайышып, капталдагы адамдар менен баш ийкеп учурашышып, эч токтолбостон базардын оозун көздөй жакындап келатышты. Ошол жылмая-күлгөндөрдүн ичинде бир күлбөй түз басып, Далай-Ламанын артында келаткан акжуумал, узун бойлуу жаш жигит бар эле. Дейдин көзү эмнегедир ошого биринчи урунду да капыстан жүрөгү туйлап кетти.

Мани Ясо! Ошолбу, ошол эмеспи? Ошол! Мани Ясо! Ойээ, керилген кандай жигит болгон! Өң десен өң бой десен бой. Тике жакалуу саргыч кител-шымы тулкуна куюп койгондой. Дайыма монах чапанчан жүргөн Мани Ясонун мына мындай кийингенин Дей биринчи көрүп турат. Потала ордосарайына адеп келгенде мойну чилдей болгон өспүрүм эле, эми кара! Тимеле адамдын сугу түшкүдөй жигит болуптур! Чачынын капкара тармалы күнгө чагылышып жалтылдайт.

Далай-Лама эки мерте артына кылчая, Мани Ясого бирдемелерди шыбырай салып атты. Бери жакты караса Дейди көрөөр беле? Көрсө тааныр бекен? Кантип тааныбасын. Биртууган агасындай эмес беле. Канча жыл коюн-колтук алышып жашашты? Экөө тимеле жатындаштай, Лама Цу болсо кадим атасындай болчу экөөнүн. Турмуш дегендин караниеттигин кара, мына минтип көз ачып жумганча үчөө үч жерде калды: Бири көрдө...

Делегация жылып отуруп мына-мына базардын ичине кирип баратат. Шаштысы кеткен Дей ошондо Лама Цунун каттарын эстей калды: «Мани Ясо!», – деди анын сезимдери бирбашкача үнсүз чаңырып, Мани Ясо! Лама Цунун сага жазган каттары бар! Ала кет ошол каттарды, Мани Ясо! Ала кет дейм! Лама Цу атаң бу дүйнөдөн кетип калган!»

Тээ монастырга окууга киргенден баштап Дей дагы башкаларчылап нечен жолу сүкүткө отуруп, ойлорун аралыкка берүүнү үйрөнмөкчү болгон. Бирок, чын жери андан майнап чыкпады. Жараткан ага андай касиетти бербептир. Мына азыр дагы оюндагысын канча чаңырса да беш кадам жанынан өткөн Мани Ясого жет кире албай арманда күйүп кетти. Байкуш Дей! Көз жашын эки алаканы менен сүрткөндөн башка айласы калган жок - Мани Ясо кылчайбастан өтүп кетти.

– Көчүгүңдү мындай кылчы ай! - деп ошол тушта Таро Дамема алдында турган полицайды таягы менен жамбашка сайып калды эле полицай былк этип койгон жок.

- Бакырып ийеимби! - деди ошондо ачуусуна чыдабай кеткен Дамема Дейди карап.

- Мобул көчүктөрдүн айынан Далай-Ламаны көрбөй да калдым!

- Кой бакырбаңыз! Болбойт! Жүрөгү түшкөн Дей, эпадам бир нерсе болсо Дамема-апасынын оозун баса калганга даяр турду....

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.