Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Мани Ясо болсо башын көтөргөн бойдон кирпиктерин ылдый түшүрүп үнсүз отурду. Чекеси атайылап кызыл жибек тасма менен таңылуу эле.

- Кана эмесе, урматтуу Лама Цу, сөздү эмнеден баштайбыз, - деди Далайлама көптөн кийин эсине келгендей Цуга кайрылып.

- Эрк сизде, улуу урматтуу таксыр.

- Албетте, биз үчүн өтө таңкалычтуу, эмне үчүн биздин Миларепа Тибетте эмес, бөтөн өлкөдө кайра жаралды?

Ушуну укканда Лама Цунун эрксизден башы шылк дей түштү. Өзүнүн бир кездеги окуучусу, Далай-ламанын кээ-кедээ орунсуз сүйлөп коймою бар эле, бирок ушул азыр мынчалык олдоксон суроо берет деп күткөн эмес. Шаштысы кете түшкөн ал, колун оозуна кармай калып, жөтөлүп-жөтөлүп жиберди.

Далай-лама устатынын бул белгисин сезип тартына түштү, бирок сөзүн улантууга аргасыз эле.

Ошондуктан:

- Жеке мен өзүм өтө дыкат текшерем, урматтуу Лама Цунун сиз жөнүндө айткандары чындыкпы же жокпу? - деди Мани Ясону карап жылмайып, Лама Цуга Далай-ламанын бул сөзү да жаккан жок. Бирок ал мунусун терең жашырды. Антпегенде, зор мамлекет таңуулаган шарттардын негизинде убактылуу бийликке келген, саал ашкере дымактуу өкүмдардын кычыгына тийип алмак, «Өзүм күнөөлүмүн» деди Лама Цу оюн терең жашырып, мунун «Мен» деген ашыкча сезимин бая окуучу кезинде биротоло жоготтурбай койгом. Мындай «Эго» ал түгүл Мани Ясодо да анча мынча бар. Жакын арада аны сөзсүз жоюу керек.

Антпегенде, мына көрдүңбү «Мен» дин адамга зыяны кандай? Өзгөчө бийлик башындагы адам канындагы каргыш тийген «Эго» дон айрылбаса эч убакта адилеттүү башкаруучу боло албас.....

- Сиз буга кандай дейсиз, урматтуу Лама Цу? - деди ошол кезде Далай-лама ага капыстан кайрылып. Ойлуу отурган Лама Цу анын эмелеки айткан сөзүн кулагынын сыртынан кетирип койгон болчу. Ошон үчүн Далай-ламага жооп бере албай такалып калды да, аздан кийин чынын айтты.

- Эмне айтканыңызды укпай калыпмын, улуу урматтуу таксыр.

- Ха-ха-ха, -деп Далай-лама санын чапты – кулагыңыз катуулаган экен ээ? Мен айтып жатам, Мани Ясо бир жумага менин жанымда болуп текшерүүдөн өтсүн. Бир жумадан кийин мен өтө жооптуу делегация кабыл алам. Эгер сыноодон так өтсө, Мани Ясо дал ошол кабыл алууга катышат. Эгер көзү ачылганы чын болсо Тибеттин пайдасына иштей баштасын. Сиз буга кандай дейсиз деп атам, урматтуу Лама Цу?

Лама Цу Ясону бир карап алды да, тунжурап отуруп калды. Жок деп айтышка болбойт эле. Анткени, мамлекеттик тартип ошондой. Анын үстүнө Далай-лама маселени Тибеттин таламына такап атпайбы. Далай-ламада андан бийик кызыкчылык болбогон соң, жана болбой да тургандыктан, айла жок бул жолку талабын аткарышка туура келет. Ошон үчүн Лама Цу мындай деди:

- Өзүңүз өтө жакшы билесиз, улуу урматтуу таксыр. Бизде окуу тартиби катаал. Мани Ясонун бир жумага эле үзгүлтүккө учурашы орду толгус өксу. Бирок сиздин айтканыңыз эки болууга тийиш эмес, улуу урматтуу таксыр. Өзүңүз чечиңиз.

- Хе-хе, Сиз эч качан адамдын жүгүн жеңилдете турган жоопту бербейсиз.

Мен аны жакшы билем. Бирок, ушунуңузга да рахмат. Бул жигит бир жума Поталада калсын! Менин чечимим ушундай!

 

***

 

- Сиз эми бул жерде каласыз, уулум. Бир жума бою сизди сынайм деп атпайбы Далай-лама. Көбүнесе ыйык Миларепа жагын иликтейт болуш керек. Мен андан камсанабайм го. Бирок өтө кылдат болуңуз, уулум, - деди Далай-Ламадан чыккандан кийин Лама Цу өспүрүмгө.

- Мен сизди Жохан храмына жеткирип коюп кайра келсем болбойбу, ата?

- Жок. Антүүнүн кереги жок. Жансакчың Барласты мен ала кетем. Анын да буерде кереги жок экен.

 

***

 

Мани Ясонун Ордосарайдагы күндөрү Лама Цу эскерткендей болбой, таптакыр башкача нукка кетти. Өспүрүмдүн чын жери аны менен иши деле болгон жок.

Далай-Лама эмнени айтса унчукпай аткара берди. Милдетим ошол экен деп түшүндү. Анын үстүнө атын алыстан уккан улуу даражалуу Далай-Ламанын өзүнө Моминтип түздөн-түз кызмат кылуу сезими жаш өспүрүмдүн дилинде биринчи жолу козголуп, ошол азгырык сезим аны жаңы эле сыймыктантып турган. Ошол сыймыктануу сезими анын ичинде катылган «менин» билгизбей козгоп, атүгүл бу күндөрү устаты Лама Цуну унуткарып да турду. Жаткан жери жайлуу, тамакты болсо мьмыктылалап берет. Өмүрүндө көрбөгөн жер жемиштер, дүр-дүйүм даамдар, атүгүл куурулган жангактан өйдө дасторкондо дайыма турат.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.