Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

 

***

 

 - Урматтуу Лама Ясо, - деди бул сапар да Далай-лама жигиттин жанына жакындаганда мулуңдап ичинен күлүп. Мани Ясо дароо түшүндү – калган беш адамдын дагы бирөө зыянга учураган! Кайсы шордуу болду экен?!

- Кабатыр болуунун кереги жок. Уй провинциясынын Панчени өзүнүн полиция департаментинин башчысын хрусталь ваза менен башка уруптур. Түндө мага телефон урушту, камака алууга улуксаат бериңиз деп. Мани Ясонун кабагы түйүлө түштү. Ошону байкай койгон Далай-лама эки алаканын жайды:

- А кантип мен улуксат бербей коё алам. Айыпсыз бирөөнүн башы жарылып атса?! Уят, албетте. Борбордук провинциябыздын жетекчиси ошентип өз полицайы менен мушташып жүргөнү биринчи кезекте мен үчүн уят. Тибетти чет өлкөлөрдүн бардыгы карап турат.

- Эми төртөө калды, - деди Мани Ясо аркасын салып турган Далай-ламага карап.

- Сиз антип санабай эле коюңуз, урматтуу Миларепа. Ашыкбаш күнөөнү мойнунузга ала бербеңиз. Биздин эч тиешебиз жок.

- «Күнөөнү» дедиңиз, урматтуу Далай-лама. Менин кара сыйкырым күнөөбү же күнөө эмеспи. Ошону түшүнө албай жатам. Мынакей, үчүнчү адам зыянга учурады...

 Далай-лама жигитти «мынча эмне сүйлөөк» болуп кеткен дегенсип жактырбай бир карап алды да кайрадан кырын салды.

 - Эгер сиз ак адамдарды сыйкырласаңыз анда күнөөлүү болмоксуз.

 «Улуу таксыр мени таптакыр тике карабайт» деди Мани Ясо ошол ирмемде мурда нечен ирет оюна келген нерсени эстеп, «Караса болот эле».

- Бул биринчиден, - деп Далай-лама сөзүн улады. Экинчиден сизди болуп өткөн өлүмдөргө тиешелүү деген факт барбы? Жок да! Дегеле сиздин кара сыйкырыңыздын таасири бар экенине күмөнмүн, таксыр Мани Ясо. Ошон үчүн бул иштерди өзүңүзгө ала бербеңиз.

«Ушундайбы?» деди Мани Ясо чындап эле таңыркап. «Чындап эле менин тиешем жокпу? Андай болсо кайра жакшы болоор эле...» Мани Ясонун көкүрөгүндө азырынча өзүнө да түкшөмөл бир сыр пайда боло баштаган. Анысын текшерип көрмөккө Далай-ламаны көзү менен бир сапар жакшылап карап көрмөк болгон. Эмне деген сыр жатат бул өкүмдардын ичинде? Эмне үчүн ал өзүнө карата Мани Ясонун үчүнчү көзүн таптакыр ачтырбайт. Тыйуу салат. Эмне үчүн андан дайыма жүзүн ала качат? Акырында эмне үчүн кара сыйкырга туш болгон, Эгосу күчөтүлгөн, түздөн-түз ошонун айынан өлүмгө учурап аткан адамдардан баш тартат? Ал түгүл Мани Ясонун өзүн таңгын деп зордойт. Ушул бүдөмүктөрдүн баарысы биригип келип Мани Ясонун көкүрөгүндө суроо пайда кылууда. Мамлекет менен элдин башында турган Далай-лама дегеле өзү чынчыл адамбы? Анын жеке курмандыгы болуп аткан шордуулар чынында эле Тибеттин душмандарыбы?

Ушуну Мани Ясо өкүмдарынын көздөрүн бир эле сапар түзмө-түз карап алса таап коймок. Бирок Далай-лама жигитке андай мүмкүнчүлүк бере турган эмес. Өтө чебер, өтө кыйды, таптакыр Мани Ясодон жүзүн ала качууну унутпайт.

- Мынакей, - деди бир күнү ал кайрадан эки алаканын эки жакка жайып күлмүндөп.

- Поталанын Иш Башкаруучусу, менин оң колум болуп эсептелген Лама Дондуп өзүнөн-өзү эле акылдан адаша баштады. Иш боюча келген кызматкерлерди таптакыр кабыл албай атыптыр. Канчалык шашылыш болсо да. Атүгүл менин буйругум менен жиберилген бийик даражалуу ламаларды кабыл албайт экен. Муну эмне дешке болот? Мамлекеттик иштерди үзгүлтүккө учуратып атпайбы!

- Эмне себеп менен кабыл албайт экен, улуу таксыр?

- Себебин билгим да, уккум да келбейт. Далай-Ламанын буйругун аткарбай атса, анан мен анын себебин сурап отурушум керекпи?

- Ал шордуу менин төртүнчү курмандыгым, улуу таксыр.

- Ха-ха! Мен канча жолу айтам. Сиз мындайды өзүңүзгө албаңыз деп?!

- Антиш мүмкүн эмес, улуу таксыр! Мен өз колум менен жасаган иштен кантип баш тартам? Сиз өзүңүздүн баркыңызды өтө эле бийик көтөрүп атасыз, Ясо. Чынын айтсам зыянга учурагандардын бирине да сиз кара сыйкыр бере алган эмессиз. Мен баардыгын тыкыр иликтеп карап турам го!

- Түшүнбөдүм, улуу таксыр! Мен кандайча баркымды көтөрүп атам? Кара сыйкыр берүүнү мен эч качан барк деп эсептебейм. Ал барк эмне кылымыш! Эгер сиз айткан жети адамдын бирине да кара сыйкыр бербеген болсом анда мен кубанам!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.